Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-октябры № 529
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө " Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 9-пункту "Башкы адис" деген сөздөрдөн кийин ", системалык администратор" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |