Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-январы № 40
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Атайын эсеби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 , 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин натыйжалуу иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана социалдык коргоону камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Атайын эсеби жөнүндө жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июнундагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсеби жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 190 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсеби" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т. Сариев |