Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-октябры № 547
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду" даярдоо максатындагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду" даярдоо максатындагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду" даярдоо максатындагы грант жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду" даярдоо максатындагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду" даярдоо максатындагы грант жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банк) Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 547 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду" даярдоо максатындагы грант жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду" даярдоо максатындагы грант жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет.
Макулдашууга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-августундагы № 356-б буйругу менен жактырылган.
Бул Долбоорду иштеп чыгуунун максаты ушул программанын негизги аспекттерин колдоо, анын ичинде тоют өндүрүшүн, ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү программасын, ошондой эле долбоордук аймактагы фермерлерге инвестициялык колдоо көрсөтүү (ички чарбалык инвестициялар) аркылуу Ысык-Көл облусунун сүт тармагын өнүктүрүү программасынын максаттарына жетүүгө көмөктөшүү болуп эсептелет.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүнү колдоо боюнча долбоорду иштеп чыгуунун максаты болуп коңшу өлкөлөргө (Россия, Казакстан) сүт азыктарын экспорттоонун потенциалын жакшыртуу, сүт азыктарын өндүрүү боюнча адистешкен фермерлердин кирешелерин көбөйтүү, ошондой эле жабдууларды жеткирүү тармагынын алкагында жаңы жумушчу орундарын түзүү саналат.
Акыркы беш жылдын аралыгында Ысык-Көл облусунда орточо алынган сүттүн көлөмү бир уйга эсептегенде 2,06дан 2,08 тоннага чейин жеткен. Долбоордук иш-чаралардын натыйжасында облустун аймагындагы 30% саан уйларынан сүт өндүрүү 15%га өсүп, бир уйга эсептегенде 2,4 тоннага чейин жете тургандыгы күтүлүүдө.
Бул долбоор Ысык-Көл облусундагы сүт багытындагы малды өстүргөн фермерлерди Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жана ал аяктагандан кийин сүт азыктарын сатып өткөрүүчү тармакка киргизүү максатында алардын потенциалын чыңдоого жана өбөлгөлөрдү түзүүгө көмөк көрсөтөт. Фермерлер өндүрүүчү жана сатып өткөрүүчү тармакка активдүү катышуу үчүн зарыл болгон билимдерге, көндүмдөргө жана уюштуруучулук инфраструктурага ээ болушат, сүт секторундагы өзүнүн ишин жакшыртууга инвестицияларды салуу үчүн зарыл болгон капитал топтогонго, сатуулардын жана кирешелердин көлөмүн өндүрүүчүлөрдүн жана агроиштетүүчү ишканалардын деңгээлине жеткирүүгө, ошондой эле өлкө үчүн бюджеттик каражаттарды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Долбоор боюнча каржылоонун жалпы суммасы беш жүз жыйырма беш миң беш жүз АКШ долларын (525500 АКШ долл.) түзөт жана толук көлөмдө гранттык негизде берилет.
Долбоор Макулдашуунун шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аркылуу ишке ашырылат.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо финансы-экономикалык терс кесепеттерге алып келбейт.