Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-октябры № 539
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик ишканаларын өзгөртүп түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр өзгөртүп түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Кызыл-Кыя "Динамо" тигүү фабрикасы" мамлекеттик ишканасы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Кызыл-Кыя "Динамо" тигүү фабрикасы" мекемесине;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин материалдык-техникалык камсыздоо жана коомдук тамактануу ишканасы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Материалдык-техникалык камсыздоо жана коомдук тамактануу кызматы" мекемесине;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин курулуш-монтаждоо башкармалыгы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мекемесине.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте:
- кайра уюштурулган юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитсин;
- эки айлык мөөнөттө аталган мекемелер жөнүндө жоболорду иштеп чыксын жана бекитсин;
- мекемелерди белгиленген тартипте юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мекемелер көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарынын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |