Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401, 2016-жылдын 30-декабрындагы № 714, 2017-жылдын 31-июлундагы № 454 , 2018-жылдын 17-январындагы № 28 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин (мындан ары - Комитет) атайын эсебинин каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартибин аныктайт.
2. Комитет Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн ассигнованиелерден тышкары алган каражаттар атайын эсептин каражаттары болуп эсептелет. Атайын эсептин каражаттары максаттуу негизде гана чыгымдалат.
Аталган каражаттар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине киргизилет жана бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүндө өзүнчө тиркеме иретинде бөлүнүп белгиленет.
3. Комитеттин атайын эсеби:
- Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү;
- Комитеттин, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана ишканаларынын иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык шарттарды түзүү;
- Комитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлерин социалдык коргоону жана кепилдиктерин камсыз кылуу квалификациясын жогорулатуу максаттарында ачылат.
4. Комитеттин атайын эсеби Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылат.
5. Комитеттин төрагасы, ал эми ал жокто бюджеттик ассигнованиелерди тескөө укугу берилген төраганын орун басары же статс-катчы атайын эсептин каражаттарын тескөөчүлөр болуп эсептелишет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү жана толуктоо үчүн багытталган каражаттарды тескөө Комитеттин төраганын орун басары жетектеген, курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тармактык бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.М.Абдышев атындагы Геология институтунун өкүлдөрү катышкан, көпчүлүк добуш менен кабыл алынуучу комиссиянын чечиминин негизинде ишке ашырылат. Комиссиянын курамы Комитеттин буйругу менен бекитилет.
2. Атайын эсепти түзүү булактары
6. Атайын эсептин каражаттары:
- акыга кызмат көрсөтүүлөрдүн;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, жер казынасын пайдалануу укугуна карата өткөрүлүүчү аукциондордон жана конкурстардан алынган чегерилүүлөр жана жыйымдардын өлчөмдөрүнүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
7. Акча каражаттарынын түшүүсү накталай жана накталай эмес түрдө улуттук же чет өлкөлүк валютада жүзөгө ашырылат.
3. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жана эсебин алуу тартиби
8. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- Комитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлерине дарылануу жана башка максаттар үчүн бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- Комитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин ден соолукту чыңдоо мекемелерине жолдомолордун наркын жарым-жартылай компенсациялоого;
- Комитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлерин бир жолку сыйлоого;
- статс-катчынын сунушу боюнча Комитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөтүүгө;
- кызматтык максаттар үчүн автотранспортту, алардын запастык бөлүктөрүн жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга;
- кошумча төлөмдөрдү, үстөктөрдү жана сыйлык төлөмдөрүн, анын ичинде ченемге салынбаган жана ашыкча убакыт эмгек үчүн төлөөлөргө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Комитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин жеке транспортун кызматтык максаттарда пайдалануу үчүн компенсацияларды төлөөгө;
- шаардын, райондун ичиндеги коомдук транспортто жүрүүгө жол кире төлөөгө жана тамак-аш чыгымдарын жарым-жартылай компенсациялоого;
- турак жай жана ден-соолукту чыңдоо мекемелерин курууда үлүштүк катышууга, үй сатып алууга, кызматтык жайларды капиталдык жана утурумдук ремонттоого жана эмгектик тиричилик шарттарын жакшыртуунун чыгымдарын төлөөгө;
- Комитеттин кызматкерлерине турак жайды сатып алуусуна, куруусуна, кеңейтүүсүнө жана оңдоп-түзөтүүсүнө пайызсыз ссудаларды берүүгө;
- чет элдик коноктор менен жолугушууларды уюштурууга, чет өлкөгө тажрыйба алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн барууда иш сапарларына кеткен чыгымдарды, ошондой эле сметада каралбаган башка чыгымдарды төлөөгө;
- кызматкерлердин никеге туруусуна жана баласы төрөлгөндүгүнө, юбилейлик даталарына байланыштуу жана жакын туугандары каза болгон учурда материалдык жардам көрсөтүүгө;
- эмгек жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча күтүлбөгөн чарбалык жумуштарды аткарууга;
- Комитеттин ишин материалдык-техникалык камсыз кылууга жана Комитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга;
- жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстарды жана аукциондорду даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу чыгымдарын анын ичинде, маалыматтык, почта, транспорт чыгымдарын төлөөгө, консультациялык жана башка кызматтарга акы төлөөгө;
- Комитеттин кызматкерлерин багыты боюнча ЖОЖдордо тоо-кен геологиялык өндүрүштөн ажыратпай окутууга;
- Комитеттин иш маселелери боюнча конференцияларды жана семинарларды уюштурууга;
- Комитеттин ведомстволук бөлүмдөрүнө жана ишканаларына, ошондой эле алардын ишин жакшыртууга багытталган башка иш-чараларга кайтарымдуу финансылык жардам көрсөтүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүүгө багытталган Атайын эсептин каражаттары:
- ведомстволук ишканалардын комплекстүү геологиялык-издөө иштерин (анын ичинде аналитикалык, усулдук, тематикалык иштерин) жүргүзүүнү финансылоого;
- ведомстволук ишканалардын комплекстүү геологиялык чалгындоо иштерин (анын ичинде аналитикалык, усулдук, тематикалык иштерин) жүргүзүүнү финансылоого;
- ведомстволук ишканалардын гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык жана башка адистештирилген иштерин жүргүзүүнү каржылоо;
- Комитеттин ведомстволук ишканалары үчүн, издөө, геологиялык чалгындоо, гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык жана башка адистештирилген иштерин жүргүзүү боюнча негизги каражаттарды сатып алууга пайдаланылат
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 714, 2017-жылдын 31-июлундагы № 454, 2018-жылдын 17-январындагы № 28 токтомдорунун редакциясына ылайык)
10. Геологиялык маалыматтар ресурстарына кирүү (пайдалануу) үчүн акылуу кызмат көрсөтүүдөн түшкөн Атайын эсептин каражаттары Мамлекеттик геологиялык маалымат фондун өнүктүрүүгө, анын ичинде төлөмдөргө пайдаланылат:
- геологиялык маалыматтар ресурстарын иштеп чыгуу, сактоо жана пайдалануу үчүн зарыл жабдууларды сатып алууга;
- Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун жайларын сатып алууга, оңдоого, жабдууга жана кайтарууга;
- Комитеттин борбордук аппаратынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана ишканаларынын кызматкерлерине кошумча төлөөгө;
- геология илимин өнүктүрүүгө жана кеңири таратууга байланышкан башка чыгымдарга.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 714 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Комитет Атайын эсептин каражаттарынын келип түшүүсүн жана бөлүштүрүлүшүн эсепке алат, пландайт жана алардын пайдаланышы жөнүндө отчет берет.
12. Атайын эсептин каражаттары бюджеттик классификацияда каралган чыгымдардын беренелерине ылайык так пайдаланылат.
13. Атайын эсептин каражаттары Комитеттин Атайын эсебинде топтолот.
14. Чыгымдардын сметасы бекитилгенге чейин Атайын эсептин каражаттарын чыгымдоого жол берилбейт жана бекитилген сметанын чегинде гана ишке ашырылат.
15. Атайын эсептин каражаттарынын отчеттук жылдын аяганда түзүлгөн калган калдыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.