Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 7-декабры № 813
2013-2018-жылдарда Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 490, 2016-жылдын 13-октябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
Интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
1. 2013-2018-жылдарда Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Пландын ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу отчетту 1-августтан жана 1-февралдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж.Сатыбалдиев |
тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 490, 2016-жылдын 13-октябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
| Иш-чаралар | Ишке ашыруу жолдору | Каржылоо булактары | Мөөнөтү | Аткаруучулар |
1. Оптималдаштыруу үчүн институттук механизмдерди түзүү | |||||
1 | Интернат тибиндеги балдар мекемелерин оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобун түзүү | Интернат тибиндеги балдар мекемелерин оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобун түзүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын буйруктарынын долбоорлорун даярдоо | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | 2013-жылдын I кварталы | ЭСӨМ, БИМ, ССМ |
2 | Балдар иштери боюнча райондук деңгээлдеги комиссиялардын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин аныктоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы N 285 токтому менен бекитилген Балдардын иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобого, Балдар иштери боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин белгилөө бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | 2013-жылдын I-II кварталы | ЭСӨМ |
2. Улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде комплекстүү маалымат системасын түзүү | |||||
3 | Менчигинин түрүнө карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелеринин маалымат базасын түзүү | а) Менчигинин түрүнө карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелеринин маалымат базасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобун түзүү | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | 2013-жылдын I кварталы | БИМ, ЭСӨМ, ССК, Этностор агенттиги, ФМ, ММБФ |
б) Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин жана социалдык кызматтарды көрсөтүүчү борборлордун маалымат базасы үчүн программалык камсыздоону түзүү жана киргизүү | Каражаттарды тартуу | 2017-жылдын акырына чейин | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, Этностор агенттиги, ФМ | ||
4 | Турмуштук оор кырдаалда калган балдардын маалымат базасын түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу | а) Турмуштук оор кырдаалда калган балдардын маалымат базасын түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | 2016-жылдын IV кварталы | ЭСӨМ, ЖӨБЭМА, МКК, БИМ, ССМ, ЖАМК, ИИМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) |
б) Турмуштук оор кырдаалда калган балдардын маалымат базасын түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, тартылган каражаттар | 2017-жылдын акырына чейин | ЭСӨМ, ЖӨБЭМА, БИМ, ССМ, ИИМ, ЖАМК, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
5 | Балдарды коргоо маселелери боюнча коомчулуктун кабардарлыгын жогорулатуу | а) Балдарды коргоо маселелери боюнча маалымат өнөктүгүн иштеп чыгуу жана ишке ашырууну камсыздоо: - ТВ, радиодо социалдык роликтерди көрсөтүү-берүү; - ЖМКда, теле-радио берүүлөрдө жарыялоолор; - маалыматтык материалдарды (буклеттер, китепчелер ж.б.) иштеп чыгуу жана таратуу | Каражаттарды тартуу | 2013-жылдын I-II кварталы Дайыма | КТРК, ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ИИМ, Этностор агенттиги, КРӨА, ӨЭУ (макулдашуу боюча) |
б) ЭСӨМдүн сайтында балдарды коргоо маселелери боюнча веб-баракчаны түзүү | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | 2013-жылдын II-III кварталы | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ИИМ, ЮМ | ||
3. Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ишин жакшыртуу | |||||
6 | Интернат тибиндеги мекемелерге балдарды жөнөтүү жол жоболорун жана аларды контролдоонун майнаптуулугун өркүндөтүү | а) Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | 2013-жылдын I-II кварталы | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, Этностор агенттиги |
б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Оор турмуштук кырдаалда калган балдар үчүн борборлор жөнүндө" токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | 2017-жылдын акырына чейин | ЭСӨМ, БИМ, ЖӨБЭМА, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
7 | Оор турмуштук кырдаалда калган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү субъекттердин, жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдар иштери боюнча комиссиясынын мүчөлөрүн окутуу жана квалификациясын жогорулатуу | ЖӨБОнун алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссиясынын мүчөлөрү, райондук социалдык өнүгүү башкармалыктарынын, балдар иштери боюнча комиссиялардын, үй-бүлө медицина борборлорунун, ИИБ, интернат тибиндеги мекемелердин кызматкерлери жана ЖӨБОнун кызматкерлери үчүн окутуу семинарларын, квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу жана өткөрүү | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында каражаттарды тартуу | 2014–2018-жылдар ичинде | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, ИИМ, ЖМА, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) |
8 | Интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн шарт түзүү жана жакшыртуу | а) Сенсордук бөлмөнү түзүү (психологиялык жеңилдетүү, Монтесорри бөлмөсү, ЛФК, массаж) | Каражаттарды тартуу | 2014-2018-жылдар ичинде | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
б) Устаканалар жана компьютердик жабдуулар менен камсыз кылуу | Каражаттарды тартуу | 2013-2016-жылдар ичинде | ЭСӨМ, БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
9 | Балдардын коомго интеграцияланы- шын жакшыртуу | а) Балдарды кесиптик эмгектик көндүмдөргө үйрөтүү | Каражаттарды тартуу | 2014-жылдан тартып | ЭИМ, ЭСӨМ, БИМ, Этностор агенттиги, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
б) Интернат тибиндеги балдар мекемелериндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусунда спорттук, бий ж.б. иш-чараларды өткөрүү | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында каражаттарды тартуу | Дайыма | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) ЖМА, Этностор агенттиги, ЭСӨМ, ЭИМ, Спортагенттиги | ||
в) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды массалык жалпы билим берүүчү мекемелерге интеграциялоо | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында каражаттарды тартуу | Дайыма | БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) ЖМА, Этностор агенттиги, ЭСӨМ | ||
10 | Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн социалдык жактан колдоо | а) Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү боюнча жобонун долбоорун иштеп чыгууга карата ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, тартылган каражаттар | 2016-жылдын IV кварталы | ЭСӨМ, БИМ, ЖӨБЭМА, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) |
б) Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү боюнча жобонун долбоорун иштеп чыгуу | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, тартылган каражаттар | 2016-2017-жылдар | ЭСӨМ, БИМ, ЖӨБЭМА, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
в) Эл аралык жана улуттук тажрыйбаны эске алуу менен интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү | Тартылган каражаттар, мамлекеттик социалдык заказдын каражаттарынын алкагында | 2017-2018-жылдар | ЭСӨМ, БИМ, ЖӨБЭМА, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
11 | Социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча туруктуу мамлекеттик кызматтарды түзүү | а) (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 540 токтомуна ылайык алынып салынды) | |||
б) Жергиликтүү коомчулуктардын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн баалоонун негизинде социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча кызматтарды түзүү | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | 2013-2018-жылдар ичинде | ЭСӨМ, БИМ, ССМ, ФМ, Этностор агенттиги, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
4. Балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексин ишке ашыруунун алкагында балдарды коргоонун жаңы системасын киргизүү | |||||
12 | Улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексин ишке ашыруунун алкагында балдарды коргоонун жаңы институттук механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү (анын ичинде мыйзам алдындагы актыларды) | а) турмуштук оор кырдаалдагы балдардын жана үй-бүлөлөрдүн муктаждык-тарын, керектөөлөрүн табуу жана баалоо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жобосунун долбоорун иштеп чыгуу | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | 2014-жылдын аягына чейин | ЭСӨМ, Этностор агенттиги, ЖӨБО, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) |
б) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиянын типтүү жобосун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | 2014-жылдын аягына чейин | ЭСӨМ, Этностор агенттиги, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
5. Интернат тибиндеги балдар мекемелерин оптималдаштыруу | |||||
13 | Интернат тибиндеги балдар мекемелерин оптималдаштыруу/трансформациялоо. Биринчи фаза: | 1) Кароосуз калган балдар үчүн Майлуу-Суу балдар үйүн трансформациялоо жана Үй-бүлөгө жана балдарга социалдык колдоо көрсөтүүчү борборду түзүү | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында каражаттарды тартуу | 2013-жылдын I кварталы | БИМ, Этностор агенттиги, Майлуу-Суу ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) |
2) Бишкек жана Ош шаарларында жашы жетпегендерди адаптациялоо жана реабилитациялоо борборлорун трансформациялоо жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы жашы жетпегендердин арасында укук бузуулардын алдын алуу борборлорун түзүү | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында каражаттарды тартуу | 2013-жылдын II кварталы | ИИМ, Этностор агенттиги, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | ||
3) а) Интернат тибиндеги алты балдар мекемелеринде жашаган балдардын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн аныктоо: - Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Покровка реабилитациялык үй-интернатында (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу медициналык-психологиялык-педагогикалык консультацияларда кайра диагностикалоону, изилдөөлөрдү өткөрүү); - Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн Кызыл-Кыя мектеп-интернатында; - Беловодск мектепке чейинки балдар үйүндө; - Үч-Коргон балдар үйүндө; - Бишкек ш. Адистештирилген балдар үйүндө; - Ак-Суу балдар үйүндө; б) интернат тибиндеги мекемелердин потенциалын баалоо (кадрдык потенциал, материалдык-техникалык база, кызмат көрсөтүүлөр ж.б.); в) (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 490 токтомуна ылайык алынып салынды) г) трансформация планын иштеп чыгуу жана бекитүү; д) (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 540 токтомуна ылайык алынып салынды) | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында каражаттарды тартуу | 2014-2015-жылдар ичинде | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, Этностор агенттиги, ММБФ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) ЖМА, ЖӨБО, Кызыл-Кия, Ош, Токмок шаарларынын МСР, МЗ, МОН, ГАСРР, мэриялары (макулдашуу боюнча) | ||
4) Трансформациялоо боюнча төмөнкү пландарды ишке киргизүү: - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн Кызыл-Кыя мектеп-интернатын; - Беловодск мектепке чейинки балдар үйүн; - Үч-Коргон балдар үйүн; - Бишкек шаарынын Адистештирилген балдар үйүн; - Ак-Суу балдар үйүн |
| 2015-2018-жылдар ичинде | |||
5) Интернат тибиндеги беш балдар мекемелерин трансформациялоо/оптималдаштыруу пландарына баалоо жүргүзүү | 2017-жылдын IV кварталы | Ведомстволор аралык комиссия | |||
14 | Интернат тибиндеги балдар мекемелерин оптималдаштыруу/трансформациялоо Экинчи фаза: | 1) а) Интернат тибиндеги беш мекемеде жашаган балдардын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн баалоо: - Октябрь балдар үйү; - Орто-Суу көмөкчү мектеп-интернаты; - Сосновка санатордук-токой мектеби (анын ичинде, интернатта жашаган балдарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү); - Белогорка санатордук-токой мектеби (анын ичинде, интернатта жашаган балдарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү); - Ош ш. балдар үйү; б) интернат тибиндеги мекемелердин потенциалын баалоо (кадрдык потенциал, материалдык-техникалык база, кызмат көрсөтүүлөр ж.б.); в) (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 490 токтомуна ылайык алынып салынды) д) (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 540 токтомуна ылайык алынып салынды) | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, тартылган башка каражаттар | 2015-2016-жылдар ичинде | БИМ, ССМ, ЖМА, Этностор агенттиги, ЭСӨМ, ММБФ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) |
2) Интернат тибиндеги беш балдар мекемелерин оптималдаштыруу/трансформациялоо пландарын киргизүү |
| 2016-2018-жылдар ичинде | Ведомстволор аралык комиссия | ||
3) Интернат тибиндеги беш балдар мекемелерин оптималдаштыруу/трансформациялоо пландарына баалоо жүргүзүү |
| 2018-жылдын IV кварталы | Ведомстволор аралык комиссия | ||
15 | Интернат тибиндеги балдар мекемелерин оптималдаштыруу/трансформациялоо Үчүнчү фаза: | 1) а) Интернат тибиндеги үч мекемеде жашаган балдардын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн аныктоо: - Дмитриевка акыл-эси өнүкпөй калган балдар үчүн мектеп-интернаты; - Красно-Реченка акыл-эси өнүкпөй калган балдар үчүн мектеп-интернаты; б) интернат тибиндеги мекемелердин потенциалын баалоо (кадрдык потенциал, материалдык-техникалык база, кызмат көрсөтүүлөр ж.б.); - Военно-Антоновка балдар үйү; в) (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 490 токтомуна ылайык алынып салынды) г) (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 490 токтомуна ылайык алынып салынды) д) (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 490 токтомуна ылайык алынып салынды) | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында, тартылган башка каражаттар | 2017-2018-жылдар ичинде | БИМ, ССМ, ЖМА, Этностор агенттиги, ЭСӨМ, ММБФ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) |
2) трансформациянын планын иштеп чыгуу, бекитүү жана киргизүү; | 2017-2018-жылдардын ичинде | БИМ, ЖМА, Этностор агенттиги, ЭСӨМ, Маммүлк, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | |||
3) үч интернаттык типтеги балдар мекемесинде трансформациянын планына баа берүүнү жүргүзүү | 2018-жылдын III-IV кварталы | Ведомстволор аралык жумушчу топ | |||