Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-октябры № 538
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын гидроэнергетика объекттеринде курулуш жана оңдоо жумуштарын жүргүзүүнүн уюштурулушун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын гидроэнергетика объекттеринде курулуш жана оңдоо жумуштарын жүргүзүүнүн уюштурулушун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуладагы "8-статьясынын 3-пунктуна таянуу" деген цифралар жана сөздөр "27-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункттагы "8-статьясынын 1-пунктунун төртүнчү абзацында" деген цифралар жана сөздөр "27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы күчүнө кирген күндөн баштап, 2015-жылдын 14-майынан тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |