Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-ноябры № 600
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Мавлянова, Ө.Т.Бабанов, К.Дж.Рыспаев, А.А.Турсунбаев, М.К.Жеенчороев, М.Э.Сабиров, А.Алтынбеков, У.К.Жылкыбаев, К.С.Нурматов тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 600 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Мавлянова, Ө.Т.Бабанов, К.Дж.Рыспаев, А.А.Турсунбаев, М.К.Жеенчороев, М.Э.Сабиров, А.Алтынбеков, У.К.Жылкыбаев жана К.С.Нурматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизиле турган өзгөртүүлөрдө айрым келишпестиктер бар. Тактап айтканда, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине киргизиле турган өзгөртүүлөрдө листингден өткөн компаниялар бонусту төлөөдөн бошотулушат, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөрдө бул ченем каралбайт, ушуга байланыштуу аталган мыйзамдын долбоорун белгиленген багытта жеткире иштеп чыгуу талап кылынат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 302-беренесине киргизиле турган өзгөртүүлөрдө ажыратуу жана бөлүү формасында компанияны кайра уюштурууда бонус төлөнөрү, ал эми кошулуу, бириктирүү жана өзгөртүп түзүү формасында компанияны кайра уюштурууда компаниялар тарабынан бонус төлөнбөй тургандыгы каралган. Мында эмне үчүн биринчи формада салык төлөнүп, ал эми экинчисинде төлөнбөй тургандыгы тууралуу негиздеме жок. Айтылган учурлар жер казынасын пайдалануучу компаниялар үчүн бонусту төлөөдөн качуунун жолу болуп калышы мүмкүн.
Ажыратуу, бөлүү, кошуу, бириктирүү, өзгөртүп түзүү жолу менен компанияны кайра уюштурууда негиздөөчүлөрдүн курамы же уставдык капиталдын үлүшү өзгөрүп кетүүсү ыктымал, ошондуктан кайра уюштуруу катышуучулардын (акционерлердин) курамынын өзгөрүшүнө жана уставдык капиталдын үлүшүнүн (акцияларынын) өзгөрүшүнө алып келбеген учурлардан тышкары кайра уюштуруунун кандай болбосун формасында бонусту караштыруу зарыл.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айтылган сунуштарды эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууга болот деп эсептейт.