Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-октябры № 553
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин атайын эсеби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана өнүктүрүү, кызматкерлердин натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана социалдык коргоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин атайын эсеби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом 2016-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |