Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 605 токтому менен бекитилген |
Япониядан сатылып келген радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттарын дезактивациялоо жана радиациялык контролдоо жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жобо
1. Япониядан сатылып келген радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттарын дезактивациялоо жана радиациялык контролдоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) радиоактивдүү булгануудан арылтуунун, радиациялык контролду жүргүзүүнүн жана аны колдонуунун тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Япониядан сатылып келген радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттарын (мындан ары - автотранспорт каражаттары) дезактивациялоо айлана-чөйрөнү жана калктын саламаттыгын сактоо максатында радиоактивдүү булганууну болтурбоого багытталган. Радиоактивдүү булганууга дуушар болгон транспорт каражаттарынын бардыгы, бири да калбай дезактивацияланууга тийиш. Дезактивацияланган транспорт каражаттарынын баардыгы, бири да калбай радиациялык контролго алынууга тийиш.
3. Дезактивациялоо жана радиациялык контроль процессинде Кыргыз Республикасынын радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык радиациялык коопсуздук сакталууга тийиш.
4. Ушул жободо түшүнүктөр жана терминдер төмөнкүдөй маанилерде пайдаланылат:
дезактивациялоо - зыянсыздандыруунун түрү, ал булганган аймактан, имараттардын, курулмалардын, техникалардын, кийимдердин, жеке коргоочу каражаттардын үстүндөгү, суудагы, азык-түлүктөгү радиоактивдүү заттарды алып салуудан турат;
иондук нурлануу булагы - иондук нурду чыгарган же чыгарууга жөндөмдүү радиоактивдүү заттар же түзүлүш;
дозанын күчү - убакыт бирдигиндеги (секундда, мүнөттө, саатта) нурлануунун дозасы;
радиациялык контроль - радиациялык коопсуздуктун принциптерин сактоонун жана ченемдердин талаптарын аткаруунун, анын ичинде белгиленген негизги дозалык чектерден жана контролдук деңгээлдерден ашырбоонун даражаларын аныктоо үчүн аткарылуучу радиациялык өлчөөлөр (сыноо);
нурлануунун деңгээли - саат ичиндеги микрозивертте (мкЗв/ч) көрүнгөн дозалардын тиешелүү кубаттуулугу.
2. Автотранспорт каражаттарына дезактивация жасоо
5. Дезактивацияны "Кыргыз турак жай коммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын Адистешкен комбинатынын Радиоактивдүү калдыктарды көмүүчү пунктунун (мындан ары - РККП) тиешелүү техникалык каражаттарын пайдалануу менен радиациялык нурлануусу жогору автотранспорт каражаттары боюнча иштеген адистери аткарышат.
Автотранспорт каражаттарына дезактивация жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган радиациялык коопсуздукту камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистери түзгөн иондоштуруучу нурлануусу жогорку деңгээлдеги товарларды жана транспорт каражаттарын тереңдетилген радиациялык изилдөөдөн өткөрүү жөнүндө тиешелүү корутунду (мындан ары - корутунду) негиз болот.
Дезактивациянын максаты автотранспорт каражаттарындагы радиоактивдүү заттарды толук жок кылууну көздөйт.
6. Автотранспорт каражаттарын дезактивациялоо РККПда жүргүзүлөт.
Дезактивация "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө", "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 558 токтому менен бекитилген радиоактивдүү заттарды жана иондук нурлануу булактарын урунуу чөйрөсүндөгү жетекчиликке алынуучу документтерге жана РККПнун автотранспорт каражаттарын дезактивациялоо боюнча ички актыларына ылайык жүргүзүлөт.
3. Автотранспорт каражаттарын дезактивациялагандан кийин радиациялык контролду жүргүзүү
7. Радиациялык контроль РКППда дезактивациялагандан кийин жүргүзүлөт.
Радиациялык контролду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган радиациялык коопсуздукту камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары бажы/чек ара органынын кызмат адамы менен биргеликте, радиоактивдүү материалдарды контролдоочу техникалык каражаттарын - радиацияны контролдоочу көчмө аппараттарды пайдалануу менен жүргүзүшөт.
Радиациялык контролду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган радиациялык коопсуздукту камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар бажы/чек ара органынын кызмат адамы менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө", "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарда радиациялык контроль жүргүзүү тууралуу жобонун 2-тиркемесинде баяндалган Товарларды жана транспорт каражаттарын тереңдетилген радиациялык изилдөөдөн өткөрүү усулуна ылайык жүргүзүшөт.
Дезактивациядан өткөн автотранспорт каражаттарын радиациялык изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган радиациялык коопсуздукту камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистери бажы/чек ара органынын кызмат адамы менен биргеликте транспорт каражаттарын бажылык жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечимди кабыл алышат.
8. Радиациялык контроль белгиленген тартипте текшерүүдөн өткөн доза өлчөөчү жана радиация өлчөөчү жабдууларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.
Автотранспорт каражаттарына радиациялык контролду жүргүзүүнүн максаты радиоактивдик булгануу опурталын болтурбоону көздөйт.
9. Автотранспорт каражаттарынын булганган участокторун издөөдө жана чектөөдө доза өлчөөчү жана радиация өлчөөчү приборлордун жардамы менен алынган, иондук нурлануу деңгээлинин эң жогорку чоңдугу көрсөтүлгөн тиешелүү корутундунун маалыматтарын пайдаланса болот.
10. Радиациялык контролдун жүрүшүндө чечим кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган радиациялык коопсуздукту камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистери бажы/чек ара органынын кызмат адамы менен биргеликте табигый радиоактивдүү булгоочу булактардын "экрандашуу" мүмкүнчүлүгүн эске алуулары керек.
Радиациялык контроль РККП жайгашкан жердеги гамма-нурлануунун дозасынын күчтүүлүк деңгээли орточо табигый радиациялык фондон ашпаган участокто жүргүзүлүүгө тийиш.