Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 553 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин атайын эсеби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (мындан ары - Комитет) атайын эсебиндеги каражаттар маалыматтык технологиялар жана байланыш жаатындагы тиешелүү материалдык-техникалык базаны, Комитеттин кызматкерлеринин талаптагыдай иштеши, алардын социалдык корголушу жана кепилдиктери үчүн зарыл болгон шарттарды уюштуруу максатында түзүлөт.
2. Атайын эсепти түзүү булактары жана тартиби
2. Комитеттин атайын эсебинин каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн алынуучу кирешелердин;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу кошумчаларынын;
- өзү чыгарган товарларды сатуудан түшкөн каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка кирешелерден.
3. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби
3. Комитеттин атайын эсебинин каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- Комитеттин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү, сактоо жана бекемдөөгө;
- бекитилген тартипке ылайык кызматтык автотранспорт, компьютердик, эсептөөчү жана көчүрүүчү техникаларды алуу жана жаңыртуу, жабдууларды, шаймандарды, материалдарды сатып алуу, курулуш жана кызматтык имараттын курулушуна үлүштүк катышуу, кызматтык максаттар үчүн имараттарды сатып алууга ж.б.;
- Комитеттин кызматкерлеринин маалыматтык технологиялар жана байланыш жаатындагы конференцияларга, семинарларга жана Комитеттин компетенциясына тиешелүү башка иш-чараларга катышуусуна;
- Комитеттин кызматкерлерине сыйлыктарды берүү жана материалдык жардам көрсөтүүгө;
- Комитеттин кызматкерлерине пенсияга чыгууда материалдык жардам көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык иштин нормадагыдан башкача, мөөнөттөн ашыкча режиминде иштегени үчүн маяналарга кошумчаларды төлөөгө;
- өкүлчүлүк чыгымдар, чет элдик делегациялар менен жолугушууларды уюштурууга, ошондой эле Комитеттин социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларын уюштурууга;
- Комитеттин кызматкерлерин окутууга, стажировкадан өткөрүүгө жана квалификациясын жогорулатууга;
- Комитеттин кызматкерлерине ден соолукту чыңдоочу мекемелерге алган жолдомолорунун баасынын бир бөлүгүн төлөп берүүгө;
- Комитеттин кызматкерлерине тамак-аш жана шаардын, райондук чегинде коомдук транспортто жүрүү үчүн чыгымдарын компенсациялоого;
- өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу штаттан сырткары туруктуу кызматкерлерди кармоого жана Эмгектик келишимге ылайык алынган кызматкерлерге акы төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Комитеттин ишине байланышкан башка чыгымдарды төлөөгө;
- Комитеттин жамааттык келишиминде каралган милдеттенмелерди аткарууга байланышкан чыгымдарга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайызсыз максаттуу зайымдарды, ссудаларын берүүгө;
- Комитеттин ведомстволук түзүмдөрүнө дотацияларды берүүгө.
4. Комитеттин кызматкерлерине атайын эсептеги каражаттардын эсебинен сыйлыктарды берүү Комитеттин коллегиясынын чечими менен бекитилүүчү Комитеттин кызматкерлерин материалдык сыйлоо тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
4. Эсептин жана отчеттун тартиби
5. Атайын эсептин каражаттары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын региондук бөлүмүндөгү Комитеттин өзүнчө эсебинде топтолот.
6. Атайын эсептин каражаттарын чыгымдоо чыгымдардын бекитилген сметасына жана иш жүзүндө түшкөн кирешелерге ылайык ишке ашырылат.
7. Атайын эсептин каражаттарын тескөөчү жана алардын пайдаланылышына жооптуу адам болуп Комитеттин төрагасы эсептелет.
8. Отчеттук жылдын аягында атайын эсептеги калган каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумшалат.