Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Агенттик) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Агенттик Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялар, экспорт жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу ведомстволук бөлүнүшү болуп саналат.
3. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Агенттик өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес-коомдоштук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракетте ишке ашырат.
5. Агенттик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар. Агенттик жарандык-укуктук мамилелерде өзүнүн атынан чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жарандык-укуктук мамилелерде мамлекеттин атынан чыгууга укуктуу.
6. Агенттиктин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик";
- расмий тилде: "Государственное агентство по продвижению инвестиций и экспорта при Министерстве экономики Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "The State Agency for Investment and Export Promotion under the Ministry of Economy of the Kyrgyz Republic".
7. Агенттик обочолонгон мүлккө ээ, өзүнүн атынан мүлктүк укуктарды алууга жана сотто доогер жана жооп берүүчү болууга укуктуу.
2. Агенттиктин максаттары
8. Агенттиктин максаттары Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү, товарларды өнүктүрүүдө жана тышкы рынокторго жылдырууда ата мекендик потенциалдуу жана иштеп жаткан экспорттоочуларга көмөктөшүү, ошондой эле МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү болуп саналат.
3. Агенттиктин милдеттери
9. Агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын инвестициялык активдүүлүгүнө жана экспорттук потенциалына өбөлгө түзүү, МЖӨнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- инвестицияларды, экспортту жана МЖӨнү илгерилетүү жагында Кыргыз Республикасынын эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү;
- инвестицияларды, экспортту жана МЖӨнүн механизмдерин илгерилетүү аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоого көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык иштерди жүргүзүүдө келип чыккан инвестициялык талаш-тартыштарды чечүүгө көмөк көрсөтүү;
- экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү, ошондой эле инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомдоштуктардын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын инвестициялык программаларды жана долборлорду, анын ичинде МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууга жана коштоого байланышкан маселелер боюнча өз ара аракеттенүүлөрүн жана координациялоону камсыздоо.
4. Агенттиктин функциялары
10. Агенттик жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- консультацияларды, кеңешмелерди, семинарларды, форумдарды, көргөзмөлөрдү, соода миссияларын жана инвестициялар, экспорт жана МЖӨ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга байланышкан башка уюштуруу, маалыматтык, жарнамалык иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, экспорттоочулар жана Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү продукция жөнүндө, ошондой эле потенциалдуу инвесторлор, чет өлкөлүк импорттоочулар жана башка кызыкдар тараптардын арасында МЖӨнүн механизмдери тууралуу маалыматтарды даярдоо, чыгаруу жана жайылтуу боюнча чараларды көрөт;
- чет өлкөлүк инвесторлорду издөөдө жана чет өлкөлүк инвесторлор менен келишимдерди түзүүдө ата мекендик ишканаларга көмөк көрсөтөт;
- инвестициялык ишти жүргүзүүдө, потенциалдуу жана болгон инвесторлордун мамлекеттик органдар жана башка уюмдар, алардын кызмат адамдары жана өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүндө пайда болуучу инвестициялык талаш-тартыштарды чечүүгө консультативдик колдоо көрсөтөт;
- инвестициялык талаш-тартышты жөнгө салуу үчүн тараптардын ортосунда элдештирүү сүйлөшүүлөрүн жана консультацияларды уюштурат;
- МЖӨ долбоорлорун даярдоого жана илгерилетүүгө, ошондой эле МЖӨ долбоорлорунун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышат;
- Кыргыз Республикасынын МЖӨ чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо фондуна берилген документтердин пакетине экспертиза жүргүзүүгө катышат;
- МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун Байкоочу кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча уюштуруучулук, методикалык жана башка иштерди ишке ашырууга көмөк көрсөтөт;
- инвестициялык жана экспорттук саясаттын артыкчылыктарына жараша инвесторлорду жана чет өлкөлүк импорттоочуларды максаттуу издөөнү жүргүзөт;
- потенциалдуу чет өлкөлүк инвесторлор жана импорттоочулар, ошондой эле ата мекендик ишканалар менен аларды Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду, анын ичинен МЖӨ долбоорлорун жана экспорттук контракттарды ишке ашырууга тартуу максатында байланыштарды түзүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышуу боюнча чараларды көрөт;
- мамлекеттик органдардын, инвесторлордун, экспорттоочулардын жана чет өлкөлүк импорттоочулардын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
- долбоорлордун экономикалык максатка ылайыктуулугунун, экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымынын негизинде чет өлкөлүк инвесторлордун инвестициялык сунуштарына экспертиза жүргүзөт;
- инвестицияларды тартуу, экспортту жана МЖӨнү илгерилетүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жана түзүүгө катышат, ошондой эле пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү максатында алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
- инвестицияларды, экспортту жана МЖӨнү илгерилетүү жаатында мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышын координациялайт;
- өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды аныктоо максатында инвестицияларды, экспортту жана МЖӨнү илгерилетүү чөйрөсүндө мониторинг жана талдоо жүргүзөт, ошондой эле аларды жоюу боюнча сунуш киргизет;
- инвесторлордун, инвестициялык долбоорлордун, анын ичинде МЖӨ долбоорлорунун, ата мекендик ишканалардын (иштеп жаткан жана потенциалдуу экспорттоочулардын, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн) жана чет өлкөлүк импорттоочулардын маалыматтар базасын системалуу түрдө эсепке алууну түзөт жана жүргүзөт, ошондой эле маалыматтар базасын үзгүлтүксүз жаңылап турат;
- Агенттиктин электрондук маалыматтык ресурсун башкарат;
- экспорттоочулардын экспорттук даярдыгына жана мүмкүнчүлүктөрүнө диагностика, аудит жана баалоо жүргүзөт;
- экспортко багытталган ишканалардын региондук жана эл аралык соода көргөзмөлөрүнө катышуусуна көмөк көрсөтөт.
5. Агенттиктин укуктары
11. Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
- инвестициялар, экспорт жана МЖӨ чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берүүгө;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илим-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- инвестициялык долбоорлор, анын ичинде МЖӨ долбоорлору, инвестициялык жана экспорттук ишти өнүктүрүүнүн максаттуу программалары боюнча каржылоо, кредит берүү, кепилдиктерди берүү үчүн белгиленген тартипте кредиттик уюмдарды, фонддорду жана башка юридикалык жактарды келишимдик негизде тартууга;
- инвестициялык ишти өнүктүрүүнүн жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун максаттуу программаларын ишке ашыруунун алкагында иштерди аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө заказдарды жайгаштырууда мамлекеттик заказчы катары чыгууга;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого жана берүүгө;
- ушул Жободо белгиленген милдеттерге ылайык өз ишин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары белгиленген тартипте түзүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде бүтүмдөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
- жеке жана юридикалык жактар менен материалдык ресурстарды жана башка мүлктү сатып алуу боюнча белгиленген тартипте накталай эмес жана накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- кызматкерлерди конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга, анын ичинде чет мамлекеттердин аймагында өткөндөргө да катышуу үчүн командировкага жиберүүгө;
- кызматкерлерди квалификацияларын жогорулатуу максатында окутууга, анын ичинде Агенттиктин каражатынын эсебинен окутууга;
- жеке жана юридикалык жактарды эмгек макулдашууларынын, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряддык келишимдердин, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткарууга тартууга;
- инвестициялык жана экспорттук өбөлгөлөрдү түзүү, жеңилдиктерди жана кепилдиктерди берүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- акы төлөнүүчү жана акысыз негизде маалыматтык, коммуникациялык, статистикалык жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
12. Агенттик өзүнө бекитилген мүлктү жана ага смета боюнча бөлүнүп берилген каражаттын эсебинен сатылып алынган мүлктү ээликтен ажыратып алууга же башка жол менен тескөөгө укуксуз.
13. Агенттик келишимдик, кредиттик, эсептик, салыктык жана башка милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартат.
6. Агенттиктин ишин уюштуруу
14. Агенттиктин ишин директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Экономика министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
15. Агенттикте директордун орун басары кызматы каралат, ал Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өз ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүргүзөт.
16. Агенттиктин директору жок кезде анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
17. Директордон тышкары, Агенттиктин кызматкерлери мамлекеттик кызматкер болуп эсептелбейт.
18. Агенттиктин кызматкерлерине эмгек акы төлөө фондусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечими менен белгиленет.
19. Агенттиктин директору:
- Агенттиктин ишин жалпы жетектейт;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын ишканалары жана уюмдары, чет мамлекеттердин тийиштүү мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде өз ыйгарым укуктарынын чегинде Агенттиктин атынан чыгат, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;
- белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге жана инвестициялык макулдашууларга, ошондой эле башка документтерге кол коёт;
- белгиленген штаттык сандын чегинде Агенттиктин штаттык ырааттамасын жана түзүмүн Кыргыз Республикасынын Экономика министринин бекитүүсүнө берет;
- өз компетенциясынын чегинде Агенттиктин кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министри тарабынан дайындалуучу кызмат адамдарынан тышкары, Агенттиктин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Агенттиктин кызматкерлерине тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт, кызматкерлерди мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Агенттиктин түзүмдүк бөлүнүштөрү, кызматтык нускамалары, кызматкерлеринин милдеттери жөнүндө жоболорду бекитет;
- Агенттиктин ар жылдык иш планын бекитет;
- Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жоопкерчилик тартат;
- Агенттиктин мүлкүн жана каражаттарын белгиленген тартипте башкарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Агенттиктин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат.
7. Финансылык жана чарбалык иши
20. Агенттик өз ишин жүргүзүү максатында төмөнкүлөрдү колдонот:
- ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилген, мамлекеттин менчигиндеги мүлктү;
- финансылык каражаттарды, мүлктү жана башка объектилерди, анын ишинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачылык эмгектин продуктулары түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
21. Агенттиктин ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
8. Корутунду жоболор
22. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
23. Агенттик кайра түзүлгөндө же жоюлганда ишинен бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнүп берилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
24. Агенттиктин ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.