Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-ноябры № 602
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
1-берене.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 18-февралындагы № 40 "Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2000-жылдын 25-февралы, № 19);
Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июлундагы № 113 "Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2005-жылдын 29-июлу, № 161);
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 191 "Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2008-жылдын 12-августу, № 59-60);
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 3-мартындагы № 73 "Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2009-жылдын 13-марты, № 17);
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы № 254 "Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2009-жылдын 7-августу, № 68-69).
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|