Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-ноябры № 591
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Ч.А.Турсунбеков жана А.А.Турсунбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 591 токтому мененжактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Ч.А.Турсунбеков жана А.А.Турсунбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган мыйзамдын долбоору Кыргызстандын финансы рыногунда алтындан жана/же күмүштөн даярдалган, аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, ошондой эле инвестициялык жана нумизматикалык монеталарды жүгүртүү үчүн төмөнкүлөрдөн бошотуу аркылуу шарттарды түзүү максатын көздөйт:
- салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн алтындан жана күмүштөн даярдалган, аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, ошондой эле инвестициялык жана нумизматикалык монеталарды берүү жана экспорттоо (сатуу) кошумча нарк салыгынан (мындан ары - КНС) жана сатуудан салыктан (мындан ары - СС);
- алтындан, күмүштөн, мельхиордон жана/же жез-никелден даярдалган, аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалардын, инвестициялык жана нумизматикалык монеталардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алынып келген ар түрдүү жабдуулардын жана товарлардын импортуна КНСтен.
2015-жылдын 15-апрелиндеги № 81 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында алтындан жана/же күмүштөн даярдалган, аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык жана нумизматикалык монеталар боюнча банктар ишке ашырган операцияларды КНС жана СС төлөөдөн бошотуу каралгандыгын белгилеп кетүү керек.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунда төмөнкүнү эске алууну сунуш кылабыз:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 257-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алып келинген алтындан, күмүштөн, мельхиордон жана/же жез-никелден даярдалган, аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык жана нумизматикалык монеталар.".
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында аталган маалыматтарга ылайык КНСти төлөөдөн бошотуунун жалпы суммасы орточо бир жылда (2015-жылдагы маалыматтар боюнча) 2,6 млн. сомду түзө тургандыгын маалымат катары белгилейбиз.
Мында, бажылык статистиканын маалыматтарына ылайык Мыйзамдын долбоорунда каралган айрым товарларга карата эсептелген КНСтин суммасы 2015-жылы 18,0 млн. сомду, 2016-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн - 3,4 млн. сомду түзгөн.
2. Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык күчүн жоготту деп таанылгандыгын белгилеп кетүү керек.
Ушуга байланыштуу Салык кодексинин 257-беренесинин 1-бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алып келинүүчү негизги каражаттарды жана товарларды КНС төлөөдөн бошотуу жаатында сунушталып жаткан толуктоону алып салууну колдойбуз.
3. Салык кодексинин 315-беренесинин 4-бөлүгүн колдонуудагы редакцияда калтырууну сунуштайбыз, анткени Салык кодексинин 319-беренесинин ченемдерине ылайык сатуудан салыктын ставкасы сатылган товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай жана/же накталай эмес формада төлөнгөндүгүнө жараша каралган. Анткени КНС салынуучу жана накталай эмес формада төлөнгөн КНСтен бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда - сатуудан салыктын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленген.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен бул мыйзамдын долбоорун кабыл алууну колдойт.