Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-октябры № 556
"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити 2014-жылдын 25-марты, № 21) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
23-беренесинин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Чек ара тилкесинде, ошондой эле чек ара тилкесинин сырт жагынан 500 метр аралыкта, Мамлекеттик чек ара сызыгынан чек ара тилкесинин туурасы 50-100 метрди түзгөн жерлерде аң уулоого тыюу салынат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти