Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-октябры № 546
Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын Үчүнчү улуттук билдирүүсүн жактыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууну камсыздоо максатында, 1992-жылдын 9-майындагы Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын Үчүнчү улуттук билдирүүсүн Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясынын Катчылыгына берүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
(Мазмунунун кагаз түрүндөгү варианты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивинде сакталат)