Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 564
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аны кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 992-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 149-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Даттануу берилген күндөн кийинки күндөн баштап 90 күн, анын ичинде ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган мөөнөттөрдү узартуу жана токтото туруу күндөрү өтүп кеткенден кийин ыйгарым укуктуу салык органы даттануу боюнча чечим кабыл албаса, анда салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына берилген даттануунун маңызы боюнча сотко кайрылууга укуктуу.
Салык төлөөчү ушул бөлүктө көрсөтүлгөн негиз боюнча сотко кайрылган учурда, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан даттанууну кароо токтотулат.".
2. 346-беренесинин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 355-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Патент удаалаш өтүүчү календардык күндөрдүн каалагандай санына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте сатып алынышы мүмкүн. 90 календардык күнгө патент сатып алууда салыктын суммасы 5 пайызга, 180 календардык күнгө - 10 пайызга төмөндөйт.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|