Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-ноябры № 616
Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын формасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 256-3-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын формасы (UVEDOMLENIE STI-001) 1-тиркемеге ылайык;
- социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү тууралуу кабарламанын формасы (UVEDOMLENIE STI-002) 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган айдан кийинки айдын 1инен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
1-тиркеме
Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим тууралуу КАБАРЛАМА
Кагаз түрүндөгүсү КР Юстиция министрлигинин архивинде
2-тиркеме
Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү тууралуу КАБАРЛАМА
Кагаз түрүндөгүсү КР Юстиция министрлигинин архивинде