Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-октябры № 540
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-декабрындагы № 813 "2013-2018-жылдарда Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-декабрындагы № 813 "2013-2016-жылдарда Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Пландын ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу отчетту 1-августтан жана 1-февралдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2013-2018-жылдарда Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу планында:
- бүткүл тексти боюнча "СӨМ" аббревиатурасы "ЭСӨМ" аббревиатурасы менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунун "б" пунктчасында:
"2014-жылдын акырына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын акырына чейин" деген цифралар жана сөздөр, "БИМ, СӨМ" деген аббревиатуралар "ЭСӨМ, БИМ" деген аббревиатуралар менен алмаштырылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
4 | Турмуштук оор кырдаалда калган балдардын маалымат базасын түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу | а) Турмуштук оор кырдаалда калган балдардын маалымат базасын түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | 2016-жылдын IV кварталы | ЭСӨМ, ЖӨБЭМА, МКК, БИМ, ССМ, ЖАМК, ИИМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) |
б) Турмуштук оор кырдаалда калган балдардын маалымат базасын түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, тартылган каражаттар | 2017-жылдын акырына чейин | ЭСӨМ, ЖӨБЭМА, БИМ, ССМ, ИИМ, ЖАМК, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) |
";
- 6-пункттун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
|
| б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Оор турмуштук кырдаалда калган балдар үчүн борборлор жөнүндө" токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | 2017-жылдын акырына чейин | ЭСӨМ, БИМ, ЖӨБЭМА, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) |
";
- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
10 | Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн социалдык жактан колдоо | а) Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү боюнча жобонун долбоорун иштеп чыгууга карата ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, тартылган каражаттар | 2016-жылдын IV кварталы | ЭСӨМ, БИМ, ЖӨБЭМА, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) |
|
| б) Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү боюнча жобонун долбоорун иштеп чыгуу | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, тартылган каражаттар | 2016-2017-жылдар | ЭСӨМ, БИМ, ЖӨБЭМА, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) |
|
| в) Эл аралык жана улуттук тажрыйбаны эске алуу менен интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү | Тартылган каражаттар, мамлекеттик социалдык заказдын каражаттарынын алкагында | 2017-2018-жылдар | ЭСӨМ, БИМ, ЖӨБЭМА, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) |
";
- 11-пункттун "а" пунктчасы алып салынсын;
- 13-пунктта:
"д" пунктчасы алып салынсын;
4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
|
| 4) Трансформациялоо боюнча төмөнкү пландарды ишке киргизүү: - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн Кызыл-Кыя мектеп-интернатын; - Беловодск мектепке чейинки балдар үйүн; - Үч-Коргон балдар үйүн; - Бишкек шаарынын Адистештирилген балдар үйүн; - Ак-Суу балдар үйүн |
| 2015-2018-жылдар ичинде |
|
";
төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"
|
| 5) Интернат тибиндеги беш балдар мекемелерин трансформациялоо/оптималдаштыруу пландарына баалоо жүргүзүү |
| 2017-жылдын IV кварталы | Ведомстволор аралык комиссия |
";
- 14-пунктта:
"а" пунктчасындагы "Военно-Антоновка балдар үйү" деген сөздөр "Орто-Суу көмөкчү мектеп-интернаты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"д" пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Интернат тибиндеги беш балдар мекемелерин оптималдаштыруу/трансформациялоо пландарын киргизүү", "2017-жыл ичинде" деген цифралар жана сөздөр "2016-2018-жылдар ичинде" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"
|
| 3) Интернат тибиндеги беш балдар мекемелерин оптималдаштыруу/трансформациялоо пландарына баалоо жүргүзүү |
| 2018-жылдын IV кварталы | Ведомстволор аралык комиссия |
";
- 15-пунктта:
"а" пунктчасындагы "эки" деген сөз "үч" деген сөз менен алмаштырылсын, "- Военно-Антоновка балдар үйү;" деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктчадагы "эки" деген сөз "үч" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 28-октябрында N 92 жарыяланды
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |