Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 136 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-ноябры № 580
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
1-берене.
Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа инвестициялык банкына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 580 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Макулдашуунун долбоорлоруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-майындагы № 277-б буйругу менен жактырылган.
Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн финансылык каражаттар Европа инвестициялык банкы тарабынан берилет.
Долбоордун максаты Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу жана катуу калдыктарды башкаруу секторундагы муниципалдык инфраструктураны модернизациялоону колдоо болуп эсептелет.
Долбоордун жалпы суммасы 20,0 млн. еврону түзөт.
Кредит 25 жылга берилет, анын ичинде 8 жыл жеңилдетилген мезгил.
ЕИБдин пайыздык ставкалары:
- доллар менен белгиленген ставка учурунда - Еврибор + 2,95%;
- доллар менен өзгөрүлмө ставка учурунда - Еврибор + ЕИБдин маржасы (бүгүнкү күндө Европа инвестиция банкынын маржасы 0,7%ды түзүүдө);
- евро менен белгиленген ставка учурунда - Еврибор + 1,49%;
- евро менен өзгөрүлмө ставка учурунда - Еврибор + ЕИБдин маржасы (бүгүнкү күндө ЕИБдин маржасы 0,5%ды түзүүдө).
Кредиттин ар бир траншында Кыргыз Республикасына жогоруда көрсөтүлгөн пайыздык ставканын бирин тандап алуу мүмкүндүгү берилет.
Жогоруда аталган Макулдашуунун негизинде республикада катуу калдыктарды башкарууну жана суу менен жабдууну андан ары өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу милдеттер чечилет.
Көрсөтүлгөн макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен тең каржылоо каралбайт.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка кесепеттерди алып келбейт.