Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-майы № 242
Кыргыз Республикасынын гидроэнергетика объекттеринде курулуш жана оңдоо жумуштарын жүргүзүүнүн уюштурулушунөркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 538 токтомунун редакциясына ылайык)
Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо, энергетика тармагынын объекттерин күзгү-кышкы мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдоо, иштеп жаткан жана курулуп жаткан суу электр станцияларда жана Бишкек, Ош шаарларынын ЖЭБдеринде негизги жабдууларды монтаждоо, жөнгө салуу жана оңдоо боюнча жумуштарды өз убагында жана сапаттуу аткаруу, мамлекеттин катышы бар, адистештирилген жумуштарды аткаруудагы көп жылдык тажрыйбасы бар ата мекендик компаниялардын потенциалын жана жогорку квалификациялуу персоналын натыйжалуу пайдалануу максатында, ошондой эле "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 538 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган талап "Электр станциялары" ачык акционердик коому (мындан ары - ААК) жана "Чакан ГЭС" ААК тапшырыкчылары болгон жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендерлерге "Нарынадисгидроэнергомонтаж" жана "Нарынгидроэнергокурулуш" ААК катышкан учурларда тиркелген тизмеге ылайык аларга карата колдонулбастыгы белгиленсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 242 токтомуна тиркеме
1. "Нарынадисгидроэнергомонтаж" ачык акционердик коому үчүн:
- негизги жана көмөкчү жабдуулардын гидроагрегаттарын куроо жана оңдоо;
- көпүрө жана текче крандарды монтаждоо, оңдоо жана сыноо;
- суу өткөргүчтөрдү монтаждоо жана оңдоо;
- затворлорду жана гидроцилиндрлерди монтаждоо жана оңдоо;
- компрессордук түзүлүштөрдү монтаждоо жана оңдоо;
- насостук түзүлүштөрдү монтаждоо жана оңдоо;
- отказан агрегаттардын жана турбоагрегаттардын КӨПжА (контролдоочу-өлчөөчү приборлор жана автоматика) системасын монтаждоо жана оңдоо;
- отказан агрегаттардын электр чыпкаларынын тулкуларын монтаждоо жана оңдоо;
- отказан агрегаттардын аба ысыткычтарын монтаждоо жана оңдоо;
- отказан агрегаттардын чаң өткөзгүчтөрүн монтаждоо жана оңдоо;
- газ чыгаргычтарды монтаждоо жана оңдоо;
- турбоагрегаттарды жана көмөкчү жабдууларды монтаждоо жана оңдоо;
- турбогенераторлорду жана көмөкчү жабдууларды монтаждоо жана оңдоо;
- бардык типтеги электр кыймылдаткычтарды монтаждоо жана оңдоо;
- төмөнкү жана ортоңку басымдагы өткөргүч түтүктөрдү монтаждоо жана оңдоо;
- металл конструкцияларды монтаждоо жана оңдоо.
2. "Нарынгидроэнергокурулуш" ачык акционердик коому үчүн:
- суу электр станцияларды куруу;
- гидротехникалык, энергетикалык курулушта жалпы курулуш жана атайын монтаждоо иштерин жүргүзүү;
- коомдун багытына ылайык долбоорлоп жөнгө салуучу жана технологиялык иштерди аткаруу;
- транспорттук-экспедициялык жана башка иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү;
- бардык деңгээлдердеги жер жумуштары;
- имараттардын тирөөчү жана тосуучу конструкцияларын куруу;
- монолит бетон жана темир бетон конструкцияларды орнотуу жана жасоо;
- курама бетон жана темир бетон конструкцияларды монтаждоо.