Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 619
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» жана «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» жана «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» жана «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4,194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын үчүнчү абзацындагы «мыйзамдарда» деген сөздөрдөн кийин «жана ушул Мыйзамдын 71-статьясында» деген сөздөр менен толукталсын.
2) 7-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Социалдык жактан коргоонун жаңы күбөлүгүн берүү ушул Мыйзамдын
71-статьясында, ошондой эле күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, жеке идентификациялык номерин өзгөртпөстөн жүргүзүлөт.»;
3) II глава төмөнкүдөй мазмундагы 71-статья менен толукталсын:
«71-статья. Жеке идентификациялык номерди өзгөртүү
Ыйгарылган жеке идентификациялык номер төмөнкүдөй учурларда өзгөртүлөт:
- жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда туулган датасын өзгөрткөндө;
- эки жана андан көп жарандын жеке идентификациялык номерлери бирдей болуп калганда;
- ыйгарылган жеке идентификациялык номеринде жынысы жана туулган датасы ката көрсөтүлгөндө.
Ыйгарылган жеке идентификациялык номер ушул статьянын 3 жана
4-абзацтарында каралган учурларда адамдын өмүрүндө бир гана жолу өзгөртүлөт.
Жеке идентификациялык номерди ыйгаруунун жана өзгөртүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.».
2-берене
«Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьянын онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жеке идентификациялык номер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана жекече (индивидуалдык) эсепке алуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, бул адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер;».
3-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти