Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-октябры № 555
"Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.К.Акаев, Д.Д. Бекешев, А.Т. Сулайманов, Т.Э. Токтошев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрага | С. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 555 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Токтошев Э.Т., Акаев Ж.К., Сулайманов А.Т., Бекешев Д.Д. демилгелеген "Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Берилген Мыйзамдын долбоорунда, карышкырлардын, түлкүлөрдүн жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды кошпогондо, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин бардык түрлөрүнө - табигый эркин абалында жана жарым-жартылай эркин шарттарда жашаган жапайы жаныбарларга жана канаттууларга аңчылык кылууга тыюу салууну белгилөө сунушталган.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Исаков И.И., Абдырахманов О. жана Жээнбеков Р.Б. 2015-жылы демилгелеген "Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 737 токтому менен расмий корутунду берилгендигин белгилей кетүү керек.
Азыркы берилген Мыйзамдын долбоору мурда каралып чыккан Мыйзамдын долбооруна окшош.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда көрсөтүлгөн корутундусуна кошумча түрдө төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык, аңчылыкка тыюу салууну киргизүүгө акыркы жыйырма жылда жапайы жаныбарлардын санынын кыйла кыскаргандыгы негизги себеп болгон.
Буга байланыштуу, учурда Кыргыз Республикасында 52 юридикалык жак жана жеке адамдар (41 жеке, 9 коомдук жана 2 мамлекеттик) бекитип берилген жалпы аянты 14,4 млн. га болгон жерде жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин аңчылык максатында пайдаланышаарын, алардын ичинен курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) - 7,2 млн. га, коомдук уюмдарга - 3,2 млн. га жана жеке аңчылыкты пайдалануучуларга - 4,0 млн. га бекитип берилгенин белгилеп кетүү зарыл.
Учурдагы аңчылыкты пайдалануучулардын ичинен 42 жак Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 673 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин юридикалык жактарга пайдаланууга берүүгө өткөрүлгөн конкурстун натыйжалары боюнча аңчылык жерлерин 2014-жылы 9 жылдык мөөнөткө пайдаланууга алган.
Белгилүү бир аңчылык жерлерде аңчылык чарбасын жүргүзүү укугун берүү биринчи кезекте жаныбарлар дүйнөсүн сактоо максатында жүргүзүлөт.
Бекитилип берилген аңчылык жерлерде жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин кайтаруу атайын чаралар менен камсыз кылынат, алар төмөнкүлөрдү: Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин кайтаруунун өзгөчө режимин түзүүнү, айрым талаптарды жана эрежелерди белгилөөнү, пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча аңчылыктын айрым мөөнөттөрүн белгилөөнү, аңчылык түрлөрүн олжолоонун лимиттерин/квоталарын жана ченемдерин киргизүүнү камтыйт.
Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык аңчылыкты пайдалануучулар жапайы жаныбарларды жана алар жашаган чөйрөнү жыл бою кайтарууну, жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарынын абалына таасир этүүчү терс факторлорду минималдаштырууну, аңчылык ресурстарды сактоону жана көбөйтүүнү камсыз кылат, бул жергиликтүү аңчыларды, ошондой эле чет өлкөлүк аңчы туристтерди тартуу үчүн өбөлгөлөрдү түзөт.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында бекитип берилген мергенчилик жерлерде жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин кайтарууну, санын калыбына келтирүүчү жана биотехникалык иш-чараларды жүргүзүүнү 219 егерь, алардын ичинен: 63 егерь - мамлекеттик мергенчилик участокторунда, ал эми 156 егерь коомдук жана жекече-мергенчилик чарба уюмдарына бекитип берилген жерлерде жүзөгө ашырат.
Мындан тышкары, көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө аңчылыкты пайдалануучулар аңчылык чарба ишин уюштурууга, ички чарбалык аңчылыкты жүргүзүүгө келишимдерди түзүүгө, аңчылык чарба курулуштарын (аңчылык лагерлерин, егердик кордондорду, көмөкчү жайларды) курууга, материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга, пайдаланууга берилген аңчылык жерлеринин аймактарын ыңгайлаштырууга олуттуу акча каражаттары чыгымдалгандыгы жана Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда алар тарткан чыгымдардын компенсациялана тургандыгы же жоктугу менен байланышкан тынчсызданууларын айтышкандыгын белгилеп кетүү керек.
Жыл сайын кайтаруучу, санын калыбына келтирүүчү жана биотехникалык иш-чараларды жүргүзүүгө (аңчылык жаныбарларынын өлүм-житимин четтетүү, аңчылык ресурстарды кошумча тоюттандыруу жана жашаган чөйрөнүн коргоочу жана тоют шарттарын жакшыртуу, аңчылык ресурстардын табигый калыбына келишинин шарттарын сактоо жана жакшыртуу, аңчылык ресурстардын ылаңдарын четтетүү жана башкалар) аңчылыкты пайдалануучулар, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз каражаттарынан 34373,0 миң сомго жакын каражатты жумшайт.
Кыргыз Республикасында жергиликтүү аңчылар жапайы жаныбарларды спорттук-ышкыбоздук максаттарда олжолоосуна да жыл сайын лимиттер белгиленет. Ошол эле учурда акыркы жылдарда белгиленген лимиттер азаюуда, 2012-2013-жылдардагы аңчылык сезонуна салыштырганда спорттук-ышкыбоздук максаттарда белгиленүүчү лимиттин өлчөмү 50%дан ашуун азайган:
Жапайы жаныбарлардын түрлөрү | 2012-2013-жылдардагы аңчылык сезонунда | 2015-2016-жылдардагы аңчылык сезонунда | 2012-2013-жылдардагы аңчылык сезону менен салыштыргандагы айырма | |||
Лимит (баш) | Ишке ашырылганы | Лимит (баш) | Ишке ашырылганы | Лимит (баш) (> аз) | Ишке ашырылганы (> аз) | |
тоо эчкиси | 1255 | 982 | 490 | 112 | >765 же 61%га | >870 же 88%га |
элик | 242 | 152 | 85 | 10 | >157 же 65%га | >142 же 93%га |
каман | 121 | 83 | 54 | 34 | >38 же 55% | >49 же 60%га |
кыргоол | 4244 | 3640 | 2202 | 1906 | >1842 же 48%га | >1808 же 48%га |
Чет өлкөлүк аңчы туристтерге аңчылык турларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн памир түрүндөгү 70 аркар эсебинде лимит белгиленет, бул анын жалпы санынын 0,5 пайызга жакынын түзөт. Аркарды ушундай өлчөмдө олжолоо, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын баа берүүсү боюнча, анын популяциясынын абалына олуттуу таасир этпейт. Мында 7 жаштан ашкан кулжаларды гана олжолоого уруксат берилет.
Мындан тышкары, республиканын региондорундагы айрым мергенчилик жерлер жайгашкан аймактарында (Талас облусу, Чүй облусу, Ысык-Көл облусунун Тоң, Ак-Суу, Түп райондору, Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал райондору, Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондору) аркарды олжолоого чектөөлөр коюлган.
Чет өлкөлүк аңчы туристтерге аңчылык турларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн тоо эчкисин олжолоого 400 баш же болбосо жаныбарлардын ушул түрүнүн эсепке алынган санынын 0,8 пайызы эсебинде ар жылдагы олжолоо лимити белгиленет.
Мыйзамдуу негизде жүргүзүлүп жаткан аңчылык жапайы жаныбарлардын санына терс таасир этпейт.
Жаныбарлар дүйнөсүн сактоо үчүн шарттарды жакшыртуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган айрым чараларды көрүп жатат.
2014-2016-жылдардагы аңчылык сезонунда төмөнкү мергенчилик жерлерде Кыргыз Республикасынын жарандарына спорттук-ышкыбоздук максаттарда туяктуу жаныбарларга аңчылык кылуу убактылуу токтотулган:
- Ош облусу: Өзгөн, Ноокат жана Кара-Суу райондору;
- Жалал-Абад облусу: Сузак жана Базар-Коргон райондору;
- Чүй облусу: Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору;
- Талас облусу: Кара-Буура жана Манас райондору;
- Баткен облусу: Лейлек району;
- Нарын облусу: Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондору;
- Ысык-Көл облусу.
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо боюнча кошумча чаралар катарында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кийин аларды кезектештирүү менен республиканын айрым региондору (облустары) боюнча 3 жылга чейин аңчылыкка жергиликтүү тыюу салууларды киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдап жатат.
Туруктуу башкаруу аркылуу мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жапайы жаныбарларды сактоого, санын калыбына келтирүүгө жана республикалык бюджеттин кирешелүү бөлүгүнүн көбөйүшүнө, анын ичинде жергиликтүү бюджетке кыйла акча каражаттарынын келип түшүшүнө көмөктөшөт.
Андан тышкары "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын жана аларды алуу жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому кабыл алынган, ага ылайык жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу үчүн акынын ставкаларынын өлчөмү бир нече эсе көбөйгөн.
Алсак, чет өлкөлүк адамдардын (аңчылар) аркарды олжологону үчүн ставка 450000 сомду түзөт (токтом кабыл алынганга чейин 250000 сом болгон); тоо эчкиси 70000 сом (мурда - 36000 сом); элик 30000 сом (мурда - 10000 сом); республиканын жарандары (аңчылары) үчүн - аркарга ставка 450000 сомду түзөт (токтом кабыл алынганга чейин 250000 сом болгон); тоо эчкиси 10000 сом (мурда - 600 сом); элик 8000 сом (мурда - 400 сом) ж.б., бул да республикалык бюджеттин кирешелүү бөлүгүн олуттуу жогорулатты.
Мында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу үчүн келип түшкөн каражаттардын 75% басымдуу түрдө жаратылышты коргоочу жана биотехникалык иш-чараларды жүргүзүүгө жумшалат.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, аңчылыкка тыюу салуу жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн алынуучу 50,0 млн. сомдон ашуун каражаттын республиканын бюджетине келип түшүүсүн жокко чыгарат. Андан сырткары аңчы туристтердин Кыргыз Республикасында келип-кетишине байланышкан чыгымдар - 70,0 млн. сомду түзөт.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинде каралган жергиликтүү бюджетке акча каражаттарынын келип түшүшүнүн булактарынын биринен ажырайт, анда аңчылык жаныбарларын атайын пайдалануу үчүн төлөмдүн суммасынын 25 пайызы - жаныбардын олжолонгон жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерине бөлүштүрүлөт деп белгиленген, бул болсо 12,5 млн. сомдон ашык каражатты түзөт.
Белгилей кетчү нерсе егерлерди күтүүгө жыл сайын 14734,0 миң сом каралат, алардын ичинен: ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын егерлерин күтүүгө республикалык бюджеттен - 5292,0 миң сом (башкача айтканда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин эмгек акысына жана Соцфондго чегерүүлөргө жүргүзүлөт) жана менчиктин коомдук, жеке формаларындагы аңчылыкты пайдалануучулардын өз каражаттарынан 9442,0 миң сом бөлүнөт.
Каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу үчүн, егердик курамдын материалдык-техникалык базасын жабдууга жана чыңдоого республикалык бюджеттен кошумча финансылоо талап кылынат.
2. Мыйзамдын долбооруна карата жөнгө салуучу таасирди талдоого (мындан ары - ЖСТТ) келсек, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген ишкерлик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актыларга ЖСТТны жүргүзүү методикасынын (мындан ары - Методика) талаптарына ылайык келбей тургандыгын белгилейбиз.
Методикага ылайык проблемаларды аныктоо этабында табылган бардык жагымсыз окуяларды талдоону жүргүзүү, алардын жана алардын келип чыгышына түрткү болгон себептердин ортосундагы байланыштарды табуу, табылган бардык байланыштарды "проблемалар багында" чагылдыруу, башкача айтканда, жагымсыз натыйжаларга алып келген өзөктүү проблеманы табуу жана көрсөтүү зарыл.
Максаттарды аныктоо этабында мамлекеттик жөнгө салуунун конкреттүү максаттары түзүлүүгө жана максаттарга жетишүүнүн сандык жана сапаттык индикаторлору (таасир этүү көрсөткүчү) аларга жетишүүгө баа берүү үчүн максаттуу белгилер менен аныкталууга тийиш, башкача айтканда, ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу максатынын так баяндамасын жана тиешелүү мамлекеттик жөнгө салууну өзгөртүүнү болжолдогон варианттар үчүн жетишүү индикаторлорун көрсөтүү зарыл.
Ошондой эле сунушталган ЖСТТда проблемалардын масштабдары (экономикалык, социалдык, аймактык, мезгилдик жана башка өлчөмдөрдө) жана ушундай проблемаларда көйгөйлөрдү чечүүнүн эл аралык тажрыйбасы чагылдырылган эмес.
"Бардыгын болгонундай калтыруу" вариантынан тышкары, ЖСТТ мамлекеттик жөнгө салууну өзгөртүүнү болжолдогон жөнгө салуунун кеминде 2 альтернативдүү вариантын камтууга тийиш. Мында буларды белгилеп кетүү зарыл: ар бир вариант үчүн жөнгө салуу ыкмасынын сыпаттамасы, индикаторлордун максаттуу маанилери, ошондой эле укуктук, экономикалык жана башка талдоолор келтирилет. Натыйжада максаттарга жетүү үчүн көрүлүүгө тийиш болгон конкреттүү аракеттердин толук сыпаттамасы алынууга тийиш.
Жөнгө салуу вариантынын таасиринин күтүлгөн натыйжаларын аныктоо этабында ар бир категория: ишкерлик субъекттери, жеке жактар жана алардын бирикмелери, мамлекеттик органдан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча жөнгө салуунун сунуш кылынган варианттары жагынан таламдаш тараптардын пикирлерин талдоону жүргүзүү жана алардын кызыкчылыктары кандай түрдө козголуп жатканын көрсөтүү зарыл.
Буга байланыштуу ЖСТТда ар бир категория боюнча жөнгө салуунун сунуш кылынган варианттары жагынан Мыйзамдын долбоору боюнча таламдаш тараптардын пикирин көрсөтүү, ошондой эле кимдин пикири эске алынганын же эске алынбаганын сүрөттөө зарыл.
Ошондой эле экономикалык талдоону жүргүзүү этабында натыйжалардын ар бирин финансылык жактан баалоо жана мамлекет үчүн, ошондой эле ишкерлер үчүн чыгымдардын/пайданын суммалык баасын көрсөтүү керек.
Турмушка ашыруу үчүн жөнгө салуунун вариантын тандоо этабында жөнгө салуунун максаттарына жетүү деңгээли жана ар кандай таламдаш тараптардын кызыкчылыктарына шайкештиги боюнча жөнгө салуунун ар бир вариантына баа берүү, ошондой эле өз ара жөнгө салуу варианттарын салыштыруу жана жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары боюнча эң мыктысын тандоо зарыл.
Баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Т.Токтошев, Ж.К.Акаев, А.Т.Сулайманов, Д.Д.Бекешев демилгелеген "Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу али эрте деп эсептейт.