Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-октябры № 549
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун сапатын жана натыйжалуулугун, экспорттук потенциалдын өсүшүн жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик болуп өзгөртүп аталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
1-1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттикке Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынан экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү боюнча функциялар финансы жана материалдык-техникалык каражаттары, борбордук аппараттан 4 бирдик жана аймактык кызматтардан 7 бирдик штаты менен өткөрүп берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин штаттык саны техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды эсепке албаганда, 32 бирдик санында белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 539 "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Ишкана өз ишин импорттук-экспорттук операцияларды жөнгө салуу үчүн арыз ээлеринин зарыл болгон уруксат берүүчү-лицензиялык документтерди алуусунун жеткиликтүүлүгүн, жөнөкөйлүгүн жана ыкчамдуулугун камсыз кылуу аркылуу соода жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында жүргүзөт.";
- 10-пункттагы ", экспортту илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пункттун он алтынчы-жыйырманчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пункттун экинчи абзацындагы ", ошондой эле экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү" деген сөздөр алып салынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу схемасындагы "Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик" деген сөздөр "Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы, бүткүл тексти боюнча жана жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин аталышындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 1-пунктундагы "- бөлүм башчы" деген сөздөр алып салынсын.
8. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттикти түзүүгө байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикти түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |