Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМУ
2016-жылдын 5-октябры № 530
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 364 "Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, болтурбоо боюнча эрежени бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 364 "Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, болтурбоо боюнча эрежени бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы "атаандаштыкка каршы макулдашууларды, (макулдашылган иш-аракеттерди)" деген сөздөр "макулдашууларды, макулдашылган иш-аракеттерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, болтурбоо боюнча эрежеде:
- аталышында жана бардык текстинде ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "макулдашууларды, (макулдашылган иш-аракеттерди)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "макулдашууларды, макулдашылган иш-аракеттерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталышындагы, 2 жана 5-главалардын аталыштарындагы, 1, 20, 27-пункттардагы "атаандаштыкка каршы" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктунда:
биринчи абзацы "7-беренесинин 1-бөлүгүндө" деген цифралардан жана сөздөрдөн кийин "жана 7-1-беренесинин 1-бөлүгүндө" деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Макулдашылган аракеттердин шарттары болуп "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-4-беренесинде каралган товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракеттери саналат.";
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Вертикаль макулдашууларды монополияга каршы орган "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ар кандай деңгээлдеги (берүүчү - керектөөчү), бирок вертикаль боюнча бири-бирине көз каранды болгон атаандаш эмес чарбакер субъекттердин ортосунда сатуу алдындагы бааны колдоо жана макулдашуу түзүү (сатуучу алып туруп кайра сатуучу товарга сунуштай турган бааны чектөө), контракттын талаптарын аткаруу менен тийиштүү аймактын чегинде гана сатууга өзгөчө укукту белгилөө менен алып сатуунун баасын аныктоо, сатып алуучу үчүн товарды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) тандоо мүмкүнчүлүгүн мажбурлап кыскартуу түрүндө аныктайт.
Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу боюнча ишти кароо үчүн негиз болуп жеке жана юридикалык тараптардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арыздары эсептелет. Мамлекеттик монополияга каршы орган жана анын аймактык органы (мындан ары - монополияга каршы орган) жеке өзүнүн демилгеси боюнча, анын ичинде товардык рыноктогу атаандаштык чөйрөнүн абалына талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча, жалпыга маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнүн негизинде атаандаштыкка каршы макулдашууларды, макулдашылган иш-аракеттерди табуу боюнча ишти кароону демилгелөөгө укуктуу.
Атаандаштыкка каршы макулдашуулардын, макулдашылган иш-аракеттердин алдын алуу, аларга жол бербөө жана жоюу үчүн мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органы жүргүзөт.";
- 4 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пункттун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пунктунда:
"алардын суммалык рыноктук үлүшү аныкталат" деген сөздөр "алардын суммалык рыноктук үлүшү аныкталат; рынокту уюштуруучулардын курамы изилденет; макулдашууга катышкан чарбакер субъекттерди контролдоочу жактар такталат." деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 4-бөлүгүндө, 7-1-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган учурлар аныкталса, рынокту андан ары талдоо токтотулат.";
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Макулдашууга, макулдашылган иш-аракеттерге катышкан рыноктун субъекттеринин чөйрөсүн жана алардын рыноктогу үлүшүн аныктоодо төмөндөгү факторлор эске алынышы керек:
- рыноктун катышуучуларынын курамы (рыноктун катышуучуларынын курамы канчалык туруктуу болсо, алардын ортосунда макулдашуу түзүү мүмкүндүгү ошончолук жогору);
- рыноктун катышуучуларынын иштериндеги ар бир катышуучунун өндүрүштөгү чыгымдарынын түзүмү, өндүрүшүнүн вертикалдуу түзүмү, пайдаланылган технологиялар, рыноктогу баштапкы үлүшү, уюштуруу түзүмү жана ага жараша өндүрүштү уюштуруунун жана маалымат алмашуунун ички системасы, өндүрүлүүчү продукциянын бирдейлиги жана башка көрсөткүчтөр сыяктуу шарттарынын окшоштугу. Эгерде рыноктун катышуучулары бирдей шартта турушса, анда алардын ортосунда макулдашуунун болуу мүмкүндүгү жогору;
- бул тармактагы экономикалык ишти жана маалымат алмашууну координациялоо үчүн база боло алуучу ассоциациянын же башка бирикмелердин бар экендиги;
- товарды өндүрүү концентрациясынын деңгээли. Рыноктун катышуучуларынын саны канчалык аз болсо, башка бирдей шарттар сыяктуу эле бааларды белгилөө жана рынокту бөлүп алуу жөнүндө макулдашууга жетүү ошончолук оңой. Эгерде анализдин жыйынтыгында макулдашуунун катышуучуларында рыноктун маанилүү үлүшү топтолгонуна карабастан, алар атаандаштыкка чечүүчү таасирин көрсөтө албастыгы, башкача айтканда рыноктун башка субъекттерине рынокко кирүүнү кыйындата албастыгы же алардын экономикалык ишинин эркиндигин башкача түрдө чектей албастыгы аныкталса, бул анализди жүргүзүү токтотулат;
- тараптардын ортосундагы макулдашуунун фактору болушу мүмкүн болгон өз ара мамилелер:
юридикалык жак болгон бир компаниянын негизги жана туунду компания сыяктуу же эки туунду компания сыяктуу бөлүктөрү;
көз карандысыз ээлик кылуу, бирок чоң үлүшкө ээ болгон жактын контролунда болуу;
- биргелешкен ишканалардын болушу.";
- 28-пунктта:
- биринчи абзацындагы "атаандаштыкка каршы макулдашуулары (макулдашылган иштери)" деген сөздөр "макулдашуулары, макулдашылган иш-аракеттери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы "7-беренесин" деген цифра жана сөз "7 жана 7-1-беренесин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 30-пункттагы "Кара ниет атаандашуу жаатында" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-глава менен толукталсын:
"6. Жол берилет деп таанылышы мүмкүн болгон макулдашуу түзүү ниети
жөнүндө арызды кароонун тартиби
31. "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жол берилет деп таанылышы мүмкүн болгон макулдашуу түзүүгө ниеттенген чарбакер субъекттер монополияга каршы органга макулдашуунун жазуу жүзүндө түзүлгөн долбоору монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкеш экендигин текшерүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
32. Арыз жазуу жүзүндө эркин формада таризделет жана арыз берүүчү же анын өкүлү тарабынан кол коюлушу керек. Арыз сөзсүз түрдө макулдашуунун долбоорун тиркөө менен берилет.
Арызда макулдашуунун катышуучулары жана макулдашууну ишке ашыруунун жыйынтыгында атаандаштык үчүн болуучу натыйжалар жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.
33. Монополияга каршы орган арыз келип түшкөн күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде макулдашуунун долбоору "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык же ылайык эместиги жөнүндө чечим чыгарат.
34. Макулдашуунун долбоорунун "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш эместиги жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
- "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган шарттардын болушу, эгерде макулдашуунун долбоорун "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-2-беренесине ылайык жол берилет деп таануу үчүн негиздер жок болсо;
- монополияга каршы органга берилген арыздагы жана документтердеги маалыматтар туура эмес болсо.
35. Маалымат жетишсиз болсо, ошондой эле изилдөө зарыл болгон жаңы фактылар аныкталган учурларда монополияга каршы органдын арызды кароо мөөнөтүн узартуусу 30 календарлык күндөн ашпашы мүмкүн, бул тууралуу арыз ээсине мөөнөтүн узартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарланат.
36. Эгерде макулдашуу бир жылдын ичинде түзүлбөсө монополияга каршы органдын макулдашуунун долбоору "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкештиги жөнүндө чечими өзүнүн жарактуулугун токтотот.
37. Монополияга каршы орган макулдашуунун долбоору монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайыктыгы жөнүндө чечими менен кошо макулдашуунун баардык катышуучуларына атаандаштыкты камсыздоого багытталган көрсөтмө берет.
38. Монополияга каршы орган макулдашуунун долбоору монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайыктыгы жөнүндө чечимин төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарат, эгерде:
- чечим кабыл алынгандан кийин, макулдашуу түзүүгө ниеттенген чарбакер субъекттин арызын кароодо туура эмес маалыматтар берилгени аныкталса;
- макулдашуу түзүүгө ниеттенген чарбакер субъекттер монополияга каршы органдын ушул Тартиптин 37-пунктунда каралган көрсөтмөсүн аткарышпаса;
- "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-2-беренесине ылайык макулдашуунун долбооруна жол берилет деп таануу үчүн негиз болгон шарттар өзгөрсө.
39. Монополияга каршы органдын макулдашуунун долбоору монополияга каршы мыйзамдын талаптарына ылайыктыгы жөнүндө чечиминин негизинде макулдашууну түзүшкөн чарбакер субъекттердин кимиси болбосун монополияга каршы органдын ушул Тартиптин 38-пунктунун төртүнчү абзацына ылайык макулдашуунун долбоору монополияга каршы мыйзамдын талаптарына шайкеш келээри жөнүндө чечими жокко чыгарылганы тууралуу негизделген чечимин алышкан күндөн тартып эсептелүүчү 5 календарлык күндүн ичинде макулдашууну токтотууга милдеттүү болушат.
Монополияга каршы органдын макулдашуунун долбоору монополияга каршы мыйзамдын талаптарына шайкеш келээри жөнүндө чечимин жокко чыгаруу тууралуу чечими макулдашуунун катышуучуларынын товардык рыноктогу үлүштөрү өзгөргөн учурда, ошондой эле макулдашуунун катышуучулары анын шарттарын аткарышпаган учурда чыгарылышы мүмкүн.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 12-февралынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |