Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-октябры № 557
"2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу"); 2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоорунун алкагында ЕРӨБ акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну; 2016-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2015-жылдын 30-ноябрындагы Гранттык макулдашууга № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу");
2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоорунун алкагында ЕРӨБ акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү баякынын ортосундагы Гранттык макулдашууну; 2016-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2015-жылдын 30-ноябрындагы Гранттык макулдашууга № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу"); 2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоорунун алкагында ЕРӨБ акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга; 2016-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2015-жылдын 30-ноябрындагы Гранттык макулдашууга № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министри жана Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
1-берене.
2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ("Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу"); 2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоорунун алкагында ЕРӨБ акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу; 2016-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2015-жылдын 30-ноябрындагы Гранттык макулдашууга № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы № 557 токтому менен жактырылган |
2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ("Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу"); 2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоорунун алкагында ЕРӨБ акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу; 2016-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2015-жылдын 30-ноябрындагы Гранттык макулдашууга № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге каршы келбейт
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Кредиттик жана Гранттык макулдашуулардын, Гранттык макулдашууга № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуунун долбоорлору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү тармактык комитеттери: Эл аралык иштер боюнча комитети; Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети; Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-ноябрындагы № 578-б буйругу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 246-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашууларды түзүү маселеси Бишкек шаардык кеңешинде каралган. Анын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 25-декабрындагы № 168 "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү" долбоорун ишке ашырууну улантуу үчүн кредиттик жана гранттык каражаттарды тартууга макулдук берүү жөнүндө" токтому кабыл алынды.
Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Бишкек шаарынын мэри, Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору 2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюшкан.
Кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министри 2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол койгон.
Гранттык макулдашууга № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Бишкек шаарынын мэри, Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору 2016-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарында кол коюшкан.
Макулдашуулар Бишкек шаарынын коомдук транспортун андан ары өнүктүрүү, жаңы троллейбустарды сатып алуунун эсебинен калкты транспорт менен тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, ошондой эле Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында түзүлдү.
Долбоордун жалпы суммасы 8,424 млн. евро. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы кредит түрүндө 5,0 млн. евро өлчөмүндө, грант түрүндө 2,9 млн. евро өлчөмүндө каражаттарды, 0,524 млн. евро суммасында техникалык кызматташтыктын кайтарымсыз берилген каражаттарын бөлүп берет. Каражаттарды эки транш менен бөлүп берүү болжолдонууда.
Кредит 10 жылга берилет, анын ичинде эки жылдык жеңилдетилген мезгил, пайыздык ставка Еврибор +1,0% (термелүүчү пайыздык ставканы эске алуу менен).
Кредит 2017-жылдын 30-ноябрынан тартып, ар жылдын 30-ноябрында жана 30-майында, 16 бирдей жарым жылдык төлөмдөр менен төлөнөт, акыркы төлөм 2025-жылдын 30-майы.
Бул долбоордун алкагында республикалык бюджеттен бирге каржылоо каралган эмес.
Макулдашууларды ратификациялоо социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана финансы-экономикалык кесепеттерге алып келбейт.