Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
(В редакции постановления Правительства КР от 5 октября 2016 года № 530)
2012-жылдын 2-июну № 364
Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларды, (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, болтурбоо боюнча эрежени бекитүү жөнүндө
«Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атаандаштыкты чектеген макулдашууларды, макулдашылган иш-аракеттерди табуу, болтурбоо боюнча эреже тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 554 «Атаандаштыкты чектөөчү, бааларды (тарифтерди), белгилөө (колдоо) боюнча макулдашууларды (макулдашылган иш-аракеттерди) табуу, тыюу боюнча эрежени бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, 2017-жылдын 12-февралынан тартып күчүнө кирет
Тиркеме
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 364 токтому менен бекитилген |
Атаандаштыкты чектеген макулдашууларды, макулдашылган иш-аракеттерди табуу, болтурбоо боюнча ЭРЕЖЕ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 267, 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Атаандаштыкты чектеген макулдашууларды, макулдашылган иш-аракеттерди табуу, тыюу боюнча эреже (мындан ары - Эреже) атаандаштыкты чектеген чарбакер субъекттердин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атаандаштыкка каршы макулдашууларын табуу, жоюу үчүн арналган жана Кыргыз Республикасындагы монополияга каршы мыйзамдын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү камсыздоого багытталган.
Бул Эреже менен белгиленген нормалар уюштуруучулук-укуктук жана менчик формасына карабастан бардык чарбакер субъекттердин, иш-аракети Кыргыз Республикасынын рынокторунда эркин атаандаштыкты чектеген жана жойгон мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - субъекттер) катышуусу менен болгон мамилелерге карата колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Атаандаштыкты чектеген макулдашуулардын (макулдашылган иш-аракеттердин) формалары
2. "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 7-1-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган субъекттер, ортосундагы атаандаштыкка каршы макулдашуулар (макулдашылган иш-аракеттер) горизонталдык болуп эсептелет жана бирикмелерге кирүүнү же аларды түзүүнү (жашоо), бардык формадагы макулдашууларды, макулдашылган иш-аракеттерди түзүүнү жана ишке ашырууну (чарбакер субъекттер ортосунда), атаандаштыкты чектөөгө багытталган координацияланган башка иштерди жүргүзүүнү көздөйт.
Макулдашуунун аталган түрү керектөөчүнүн эсебинен кошумча киреше алууга жана иштеп жаткан атаандаштардын санын жана рынокко жаңы чарбакер субъекттердин кирүүсүн чектөөгө багытталган.
Субъекттер ортосунда атаандаштыкка каршы макулдашууларды түзүү (макулдашылган иш-аракеттер) баанын өсүшүнө, сапаттын төмөндөшүнө жана тандоо мүмкүнчүлүгүнүн азайышына алып келет.
Макулдашылган аракеттердин шарттары болуп "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-4-беренесинде каралган товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракеттери саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Вертикаль макулдашууларды монополияга каршы орган "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ар кандай деңгээлдеги (берүүчү - керектөөчү), бирок вертикаль боюнча бири-бирине көз каранды болгон атаандаш эмес чарбакер субъекттердин ортосунда сатуу алдындагы бааны колдоо жана макулдашуу түзүү (сатуучу алып туруп кайра сатуучу товарга сунуштай турган бааны чектөө), контракттын талаптарын аткаруу менен тийиштүү аймактын чегинде гана сатууга өзгөчө укукту белгилөө менен алып сатуунун баасын аныктоо, сатып алуучу үчүн товарды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) тандоо мүмкүнчүлүгүн мажбурлап кыскартуу түрүндө аныктайт.
Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу боюнча ишти кароо үчүн негиз болуп жеке жана юридикалык тараптардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арыздары эсептелет. Мамлекеттик монополияга каршы орган жана анын аймактык органы (мындан ары - монополияга каршы орган) жеке өзүнүн демилгеси боюнча, анын ичинде товардык рыноктогу атаандаштык чөйрөнүн абалына талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча, жалпыга маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнүн негизинде атаандаштыкка каршы макулдашууларды, макулдашылган иш-аракеттерди табуу боюнча ишти кароону демилгелөөгө укуктуу.
Атаандаштыкка каршы макулдашуулардын, макулдашылган иш-аракеттердин алдын алуу, аларга жол бербөө жана жоюу үчүн мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органы жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Иш аракеттер макулдашылган катары квалификацияланат, эгер чарбакер субъекттер:
1) өздөрүнө кандайдыр бир атаандаштык саясатын кармануунун милдетин албаса да, өзүнүн жүрүм-турумун атайын башка тараптын жүрүм-турумуна жараша кылып, ошону менен атаандаштык үчүн мүнөздүү болгон тобокелчиликти жокко чыгарса;
2) башка чарбакер субъекттерди белгилүү бир саясатты карманууга мажбурлоо максатында, чыгым келтирүү коркунучу аркылуу же артыкчылыктарды берүүнү убада кылуу менен экономикалык басым көрсөтсө;
3) башка чарбакер субъекттерге басым көрсөтүп, аны менен аларды төмөнкүлөргө мажбурласа:
- макулдашууга кошулууга;
- биригүүгө барууга;
- атаандаштыкты ооздуктоо максатында базарда бир түрдүү тартипти карманууга.
(8-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Атаандаштыкка каршы макулдашууларды (макулдашылган иштер) табуу боюнча талдоо жүргүзүү этаптары
7. Макулдашууларда (макулдашылган иштерде) атаандаштыкты чектөө белгилерин табуу боюнча анализ жүргүзүү этап менен болот.
8. Биринчи этапта: тиешелүү товардык рынок жана товардын өзгөчөлүгү аныкталат; товардык рыноктун географиялык чеги аныкталат; макулдашууда (макулдашылган иштерде) катышкан рыноктун субъекттеринин чөйрөсү аныкталат; рыноктун субъекттерине макулдашуулардын (макулдашылган иштер) катышуучуларына туура келген рыноктун үлүшү жана алардын суммалык рыноктук үлүшү аныкталат; рынокту уюштуруучулардын курамы изилденет; макулдашууга катышкан чарбакер субъекттерди контролдоочу жактар такталат.
Эгерде "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 4-бөлүгүндө, 7-1-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган учурлар аныкталса, рынокту андан ары талдоо токтотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Товардык рыноктун анализи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө бекитилчү товарлар (жумуштар, кызматтар) рыногунда атаандаштык чөйрөсүнүн абалын талдоо жана баалоо боюнча эрежеге ылайык жүргүзүлөт.
10. Товардын өзгөчөлүгүнө талдоо жүргүзүүдө булар аныкталат:
- каралып жаткан товарды керектөөнүн түрлөрү. Керектөөнүн түрлөрү боюнча товар керектөөчүлөрдү дифференциялоо берилчү товардын бааларынын айырмасынын себеби болушу мүмкүн, ал баа боюнча макулдашууну түзүү кыйынчылыгына алып келет;
- ар түрдүү жабдып туруучулардын товарлары канчалык бир түрдүү. Бир тараптан, бир түрдүү товарлар боюнча атаандаштыктын башка түрлөрү, баадан башкасы кыйынга турат, башка жагынан - бааларды макулдашууга жана макулдашуунун башка шарттарын макулдашуу мүмкүнчүлүгү жеңилдейт;
- бири-бирин алмаштыруучу товарлардын болушу. Товарлар бири-бирин алмаштырган учурда баа боюнча көмүскө келишим практика жүзүндө мааниге ээ болбойт;
- ар түрдүү өндүрүүчүлөрдүн товар өндүрүү шарттары канчалык окшош. Өндүрүү шарттарынын окшоштугу жана товар өндүрүү чыгымдарынын салыштырмалуу бирдейлиги бирдей бааларды коюуга жана макулдашууларды түзүүгө жардам берет;
- товардын баасында туруктуу чыгымдардын үлүшү канчалык көп. Товардын наркында туруктуу чыгымдардын жогору үлүшү өзгөрүлмө рыноктук конъюнктура шартында баалар менен маневр жасоого мүмкүндүктү оордотот, бул жабдып туруучуларды олуттуу жоготууларга алып келет жана бааларды сактоо боюнча макулдашууларды түзүүгө түрткү берет;
- каралып жаткан товардын өндүрүүчүлөрү жана ортомчулары үчүн салык салуу системасы кандай (салыктын чоңдугунун айырмасы вертикалдуу типтеги макулдашуулардын пайда болуусуна көмөк болот);
- бааларды товарга жана базарга жараша көтөрүүнүн же төмөндөтүүнүн негизсиздигине талдоо төмөндөгү жол менен жүргүзүлүшү мүмкүн:
- тиешелүү товарга иш жүзүндөгү бааны расчеттук (атаандаштык) баалар менен салыштыруу;
- бириктирилген товарды өндүрүүнүн жана сатуунун нарктык көрсөткүчтөрүн товарлык топ (өнөр жай, тармак) боюнча орточо көрсөткүч менен салыштыруу;
- товарлардын нарктык көрсөткүчтөрүнүн кыймылын анын жакын касиеттери менен салыштыруу;
- ар түрдүү базарлардагы бааларды салыштыруу.
Болжолдуу макулдашууларды табууда байкоолорду жүргүзүү убактысын монополияга каршы орган конкреттүү товарга, базарга жана кырдаалга жараша белгилөөсү керек.
11. Макулдашууга, макулдашылган иш-аракеттерге катышкан рыноктун субъекттеринин чөйрөсүн жана алардын рыноктогу үлүшүн аныктоодо төмөндөгү факторлор эске алынышы керек:
- рыноктун катышуучуларынын курамы (рыноктун катышуучуларынын курамы канчалык туруктуу болсо, алардын ортосунда макулдашуу түзүү мүмкүндүгү ошончолук жогору);
- рыноктун катышуучуларынын иштериндеги ар бир катышуучунун өндүрүштөгү чыгымдарынын түзүмү, өндүрүшүнүн вертикалдуу түзүмү, пайдаланылган технологиялар, рыноктогу баштапкы үлүшү, уюштуруу түзүмү жана ага жараша өндүрүштү уюштуруунун жана маалымат алмашуунун ички системасы, өндүрүлүүчү продукциянын бирдейлиги жана башка көрсөткүчтөр сыяктуу шарттарынын окшоштугу. Эгерде рыноктун катышуучулары бирдей шартта турушса, анда алардын ортосунда макулдашуунун болуу мүмкүндүгү жогору;
- бул тармактагы экономикалык ишти жана маалымат алмашууну координациялоо үчүн база боло алуучу ассоциациянын же башка бирикмелердин бар экендиги;
- товарды өндүрүү концентрациясынын деңгээли. Рыноктун катышуучуларынын саны канчалык аз болсо, башка бирдей шарттар сыяктуу эле бааларды белгилөө жана рынокту бөлүп алуу жөнүндө макулдашууга жетүү ошончолук оңой. Эгерде анализдин жыйынтыгында макулдашуунун катышуучуларында рыноктун маанилүү үлүшү топтолгонуна карабастан, алар атаандаштыкка чечүүчү таасирин көрсөтө албастыгы, башкача айтканда рыноктун башка субъекттерине рынокко кирүүнү кыйындата албастыгы же алардын экономикалык ишинин эркиндигин башкача түрдө чектей албастыгы аныкталса, бул анализди жүргүзүү токтотулат;
- тараптардын ортосундагы макулдашуунун фактору болушу мүмкүн болгон өз ара мамилелер:
юридикалык жак болгон бир компаниянын негизги жана туунду компания сыяктуу же эки туунду компания сыяктуу бөлүктөрү;
көз карандысыз ээлик кылуу, бирок чоң үлүшкө ээ болгон жактын контролунда болуу;
- биргелешкен ишканалардын болушу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Экинчи этабында макулдашуунун кандайдыр-бир катышуучусу өз алдынча же баары биригип макулдашылган иш-аракет аркылуу атаандаштыкты чектөөгө жана (же) керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын төмөнкү жолдор менен кысымга алууга жөндөмдүүлүгү аныкталат:
- келишим түзүүдөн баш тартуу бул бүтүмгө келүүгө мажбурлоо ыкмасы болушу мүмкүн;
- атаандаштыкты чектөөгө багытталган келишимдерди түзүү;
- көмүскө бүтүмгө катышпаган рыноктун субъекттерине карата бир же бир нече субъекттер тарабынан баалык кысым көрсөтүү;
- сатуу же берүүнүн башка шарттары үчүн ассортиментти аныктоо.
13. Вертикалдуу чектөөлөрдүн атаандаштык таасирин баалоо үчүн:
- рыноктун өзгөрүү динамикасы каралат (бул рыноктогу чарбакер субъекттердин саны);
- вертикалдык чектөөлөр натыйжалуулугун жогорулатуучу фактор боло алуучу кызматтарга көңүл бурулат. Мисалы, эгерде өндүрүүчү чекене соодагерлер үчүн эксклюзивдүү аймактарды белгилеп турган болсо, чыгым тартпастан башка чекене соодагердин ишинен киреше алуу мүмкүнчүлүгүн бериши ыктымал болгон чекене соодагерлердин кызмат көрсөтүүлөрүн карап чыгуу керек. Эгерде өндүрүүчү эксклюзивдүү дистрибюторлукту киргизсе, ал өндүрүүчү көрсөтүүчү, башка өндүрүүчүлөргө чыгым тартпастан анын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу мүмкүндүгүн бере алуучу кызматтарын карап чыгуу керек. Эгерде мындай кызмат көрсөтүү жок болсо, анда вертикалдык чектөөлөр атаандаштыкка каршы;
- контракты колдонуу узактыгы каралат, эгерде ал узак мөөнөттүү болсо, анын атаандаштыкты чектөө ыктымалдыгы чоң.
14. Атаандаштыкты өнүктүрүүнү чектөө же тоскоолдук критерийлери төмөнкү иш-аракеттер болот:
- макулдашууга (макулдашылган иштер) катышкан рыноктун субъекттеринин экономикалык чечимдерди кабыл алуусунун көз карандысыздыгын чектегендер;
- тиешелүү рынокто товардын сурамына жана сунушуна карата таасирин тийгизгендер.
Эгерде бул учурлардын бирөө эле аныкталган болсо, макулдашууну (макулдашылган иштерди) атаандаштыкты чектөө катары кароо керек.
4. Атаандаштыкка каршы макулдашууларды, макулдашылган иш-аракеттерди далилдөө
15. Атаандаштыкка каршы аныкталган макулдашууларды далилдөөдө аларды документ менен күбөлөндүрүү зарыл. Мындай күбөлөндүрүүнү контракттардын, келишимдердин, эсептердин, тиркелүүчү документтердин, прейскуранттардын, төлөм тапшырмаларынын, рынок субъекттеринин өкүлдөрүнүн съездеринде, конгресстеринде жана башка жыйналыштарында кабыл алынган документтердин, жана макулдашуу фактысын далилдеген жана башка документтердин шарттарына талдоо жүргүзүүнүн негизинде алууга болот.
Далилдер рынок субъекттеринин өкүлдөрүнүн жеке жолугушуу, телефондон сүйлөшүү, телекс жана факсимиле байланыш, керектөөчүлөргө, агенттерге жана далдалчыларга бааны ачык жарыялоо (жаңы прейскурантты, баа жарнагын таркатуу), анын ичинде рынок субъекттери кирген ар түрдүү бирикмелер (ассоциациялар) аркылуу маалымат алмашуу түрүндө болушу мүмкүн.
Алардын жасалганы жөнүндө документ далилдер жок болгон учурда монополияга каршы орган далилдерди экономикалык анализдин жыйынтыгынын негизинде курууга укуктуу, анын ичинде:
1) бааны бир эле убакта же 3 күндүн ичинде кымбаттатуу (төмөндөтүү);
2) товарды алууга жана сатууга чыгымдардын ар кандай көлөмдөрүндө бирдей бааны коюу;
3) рынокто бирдей бааны коюу максатында товардын калдыгына кошумча баалоо;
4) товардын баасын жана берүү көлөмүн өзгөртүүнү макулдашуу;
5) бааны жасалма көтөрүү же түшүрүү жөнүндө сүйлөшүү;
6) бааны бир убакта дифференциялоо же арзандатуу;
7) рынокто товар жетишсиз жана баасы кымбат болгон шартта рыноктун эки жана андан ашык субъекттеринин кампаларында көп товардык запастын болушу;
8) рыноктун субъекттеринде баанын жогорулашын (төмөндөшүн), бирдей бааны кармап турууну түшүндүргөн эсеп-фактуранын, калькуляциянын, эсептердин экономикалык негиздемелердин жоктугу.
16. Макулдашууларды далилдөөдө бардык эле макулдашылган аракеттер атаандаштыкка каршы макулдашуу катарында квалификацияланышы мүмкүн эместигин эске алыш керек. Макулдашуунун жыйынтыгында атаандаштык үчүн анын кесепетин изилдеп чыгуу керек, ага төмөнкүлөр кирет:
- канааттандырылбаган суроо-талап жана рентабелдүүлүктүн жетишээрлик жогорку деңгээли болгон шартта каралып жаткан базарга башка чарбакер субъекттердин кирүүсүн чектөө;
- ушул базарга чыгууну каалаган башка өндүрүүчүлөрдүн чийки зат жана материалдарды алуусун чектөө;
- товар өткөрүү тармагына кирүүнү чектөө.
17. Рыноктун атаандаш субъекттери ортосунда макулдашуунун (макулдашкан иштердин) барлыгына далил төмөнкүлөр болот:
- баалардын бирдей прейскурантын же баа бекитилген бир приказды (протоколду, буйрукту) колдонуу;
- ар түрдүү берүүчү-жабдуучулар берүүчү товарларга, кызматтарга жогорку бааны жасалма кармап туруу;
- өндүрүштүн көлөмүнө же товарларды сатууга чектөөлөрдү (квоталарды) коюу;
- башка сатып алуучулар же сатуучулар менен түзүлгөн шарттагы келишимдерди айрым сатып алуучулар же сатуучулар менен түзүүдөн баш тартуу;
- товарларды белгилүү бир региондордо сатуу;
- айрым региондорду камсыздоону токтотуу.
18. Баалар боюнча макулдашуулардын түз далилдери атаандаштыкты чектеген вертикалдуу макулдашууларда болушу мүмкүн, анткени ар түрдүү чектөөчү жоболор кээде берүү үчүн келишимге жана продукция чыгаруучу менен ортомчу соодалык уюмдун ортосунда түзүлгөн башка келишимдерге киргизилет (кымбат келишим баа боюнча оңдоо иштери боюнча жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, арзандатууларды жана үстөктөрдү өзү каалагандай коюуну, кошумча шарттарды, прейскуранттарды таңуулоону камтыйт).
Мындай далилдөөлөрдү ишканаларда финансылык документтерин талдоонун негизинде алууга болот.
19. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атаандаштыкка каршы ишинин юридикалык фактылары монополияга каршы мыйзамды бузуу менен чыгарган актылары (токтому, буйругу, нускамалары, жоболору ж.б.), ошондой эле чарбакер субъекттерге жана (же) жарандарга карата колдонгон иштери болушу мүмкүн.
5. Чарбакер субъекттердин атаандаштыкты чектеген макулдашууларынын (макулдашылган иш-аракеттеринин) материалдарын кароонун тартиби жана алар боюнча чечим кабыл алуу
20. Субъекттердин атаандаштыкты чектеген макулдашуусунун (макулдашылган иштеринин) белгилери бар болгондо монополияга каршы органдын жетекчиси (жетекчинин орун басары) ишти кароо жөнүндө чечимди чыгарат.
Жыйналышка макулдашуулардын (макулдашылган иштердин) катышуучулары, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, ошондой эле башка кызыктар жактардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Монополияга каршы орган тарабынан ишти карап чыгуу орду, күнү жана убактысы көрсөтүлгөн чечим беш күндүк мөөнөттө чыгарылат.
Чечим заказ кат менен жиберилет же кол койдуруу менен тараптардын өкүлдөрүнө тапшырылат. Мындайда чечимди билдирүү тууралуу күбөлөндүргөн почталык же башка документтер делого тиркелет.
22. Иш боюнча тараптар болуп арыз ээлери жана атаандаштыкка каршы макулдашуулары (макулдашылган иштери) жөнүндө иш каралып жаткан чарбакер субъекттер эсептелет.
23. Атаандаштыкка каршы макулдашуу (макулдашылган иштер) жолу менен монополияга каршы мыйзамдарды бузуу тууралуу иштер чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 иш күндүн ичинде каралат.
Ишти карап чыгууда пайда болгон, атайын билимди талап кылган маселелерди чечүү үчүн монополияга каршы орган эксперттерди жана адистерди ишти карап чыгууда катышууга чакырууга укуктуу, алар өзүнүн корутундуларын даярдоо жана берүү үчүн иштин материалдары менен тааныша алышат.
24. Материалды карап чыгуу боюнча жыйналышта иши каралып жаткан жактардын, ишти кароого катышкан башка тараптардын, адистердин жана эксперттердин түшүндүрмөлөрү угулат.
25. Монополияга каршы орган тарабынан кызыкдар жактардын катышуусу менен жыйын түрүндө ишти караган учурда протокол түзүлөт, ага жетекчи (жетекчинин орун басары) жана жыйындын катчысы кол коёт.
Протоколдо төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) монополияга каршы органдын расмий аталышы;
2) иш каралган күн жана орду;
3) ишти кароого катышкан адамдардын фамилиясы, аты-жөнү, бул иштеги алардын статусун көрсөтүү менен (арыз берүүчү, күбө ж.б.);
4) каралып жаткан иштин мазмуну;
5) ишти кароого катышкан адамдардын сөздөрүн кыскача берүү;
6) жыйындын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечим.
Протокол башка кошумча маалыматтарды камтышы мүмкүн.
Эгерде, жыйын тыныгуулар менен өткөрүлсө, анда бул тууралуу протоколдо көрсөтүлөт. Бир нече жыйындар өткөрүлгөн учурда, алардын ар бири боюнча өзүнчө протокол түзүлөт.
Протокол төрагалык кылуучу аныктаган жыйындын катчысы тарабынан жүргүзүлөт жана жыйын бүткөндөн кийин токтоосуз аталган адамдардын колу коюлат.
Ишти кароого катышкан адамдар протокол менен таанышууга жана ага карата сын-пикирлерин берүүгө укуктуу. Сын-пикирлердин четке кагылгандыгы жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 267 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Ишти кароо төмөнкүлөргө байланыштуу бир айдан ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылат:
1) өкүлдүн жыйынга жүйөлүү себептер боюнча келе албастыгына (ооругандыгына, иш сапарына кеткендиги боюнча) байланыштуу иш боюнча тараптын ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө, тиешелүү документтер көрсөтүлгөн жүйөлүү өтүнүч катына байланыштуу;
2) кошумча далилдерди алуу зарылдыгына байланыштуу;
3) иште кызматташууга эксперттерди жана катышуусу милдеттүү болгон башка адамдарды катыштыруу зарылдыгына байланыштуу;
27. Чарбакер субъекттердин атаандаштыкты чектеген макулдашуулары (макулдашылган иштери) боюнча чечим монополияга каршы мыйзамды бузган тараптардын (расмий өкүлдөрдүн) катышуусунда кабыл алынат.
Бул адамдар келбеген учурда иш, аларга ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө өз убагында билдирилгени тууралуу маалыматтар бар болсо жана алардан ишти кароону кийинкиге жылдыруу тууралуу өтүнүч кат түшпөгөн учурларда гана каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Чарбакер субъекттердин атаандаштыкты чектеген макулдашуулары, макулдашылган иш-аракеттери боюнча ишти кароонун жыйынтыгы боюнча чечим токтом (көрсөтмө) түрүндө төмөнкүдөй чыгарылат:
1) "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 7-1-беренесин бузган макулдашууларды (макулдашылган иштерди) токтотуу жөнүндө;
2) баштапкы абалын калыбына келтирүү жөнүндө, башкача айтканда атаандаштыкка каршы макулдашуу күчүнө киргенге чейин колдонуудагы баалардын жана тарифтердин деңгээлин инфляциянын деңгээлин эске алуу менен калыбына келтирүү жөнүндө;
3) өндүрүштү же берүүнү калыбына келтирүү жөнүндө;
4) "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келген келишимдерди бузуу же өзгөртүү жөнүндө;
5) атаандаштыкка каршы башка иштерди жоюу жөнүндө;
6) жаза колдонуу жөнүндө, анын ичинде мыйзамсыз алынган кирешенин суммасын кайтаруу жөнүндө;
7) ишти сот, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү жөнүндө;
8) атаандаштыкка каршы макулдашуулар (макулдашылган иш-аракеттер) болгонуна далил жок болгон учурда ишти токтотуу жөнүндө.
Мамлекеттик монополияга каршы органга (аймактык органга) атаандаштыкка каршы макулдашууну (макулдашылган иштерди) түзгөнү жөнүндө өз ыктыяры менен билдирген жана монополияга каршы орган аныктаган шарттарды аткарган макулдашуунун катышуучусу жоопкерчиликтен толугу менен же айрым бөлүгүнөн бошотулат. Жоопкерчиликтен толугу менен же айрым бөлүктөрүнөн бошотуу критерийи болуп макулдашууну (макулдашылган иш-аракетти) бузуу эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Чечимдин көчүрмөсү үч күндүн ичинде чечим чыгарылган тарапка берилет же жөнөтүлөт, ошондой эле өтүнүчү боюнча арыз ээсине да берилет.
Чечимдин көчүрмөсүн кол койдуруп тапшырат. Эгерде көчүрмө жиберилсе бул тууралуу делого тиешелүү жазуу жазылат жана жөнөтүлгөндүгү тууралуу дүмүрчөк тиркелет.
Чечим чыгарылган тараптар чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө монополияга каршы органга көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
30. Монополияга каршы мыйзамдын бузулгандыгы тууралуу ишти кароонун жыйынтыгында кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда тараптар административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 267, 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Жол берилет деп таанылышы мүмкүн болгон макулдашуу түзүү ниети жөнүндө арызды кароонун тартиби
(Глава КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
31. "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жол берилет деп таанылышы мүмкүн болгон макулдашуу түзүүгө ниеттенген чарбакер субъекттер монополияга каршы органга макулдашуунун жазуу жүзүндө түзүлгөн долбоору монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкеш экендигин текшерүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Арыз жазуу жүзүндө эркин формада таризделет жана арыз берүүчү же анын өкүлү тарабынан кол коюлушу керек. Арыз сөзсүз түрдө макулдашуунун долбоорун тиркөө менен берилет.
Арызда макулдашуунун катышуучулары жана макулдашууну ишке ашыруунун жыйынтыгында атаандаштык үчүн болуучу натыйжалар жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Монополияга каршы орган арыз келип түшкөн күндөн тартып 30 календарлык күндүн ичинде макулдашуунун долбоору "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык же ылайык эместиги жөнүндө чечим чыгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Макулдашуунун долбоорунун "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш эместиги жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
- "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган шарттардын болушу, эгерде макулдашуунун долбоорун "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-2-беренесине ылайык жол берилет деп таануу үчүн негиздер жок болсо;
- монополияга каршы органга берилген арыздагы жана документтердеги маалыматтар туура эмес болсо.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Маалымат жетишсиз болсо, ошондой эле изилдөө зарыл болгон жаңы фактылар аныкталган учурларда монополияга каршы органдын арызды кароо мөөнөтүн узартуусу 30 календарлык күндөн ашпашы мүмкүн, бул тууралуу арыз ээсине мөөнөтүн узартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарланат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Эгерде макулдашуу бир жылдын ичинде түзүлбөсө монополияга каршы органдын макулдашуунун долбоору "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкештиги жөнүндө чечими өзүнүн жарактуулугун токтотот.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Монополияга каршы орган макулдашуунун долбоору монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайыктыгы жөнүндө чечими менен кошо макулдашуунун баардык катышуучуларына атаандаштыкты камсыздоого багытталган көрсөтмө берет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Монополияга каршы орган макулдашуунун долбоору монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайыктыгы жөнүндө чечимин төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарат, эгерде:
- чечим кабыл алынгандан кийин, макулдашуу түзүүгө ниеттенген чарбакер субъекттин арызын кароодо туура эмес маалыматтар берилгени аныкталса;
- макулдашуу түзүүгө ниеттенген чарбакер субъекттер монополияга каршы органдын ушул Тартиптин 37-пунктунда каралган көрсөтмөсүн аткарышпаса;
- "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-2-беренесине ылайык макулдашуунун долбооруна жол берилет деп таануу үчүн негиз болгон шарттар өзгөрсө.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 530 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Монополияга каршы органдын макулдашуунун долбоору монополияга каршы мыйзамдын талаптарына ылайыктыгы жөнүндө чечиминин негизинде макулдашууну түзүшкөн чарбакер субъекттердин кимиси болбосун монополияга каршы органдын ушул Тартиптин 38-пунктунун төртүнчү абзацына ылайык макулдашуунун долбоору монополияга каршы мыйзамдын талаптарына шайкеш келээри жөнүндө чечими жокко чыгарылганы тууралуу негизделген чечимин алышкан күндөн тартып эсептелүүчү 5 календарлык күндүн ичинде макулдашууну токтотууга милдеттүү болушат.
Монополияга каршы органдын макулдашуунун долбоору монополияга каршы мыйзамдын талаптарына шайкеш келээри жөнүндө чечимин жокко чыгаруу тууралуу чечими макулдашуунун катышуучуларынын товардык рыноктогу үлүштөрү өзгөргөн учурда, ошондой эле макулдашуунун катышуучулары анын шарттарын аткарышпаган учурда чыгарылышы мүмкүн.