Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-октябры № 533
"Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- "Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндө
1-берене.
Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдары Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгарылсын.
2-берене.
Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдары Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүлүп берилсин.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагынын жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын чек аралары схемалык картага ылайык бекитилсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
Ноокен районунун Достук айылдык округунун Теңдик участкасынын чек араларынын ПЛАНЫ
"Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдарын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдары Таш-Көмүр шаарынын Теңдик аймактык башкармалыгы болуп уюштурулган, анын жалпы аянты 2025 гектарды түзөт жана 551 кожолук, же болбосо 3715 адам жашайт.
Теңдик аймактык башкармалыгы 1984-жылга чейин Ноокен районунун карамагында турган, кийин жаңы курулуп жаткан жарым өткөргүч материалдар заводунун жумушчуларын жашылча, жер-жемиштер менен камсыздоо максатында Таш-Көмүр шаарына өткөрүлгөн. Бирок заводдун курулушу токтоп калган соң 1992-жылы жашоочулардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде кайрадан Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнө берилген. Андан кийин 1999-жылы экинчи ирет Таш-Көмүр шаарына кошулуп калган.
Теңдик аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын негизги бөлүгү дыйканчылык менен алектенет. Жерлерди сугаруу насостук станциялар менен ишке ашырылып, аларды Ноокен райондук суу тармактар башкармалыгы тейлейт. Ушуга байланыштуу бүгүнкү күндө аймакта жашаган элдин дыйканчылык иштеринде бир топ кыйынчылыктар пайда болууда. Суунун жетишсиздигинен улам 200 га жер айдалбай калууда, көптөгөн дың жерлер өздөштүрүлбөй жатат.
Маселе оң жагына чечилген учурда биринчиден, сугат жерлерди сугарууну камсыздаган насостук станциялар Ноокен райондук суу тармактар башкармалыгынын балансына өтүп, айдоо аянттары кеминде 300 га көбөйөт. Бул болсо аталган аймактын социалдык-экономикалык абалын чыңдайт. Экинчиден, аймактын экономикасынын өнүгүшүнүн себебинен жумушсуздук жана миграция кыскармакчы. Үчүнчүдөн, аймакта жашаган жарандардын тарыхый аймактык тиешелүүлүк боюнча кызыкчылыгы ишке ашырылат.
Ошондуктан аймактын жашоочулары Теңдик аймактык башкармалыгын Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү маселеси боюнча бир нече жолу айылдык кеңешке, райондук мамлекеттик администрацияга, кийинчерээк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратына кайрылышкан.
Аймактын тургундарынын жыйналышында кабыл алынган чечимдин негизинде Таш-Көмүр шаардык кеңеши 2015-жылдын 12-мартындагы кезектеги 26-сессиясында Теңдик аймактык башкармалыгын Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндө № 10 токтомун кабыл алган.
Ушуга байланыштуу Ноокен районунун Достук айылдык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын 2015-жылдын 19-мартындагы № 1 токтому менен жогоруда көрсөтүлгөн Теңдик аймактык башкармалыгын өткөрүп алууга макулдук берилген.
2015-жылдын 18-апрелинде Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын Теңдик аймактык башкармалыгын Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп алуу жөнүндө № 01-12/33-б токтому кабыл алынган. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 19-майындагы № 43 токтому менен Теңдик аймактык башкармалыгын Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү маселеси жактырылган.
Кыргыз Республикасынын "Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдарын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндө" Мыйзамынын долбоору 2016-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтында жайгаштырылган, сунуштар жана сын-пикирлер түшкөн жок.
Бул маселе 2016-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиясында каралып, жактырылган.
Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына каршы келбейт.
Бул долбоорго регулятивдик таасир анализин жүргүзүү талап кылынбайт.
Аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу эч кандай экологиялык, гендердик, социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, коррупциялык кесепеттерди алып келбейт жана республикалык бюджеттен финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору |
| Дж. Эгамбердиева |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-октябрындагы № 533 токтому менен жактырылган |
"Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Администрациялык аймактык таандыгы боюнча Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдары (Теңдик аймактык башкармалыгы) Таш-Көмүр шаарына карайт, анын жалпы аянты 2025 гектарды түзөт жана андагы 551 кожолукта 3715 адам жашайт.
Теңдик айылында төмөнкүлөр бар:
1. 38 мугалим иштеген 1 орто мектеп.
2. 4 киши иштеген ФАП.
3. Бала бакча (убактылуу иштебейт).
4. 3 тегирмен, уч киши иштейт.
5. Май куюучу станция, 4 киши иштейт.
6. 7 дүкөн, он киши иштейт.
Айылдын аянты 306 га, 359 кожолук бар.
Кудук-Сай айылында төмөнкүлөр бар:
1. Башталгыч мектеп, 7 мугалим иштейт.
2. Дүкөн, 1 киши иштейт.
3. Тегирмен, 1 киши иштейт.
Айылдын аянты 196 га, 156 кожолук бар.
Кашкулак-Сай, Чүйүт-Сай, Кызыл-Алма айылдарында ишканалар жана социалдык объекттер жок.
Кашкулак-Сай айылынын аянты 69 га, 57 кожолук бар.
Чүйүт-Сай айылынын аянты 98 га, 75 кожолук бар.
Кызыл-Алма айылынын аянты 183 га, 112 кожолук бар.
Калктын негизги бөлүгү дыйканчылык менен алектенет, Сугат жерлер насостук станциялар менен сугарылып, аларды Ноокен райондук суу чарба башкармалыгы тейлейт. Ушуларга байланыштуу, тургундардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде Теңдик аймактык башкармалыгын Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү маселеси жаралган.
Теңдик аймактык башкармалыгы 1984-жылга чейин Ноокен районунун карамагында турган. Кийин жаңы курулуп жаткан жарым өткөргүч материалдар заводунун жумушчуларын жашылча, жер-жемиштер менен камсыздоо максатында Таш-Көмүр шаарына өткөрүлгөн. Бирок заводдун курулушу токтоп калган соң, 1992-жылы жашоочулардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде кайрадан Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берилген. Андан кийин 1999-жылы кайрадан Таш-Көмүр шаарына кошулуп калган. Ошого байланыштуу азыркы мезгилде сугат суунун жетишсиздигинен элдин дыйканчылык иштеринде бир топ кыйынчылыктар пайда болууда. 200 гектардан ашуун жер пайдаланылбай калууда, дагы бир топ жерлер өздөштүрүлбөгөн бойдон турат. Маселенин оң жагына чечилиши сугат суу жана жайыт маселесин чечет. Бул болсо аталган аймактын социалдык-экономикалык абалынын чыңдалышына, ошондой эле жумушсуздуктун жана миграциянын кыскарышына өбөлгө түзмөкчү.
Теңдик аймактык башкармалыгын Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү маселеси "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жободо каралган эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссиянын 2016-жылдын 16-майындагы № 11-13 чечими менен жактырылган.
Таш-Көмүр шаарынын Теңдик аймактык башкармалыгынын чек араларынын БАЯНДАМАСЫ
Негизги участоктун чек арасынын баяндамасынын башталышы Ноокен районунун мамлекеттик запастагы жеринин кесилишиндеги № 1 чекиттен башталат. Ушул чекиттеги чек ара сызыгы Ноокен районунун мамлекеттик запастагы жерлери менен чектешип, түштүк-чыгыш багыттары менен айылдын четиндеги латок аркылуу 350 м аралыкта № 2 чекитке келет.
№ 2 чекиттен чек ара ийри сызыгы аркылуу Кызыл-Алма-Курук-Сай арыгын кесип өтүп, чыгыш багыты менен 4120 м аралыкта өтүп, № 3 чекитке келет,
№ 3 чек ара сызыгы канал жол аркылуу чыгыш багыты боюнча барып, № 4 чекитке келет.
№ 4 чекиттен чек ара түз сызыгы канал менен 190 м түштүк-чыгыш № 5 чекитке келет.
№ 5 чекиттен чек ара сызыгы арык аркылуу чыгыш багытынан № 6 чекитке келет.
№ 6 чекиттен түз сызык аркылуу түштүк-чыгыш тараптан 880 м аралыктагы чекитке келет.
№ 7 чекиттен түз сызык аркылуу түштүк-чыгыш багытынан 1650 м аралыктагы № 8 чекитке келет.
№ 8 чекиттен түз сызык аркылуу түштүк-чыгыш багыттан 900 м аралыктагы чекитке келет.
№ 9 чекиттен түз сызык менен арыктын кесилишине токтоп, батыш багыты менен 1560 м аралыкта № 10 чекитке келет.
№ 10 чекиттен түз сызык аркылуу батыш багыты менен 840 м аралыктагы чекитке келет.
№ 11 чекиттен канал аркылуу ийри сызык аркылуу батыш багыты менен 1310 м аралыктагы № 12 чекитке келет.
№ 12 чекиттен канал аркылуу ийри сызык батыш багытты карай 1060 м аралыктагы № 13 чекитке келет.
№ 13 чекиттен ийри сызык канал аркылуу батыш багытты карай 340 м аралыктагы № 14 чекитке келет.
№ 14 чекиттен түз сызык аркылуу батыш багыты менен автожолду кесип өтүп, поезд жолуна 440 м аралыкта № 15 чекитке келет.
№ 15 чекиттен түз сызыгы менен батыш багытын карай 52 м аралыктагы поезд жолу аркылуу № 16 чекитке келет.
№ 16 чекиттен түз сызык менен батыш багыты боюнча жолдун кесилишинде 216 м аралыктагы № 17 чекитке келет.
№ 17 чекиттен түз сызык жол аркылуу Шамалды-Сай шаарынын жери менен чектелип түндүк-батыш багыты боюнча 112 м аралыктагы чекитке келет.
№ 18 чекиттен түз сызык аркылуу батыш багыты менен 156 м аралыктагы № 18/а чекитке келет. № 18/а чекиттен түз сызык менен түндүк-чыгыш багытка 320 м аралыктагы № 19 чекитке келет.
№ 19 чекиттен ийилме сызык менен түндүк-чыгыш багытта 160 м аралыктагы № 20 чекитке келет.
№ 20 чекиттен түз сызык батыш-багыты аркылуу 260 м аралыктагы № 21 чекитке келет.
№ 21 чекиттен түз арык аркылуу түндүк багыты 300 м Шамалды-Сай шаарынын жери менен 180 м аралыктагы № 22 чекитке келет.
№ 22 чекиттен ийилме сызык арык аркылуу Шамалды-Сай шаарынын жери менен 180 м аралыкта № 23 чекитке келет.
№ 23 чекиттен түз сызык суунун нугу менен түндүк-батыш багыты менен 110 м аралыктагы № 24 чекитке келет.
№ 24 чекиттен суунун агымына каршы сызыгы менен Аксы районуна чектешкен түндүк багыты 12030 м аралыктагы № 25 чекитке келет.
№ 25 чекиттен ийри сызык Кызыл-Алма-Курук-Сай жарым өткөргүч завод аркылуу түндүк-чыгыш багыты 1710 м аралыкта болуп, чек аранын жазылышы баштапкы № 1 чекитке келип кошулат.