Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 560 токтому менен бекитилген |
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык ПРОГРАММАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасы (мындан ары - Программа) - бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды (мындан ары - ДМЧА) коомго максималдуу толук интеграциялоо үчүн мамлекет тарабынан кепилденген реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана шарттары.
2. ДМЧАлардын тиричиликтик аракети менен иштөөдөгү чектелгендерине ылайык конституциялык укуктары менен эркиндиктерин социалдык интеграциялоо аркылуу бирдей камсыз кылуу болуп саналат.
3. Программанын алкагында ДМЧАларды реабилитациялоонун негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- медициналык реабилитациялоо, анын ичинде реконструктивдүү хирургия, калыбына келтирүүчү дарылоо, протездөө, санаториялык-курорттук дарылоону;
- кесиптик багыт берүүнү, окутуу жана билим берүүнү, ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүнү, өндүрүштүк адаптациялоону;
- социалдык реабилитациялоо, анын ичинде социалдык-чөйрөлүк, социалдык-педагогикалык, социалдык-психологиялык, социалдык-маданий реабилитация, социалдык-тиричиликтик адаптациялоону;
- дене-тарбиялык - ден соолукту чыңдоочу иш-чаралар, спортту.
Бул багыттар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун жекече программасынын базалык бөлүгү болуп саналат.
2. Программаны каржылоо
4. Программанын алкагында ДМЧАларга көрсөтүлүүчү реабилитациялык кызматтар төмөнкү каражаттардын эсебинен каржыланат:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден;
- соопчулук төгүмдөрүнөн жана кайрымдуулуктардан;
- гранттардан жана донордук жардамдардан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардан.
3. Программаны администрациялоо
5. Программаны администрациялоо эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын структуралык бөлүнүштөрү тарабынан жүргүзүлөт.
6. Реабилитациялык кызмат төмөндөгүлөр тарабынан көрсөтүлөт:
- мамлекеттик реабилитациялык борборлор тармактары, анын ичинде илимий-өндүрүштүк тармактар;
- саламаттык сактоо уюмдарынын калыбына келтирүүчү дарылоо бөлүмдөрү;
- атайын билим берүүчү уюмдар;
- адистешкен санаториялык-курорттук мекемелер;
- ДМЧА социалдык-тиричилик кызмат көрсөтүүлөрү боюнча адистештирилген ишканалар жана мекемелер;
- мамлекеттик жана муниципалдык органдардын колдоосунда иштеген мамлекеттик эмес реабилитациялоочу борборлордун тармактары;
- менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан уюмдар.
7. "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам, бала" деген расмий статусунун болушу программанын алкагында реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрүнүн шарты болуп саналат. Бул статус медициналык-социалдык эксперттик комиссия (мындан ары - МСЭК) тарабынан майыптыгынын тобу же категориясы белгиленген учурдан баштап пайда болот. ДМЧА (же анын мыйзамдуу өкүлү) менен макулдашылган, МСЭК тарабынан түзүлгөн жекече реабилитациялоо программасынын болушу экинчи шарт болуп саналат.
4. Реабилитациялоонун жекече программасы
8. Реабилитациялоонун жекече программасы (мындан ары - РЖП) ДМЧАларга акысыз көрсөтүлүүчү же жеңилдетилген шартта көрсөтүлүүчү реабилитациялык иш-чаралардын базалык түрүн камтыйт. Мындан тышкары РЖП акы төлөөгө ДМЧА өздөрү жана (же) жеке менчик формасына карабастан юридикалык жактар катышкан реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдү камтышы мүмкүн. Кесиптик ооруда же жумуш берүүчүнүн күнөөсү боюнча мертинүү алган, жогоруда айтылган себептер боюнча жарандардын майыптыгы белгиленген учурда медициналык-социалдык экспертиза маселелерин жөнгө салуучу жобого ылайык, МСЭКтин корутундусу боюнча реабилитациялык кызматтар аларга кошумча жардам катары көрсөтүлөт.
9. РЖПны ишке ашырууда жөнгө салуучу иш-чаралардын комплекстик жана үзгүлтүксүздүк ырааттуулугу камсыздалат. Реабилитациялоонун натыйжалуулугунун динамикасын байкоону жана баалоону МСЭК ишке ашырат.
10. РЖПда реабилитациялык иш-чаралардын түрлөрү, формалары жана алардын көлөмү, өткөрүү мөөнөтү жана аткаруучулар аныкталат.
11. РЖПны иштеп чыгуу, милдеттүү түрдө баштапкы жолу майыптыкты, ошондой эле жарандын кайрадан күбөлөндүрүүсүн белгилөөнүн бардык учурлары МСЭК тарабынан ишке ашырылат. РЖПны күбөлөндүрүү мөөнөтү дайындалат, бирок ал 5 жылдан ашпайт.
РЖП клиникалык жана эмгек болжолун эске алуу менен медициналык-социалдык экспертизанын натыйжаларынын негизинде түзүлөт. РЖПны түзүүдө МСЭКтин адистери ДМЧАларга реабилитациялык иш-чаралардын максаты, милдеттери, мүмкүн болуучу натыйжаларын түшүндүрүүгө милдеттүү, ал күбөлөндүрүү актысына тиешелүү белги коёт. РЖПДМЧА үчүн сунуштоочу мүнөздө болот жана анын (же мыйзамдуу өкүлүнүн) жазуу түрүндөгү макулдугун талап кылат.
РЖПны иштеп чыгуу мөөнөтү төмөнкү этаптардан турат: ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга мүмкүндүк берүүчү реабилитациялык-эксперттик диагностикалоону жүргүзүү, реабилитациялык потенциалды баалоо, реабилитациялык болжолдоо жана иш-чараларды, техникалык каражаттарды аныктоо жана тиричилик, коомдук жана кесиптик иш-аракетин аткаруу үчүн жоготкон жөндөмдүүлүктөрүн калыбына келтирүү же аларды компенсациялоо.
Зарыл учурда МСЭК саламаттыкты сактоо, реабилитациялоо чөйрөсүндөгү ишти аткаруучу жумушка орноштуруу кызматынын, профсоюздардын, башка органдардын жана мекемелердин адистерин тарта алышат.
Коллегиалдуу талкуудан кийин, РЖПнын аткарылышы жөнүндө корутунду МСЭКтин төрагасы тарабынан бекитилет жана ДМЧАларга (же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө) билдирилет.
ДМЧАлар өздөрү РЖПны аткарбай калган учурда МСЭКтин адистери реабилитациялык программанын пункттарынын аткарылбай калуу себептерин аныкташат. Зарылдыгына карай РЖПны ишке ашырууну координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын аймактык башкармалыктарынын социалдык кызматчыларына тапшырылышы мүмкүн.
12. РЖП ушул программанын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген чоң адамдар жана балдар үчүн бирдиктүү форма (карта) түрүндө толтурулат. РЖП 2 нускада түзүлөт МСЭКтин төрагасы тарабынан бекитилет, мөөр басылып күбөлөндүрүлөт жана ДМЧА (же анын өкүлү) тарабынан кол коюлат. Бир нускасы ДМЧАга (же анын мыйзамдуу өкүлүнө) берилет. Экинчи нускасы МСЭК күбөлөндүрүүчү делого тиркелет.
5. Реабилитациялоонун түрлөрү
13. Медициналык реабилитация - органдардын жоготулган функцияларын калыбына келтирүүгө, аларды компенсациялоого же алмаштырууга, ошондой эле күчөгөн ооруларды токтотууга багытталган дарылоо-диагностикалык, санаториялык-курорттук жана медициналык-социалдык иш-чаралар комплекси.
ДМЧАларды медициналык реабилитациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:
Реконструктивдүү хирургия - хирургиялык операциялар анын ичинде, органдардын структураларын жана функцияларын калыбына келтирүү, тубаса же пайда болгон кемчиликтердин натыйжаларына жол бербөө же азайтуу үчүн татаал (жогорку технологиялуу) операциялар.
Калыбына келтирүүчү терапия - оорунун же жаракат алуунун натыйжасында төмөндөгөн/жоготулган, бузулган функцияларды калыбына келтирүү/компенсациялоо максатында организмге таасир берүүнү билдирген терапия.
ДМЧАларды медициналык-санитардык жардам жана дары-дармек каражаттары менен камсыздоонун уюштуруу-укуктук негизи Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.
ДМЧАларга санаториялык-курорттук дарылоого жолдомо берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
14. ДМЧАларды кесиптик жактан реабилитациялоо - бул анын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, экономикалык көз карандысыздыгын калыбына келтирүү системасы.
Кесиптик реабилитация ДМЧАнын өзгөчөлүгүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кесип тандоо максатында көрсөтүлөт.
Кесиптик реабилитациялоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кесипке багыттоо;
- кесиптик окутуу;
- ишке орношууга көмөк көрсөтүү;
- ДМЧАлардын эмгек шарттарын контролдоо:
ДМЧАлар РЖПны эске алуу менен өздөрүнүн майыптык категориясына жана тобуна карабастан эмгектенүү укугуна ээ.
ДМЧАларды ишке орноштуруу жана кесиптик окутуу Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү, билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан камсыздалат.
15. ДМЧА балдар үчүн РЖПнын өнүктүрүүчү/билим берүүчү бөлүгү психикалык-медициналык-педагогикалык консультациялар тарабынан түзүлөт жана мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана/же жалпы орто билим берүүнү камтыйт.
Мектеп жашына чейинки жана мектеп жашындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарда алардын билим жана тарбия алуусу үчүн шарттар түзүлөт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын ден-соолугу жалпы билим берүү уюмдарында окууга мүмкүндүк бербесе, атайын билим берүү жайларына жөнөтүлөт же аларды жалпы билим берүүчү же жекече программа боюнча үйдө окутуу уюштурулат.
16. Социалдык реабилитация - ДМЧАларды жашоо чөйрөсүндөгү тиричилик аракетине ыңгайлаштырууга багытталган, уюштуруучу, экономикалык жана шаар курулушу жана башка иш-чаралардын комплекси.
ДМЧА үчүн социалдык реабилитациялоо кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү төмөнкүлөргө:
- жергиликтүү инфраструктуралардын өнүктүрүү деңгээлине;
- күндүзгү жана ресурс борборлорунун реабилитациялоо тармагынын болушуна;
- алардын үй-бүлөлүк статусуна, билим берүү, психологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша болот.
Социалдык реабилитациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:
- социалдык-чөйрөлүк реабилитация - бул тийиштүү ыңгайлуулуктарга жана кызмат көрсөтүүлөргө шайкеш келген турак жайды жана инфраструктураны уюштуруу боюнча чаралар комплекси;
- социалдык-тиричиликтик реабилитация - ДМЧАлар үчүн (ыңгайлаштырылган) коопсуз ыңгайлуу тиричилик чөйрөсүн түзүү; тиричилик жана гигиеналык көндүмдөрдү калыптандыруу;
- социалдык-психологиялык реабилитация - ДМЧАларды үй-бүлөдөгү жана коомдогу ар кандай социалдык көрүнүштөрдөн калыбына келтирүү (калыптандыруу) боюнча психологиялык иш-чаралардын комплекси;
- социалдык-педагогикалык реабилитация - бул билим берүү программаларын, билимди алууну ДМЧАлардын өздөштүрүүсү боюнча чаралар;
- дене тарбия жана спорт - бул ДМЧАлардын компенсатордук механизмдерин активдештирүүгө жана анын инсандык статусун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү чаралар.
Социалдык реабилитация иш-чараларынын негизи максаты ДМЧАлардын өз алдынча жашоого карата өзүн-өзү тейлөө, өз алдынча басып-жүрүү, багыт алуу, баарлашуусу боюнча аракети.
ДМЧАлардын басып-жүрүү, өзүн-өзү тейлөө, багыт алуу, баарлашуу сыяктуу жана башка категориядагы тиричилик аракети жашоо чөйрөсү мүмкүндүк берген чөйрөдө гана жүрүшү мүмкүн.
Айлана-чөйрө, транспорт, маалымат жана байланыш объекттери, ДМЧАда пайда болгон тоскоолдуктарды жоюу максатындагы жабдуулар деп түшүнүлөт:
1) Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн мезгилдүү, илимий, окуу-методикалык, маалымдама-маалыматтык жана көркөм адабияттарды чыгаруу, анын ичинде аудиокассеталарда, дискеттерде, рельефтүү-чекиттик Брайл шрифттери менен жана видео кассеталарды сурдологиялык котормосу менен чыгаруу, аткаруу маалымат алууну камсыздоо;
2) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык-маданий багыттагы региондук инфраструктура объекттерине ээ болуусун камсыздоо.
Социалдык инфраструктуранын иштеп жаткан объекттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ДМЧАнын коомдук уюмдарынын катышуусу менен аныкталган тартипте жана шарттарда ДМЧАлардын алуусу, пайдалануусу үчүн ыңгайлаштырылууга тийиш.
6. Программаны ишке ашыруунун мониторинги жана баалоо
17. Программаны мониторингдөө жана баалоо Программанын натыйжалуулук индикаторлорунун, реабилитациялык көрсөтүлгөн кызматтарынын жеткиликтүүлүгү, сапаты жөнүндө, ДМЧАлардын ой-пикирлерин изилдөөнүн негизинде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт. Программанын натыйжалуулугунун индикаторлору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
|
| Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасынын 1-тиркемеси |
Форма
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун жекече ПРОГРАММАСЫ
Паспорттук бөлүк
Күбөлөндүрүү актысы ________________________ № _________________________________
Медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) ________________________________
_________________________________________________________________________________
(аталышы)
1. Аты-жөнү ______________________________________________________________________
2. Туулган датасы ________________________ 3. Жынысы ______________________________
4. Билими (адистик билимин кошкондо): _____________________________________________
_________________________________________________________________________________
5. Негизги кесиби _________________________________________________________________
6. Адистиги ______________________________________________________________________
7. Күбөлөндүрүүдөн өтүп жаткан учурдагы иш орду: _________________________________
_________________________________________________________________________________
8. Дареги жана иштеген жери: шаар, айыл (район) ______________________________ көчөсү
_____________ үй №_____________ кв ______________ телефон ________________________
9. Социалдык-турмуштук, экономикалык, чөйрөлүк статусу: жалгыз, үй-бүлөлүү
(үй-бүлө мүчөлөрүнүн санын көрсөтүү) _____________________________________________,
багуучу (багуусундагылардын санын көрсөтүү) _______________________________________,
багуучу, жетим, иштейт, иштебейт, жумушсуз, жаш курагы, майыптыгы боюнча өтөгөн
жылына байланыштуу пенсионер, иммигрант, жашаган жери белгисиз аргасыз келгин,
жазык мөөнөтүн шарттуу түрдө өтөөчү, жеке менчик үйүнүн болушу
(жалпы аянты чарчы метр ________________________________________________________).
10. Киреше булактары: эмгек акы ________________________________________ сом/айына,
курагы боюнча пенсия ________________________________________ сом/айына, майыптыгы
боюнча пенсия _____________________________________ сом/айына, иштеген жылдар үчүн
пенсия _____________________________________ багуучусун жоготкондогу боюнча пенсия
________________ сом/айына, стипендия __________________________________ сом/айына,
башка киреше булактары _______________________________________________ сом/айына.
11. Майыптык тобу _______________________________________________________________
12. Күбөлөндүрүүнүн түрү: биринчи, экинчи.
13. Акыркы 5 жылдагы майыптыгынын динамикасы (жылдар боюнча) ___________________
________________________________________________________________________________
14. Клиникалык диагноз __________________________________________________________
________________________________________________________________________________
Медициналык реабилитация
Иш-чаралар, кызмат көрсөтүүлөр | Рекомендациялар | |||
Белгиленген мөөнөтү | Аткаруучу | Аткарылгандыгы (аткарылбагандыгы жөнүндө белги) | Аткарылбагандыгынын себеби | |
Реконструктивдүү хирургия |
|
|
|
|
Дары-дармектүү терапия |
|
|
|
|
Физиотерапия |
|
|
|
|
Механотерапия |
|
|
|
|
Кинезотерапия |
|
|
|
|
Фитотерапия |
|
|
|
|
Психотерапия |
|
|
|
|
Эмгек терапиясы |
|
|
|
|
ДДТ (дарылоочу дене тарбия) |
|
|
|
|
Массаж (укалоо) |
|
|
|
|
Мануалдык терапия |
|
|
|
|
Логопеддик жардам |
|
|
|
|
Санаториялык-курорттук дарылоо |
|
|
|
|
Протездөө |
|
|
|
|
Ортопеддик жардам |
|
|
|
|
Татаал ортопеддик жардам |
|
|
|
|
Медициналык реабилитациялоонун техникалык каражаттары (заара, заң алуу ж.б.) |
|
|
|
|
Башкалар |
|
|
|
|
Кесиптик реабилитация
Иш-чаралар, кызмат көрсөтүүлөр | Рекомендациялар | |||
Белгиленген мөөнөт | Аткаруучу | Аткарылгандыгы (аткарылбагандыгы ж-дө белги) | Аткарылбагандыгынын себеби | |
1. Кесиптик багыттоо: өндүрүштүк шарттарда |
|
|
|
|
2. Социалдык коргоо системасында |
|
|
|
|
3. Билим берүү системасында: |
|
|
|
|
1) атайын орто билим |
|
|
|
|
2) жогорку билим |
|
|
|
|
Кесиптик багыт (ресурс борборлору, курстар) |
|
|
|
|
Ишке орноштуруу: көрсөтүлгөн эмес/көрсөтүлгөн |
|
|
|
|
Атайын түзүлгөн шарттарда |
|
|
|
|
Үйдө |
|
|
|
|
Муктаж эмес |
|
|
|
|
Социалдык реабилитация
Иш-чаралар, кызмат көрсөтүүлөр | Рекомендациялар | |||
Белгиленген мөөнөт | Аткаруучу | Аткарылгандыгы (аткарылбагандыгы ж-дө белги) | Аткарылбагандыгынын себеби | |
Социалдык-тиричилик реабилитатациялоо маселелери боюнча маалымдоо жана кеңеш берүү |
|
|
|
|
ДЧМА турак жайын жеткиликтүү чөйрөдөгү эле-менттер менен жабдуу (пандустар, тутка, лифт, көрсөткүчтөр) |
|
|
|
|
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үй-бүлөсүнө социалдык-психологиялык жардам көрсөтүү |
|
|
|
|
Реабилитациялоонун техникалык каражаттары менен камсыздоо |
|
|
|
|
Реабилитациялоонун турмуш-тиричилик каражаттары менен камсыздоо |
|
|
|
|
РЖП дайындоо датасы | ___________________________________________ |
|
Реабилитациялоонун программасынын мазмуну менен макулмун | ||
_________________________________________________________________ |
| |
(ДМЧАнын аты-жөнү, мыйзамдуу өкүлүнүн) колу |
| |
|
|
|
МСЭКтин төрагасы | ___________________________________________ |
|
| аты-жөнү колу |
|
|
|
|
МСЭКтин врачтары | ___________________________________________ |
|
| аты-жөнү колу |
|
Реабилитациялоонун жекече программасын аткаруу жөнүндө корутунду
Медициналык реабилитациялоонун натыйжаларын баалоо (асты сызып көрсөтүлөт):
- кошумча каражатка (компенсация) жетишилди;
- бузулган функциялар калыбына келтирилди;
- оң натыйжа жок.
Кесиптик реабилитациялоонун натыйжаларын баалоо (асты сызып көрсөтүлөт):
- жумушчу ордун алуу, сактоого жетиштүү (толук, толук эмес иш иштөө);
- оң натыйжа жок.
Социалдык реабилитациялоонун натыйжаларын баалоо (асты сызып көрсөтүлөт):
- үй-бүлөсүндө өзүн-өзү тейлөөнү камсыздоо;
- өз алдынча жашоо мүмкүндүгү;
- коомго толук интеграциялануу;
- оң натыйжалар жок.
"Бекитем"
МСЭКтин төрагасы | ____________________ | _____________________________ |
| аты-жөнү | колу |
Дата "__" ________________ __________ -жыл
Мөөрдүн орду
|
| Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасынын 2-тиркемеси |
Форма
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген баланы реабилитациялоонун жекече программасы
Күбөлөндүрүү актысы ________________________ № _________________________________
Медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) ________________________________
_________________________________________________________________________________
(аталышы)
1. Аты-жөнү ______________________________________________________________________
2. Туулган датасы ________________________ 3. Жынысы ______________________________
4. Билими (адистик билимин кошкондо): _____________________________________________
_________________________________________________________________________________
5. Дареги жана иш орду (району) үй № ______________________________________________
________________________________ көчөсү _________________ үй № ___________________
кв ______________________ телефон ________________________________________________
6. Үй-бүлө статусу: ________________________________________________________________
7. Күбөлөндүрүү түрү: биринчи, экинчи
8. Акыркы 5 жылдагы майыптык динамикасы (жылдары боюнча) _________________________
9. Клиникалык диагнозу: ____________________________________________________________
Медициналык реабилитация
Иш-чаралар, көрсөтүлгөн кызматтар | Рекомендациялар | |||
Белгиленген мөөнөт | Аткаруучу | Аткарылгандыгы (аткарылбагандыгы ж-дө белги) | Аткарылбагандыгынын себеби | |
Реконструктивдүү хирургия |
|
|
|
|
Дары-дармектүү терапия |
|
|
|
|
Физиотерапия |
|
|
|
|
Механотерапия |
|
|
|
|
Кинезотерапия |
|
|
|
|
Фитотерапия |
|
|
|
|
Психотерапия |
|
|
|
|
Эмгек терапиясы |
|
|
|
|
Дарылоо (дене тарбия) |
|
|
|
|
Массаж (укалоо) |
|
|
|
|
Мануалдык терапия |
|
|
|
|
Логопеддик жардам |
|
|
|
|
Санаториялык-курорттук дарылоо |
|
|
|
|
Протездөө |
|
|
|
|
Ортопеддик жардам |
|
|
|
|
Татаал ортопеддик жардам |
|
|
|
|
Медициналык реабилитациялоонун техникалык каражаттары (заара, заң алуу) |
|
|
|
|
Башкалар |
|
|
|
|
18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын билим алуусу, өнүгүүсү
Иш-чаралар, кызмат көрсөтүүлөр | Рекомендациялар | |||
Белгиленген мөөнөт | Аткаруучу | Аткарылгандыгы (аткарылбагандыгы ж-дө белги) | Аткарылбагандыгынын себеби | |
Алдын алуу |
|
|
|
|
ППМКга багыттама (психологиялык-медициналык-педагогдук консультация берүү) |
|
|
|
|
Мектепке чейин билим берүү | ||||
Жалпы багыттар |
|
|
|
|
атайын (коррекциялоочу) багыттары |
|
|
|
|
Мектепте билим берүү | ||||
Жалпы багыттар |
|
|
|
|
Атайын (коррекциялоочу) багыттар |
|
|
|
|
Үйүндө билим алуу (жалпы билим берүү же жекече программада окутуу) |
|
|
|
|
Кесиптик билим берүү системасында | ||||
Башталгыч билим берүү |
|
|
|
|
Атайын орто билим берүү |
|
|
|
|
Жогорку билим берүү |
|
|
|
|
Социалдаштыруу боюнча сунуштар | ||||
Кесипке багыттоо (ресурстук борборлор, курстар) |
|
|
|
|
Ишке орноштурууга болот/же болбойт |
|
|
|
|
Атайын түзүлгөн шарттарда |
|
|
|
|
Үйүндө окутуу |
|
|
|
|
Социалдык реабилитация
Иш-чаралар, кызмат көрсөтүүлөр | Рекомендациялар | |||
Белгиленген мөөнөт | Аткаруучу | Аткарылгандыгы (аткарылбагандыгы ж-дө белги) | Аткарылбагандыгынын себеби | |
Социалдык жашоо-шарты боюнча реабилитациялоого байланыштуу маселелер боюнча маалымдоо жана кеңеш берүү |
|
|
|
|
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын турак-чөйрөнүн элементтери менен жабдуу (Пандустар, тутка, лифт ж.б.) |
|
|
|
|
ДМЧА балага жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык-психологиялык жардам берүү |
|
|
|
|
Реабилитациялоонун техникалык каражаттары менен камсыздоо (кресло-араба) |
|
|
|
|
Реабилитациялоонун тиричилик каражаттары менен камсыздоо |
|
|
|
|
РЖПны дайындоо датасы | _______________________________________________ |
|
Реабилитациялоонун программасынын мазмуну менен макулмун _______________________________ | ||
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын, мыйзамдуу өкүлүнүн ________________________________________ | ||
| _______________________________________________ |
|
| аты-жөнү колу |
|
|
|
|
МСЭКтин төрагасы | ______________________________________________ | _________________________ |
| аты-жөнү | колу |
|
|
|
МСЭКтин врачтары | ______________________________________________ | _________________________ |
| аты-жөнү | колу |
Реабилитациялоонун жекече программасынын аткарылышы жөнүндө корутунду
Медициналык реабилитациялоонун натыйжаларын баалоо (асты сызып көрсөтүлөт):
- кошумча каражатка (компенсация) жетишилди;
- бузулган функциялар калыбына келтирилди;
- оң натыйжа жок.
Кесиптик реабилитациялоонун натыйжаларын баалоо (асты сызып көрсөтүлөт):
- жумуш ордун ээлеген (толук, толук эмес иштөө);
- оң натыйжа жок.
Социалдык реабилитациялоонун натыйжаларын баалоо (асты сызып көрсөтүлөт):
- үй-бүлөсүндө өзүн-өзү тейлөөнү камсыздоо;
- өз алдынча жашоо мүмкүндүгү;
- коомго толук интеграциялоо;
- оң натыйжалар жок.
"Бекитем"
МСЭКтин төрагасы | ____________________ | _____________________________ |
| аты-жөнү | колу |
Дата "__" ________________ __________ -жыл
Мөөрдүн орду