Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-ноябры № 621
“Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин жана “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.К.Жылкыбаев, А.С.Кодуранова, М.Э.Сабиров, Н.К.Алимбеков, А.Н.Шыкмаматов, Дж.А.Бакчиев, А.А.Шадиев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин жана “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 621 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.К.Жылкыбаев, А.С.Кодуранова, М.Э.Сабиров, Н.К.Алимбеков, А.Н.Шыкмаматов, Дж.А.Бакчиев, А.А.Шадиев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин жана “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 6-беренеси менен “Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аталышынан “Мунапыс берүүнүн жана”, “принциптери” деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда. Ошентип жогоруда белгиленген Мыйзамдын аталышынын сунушталган редакциясы “Ырайым кылуунун жалпы жөнүндө” болуп айтылып калат. Аталышынын сунушталган редакциясынын так эместигинен улам Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 1-пунктун кайра кароону сунуш кылабыз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренеси менен колдонуудагы Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелери боюнча соттолгон адамдарды жазадан бошотуу жана кылмыштарды кайра квалификациялоо учурларын кайра кароо сунушталууда.
Мында, сунушталган ченемдер берилген Мыйзамдын долбоорунун жөнгө салуу предмети болуп саналбай тургандыгын белгилей кетүү керек.
Жазадан, жазык жоопкерчилигинен бошотуу тартиби жана негиздери “Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен регламенттеле тургандыгын жана “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кабыл алынган учурда анын жөнгө салуу предмети болуп саналаарын белгилейбиз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда 247-беренени алып салууну максатка ылайык деп эсептейбиз, анткени Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин жаңы редакциясында прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан жосундар үчүн жоопкерчилик 269-беренеде аныкталган.
Андан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында 7-берененин жогоруда аталган пунктун колдонуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемеси жок экендигине көңүл бурабыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 1-бөлүгү боюнча тергөө органдары, соттор, прокуратура органдары, жазык-аткаруу системасынын органдары тарабынан Мыйзамдын аткарылышынын мөөнөтүн эсептөөнүн башталышын конкреттештирүүнү сунуш кылабыз.
Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процесстик кодексинин долбоору менен жазык иштерин козгоо институтун жоюу (арыз же кылмыш жөнүндө билдирүү катталган учурдан тартып башталуучу сотко чейинки өндүрүшкө алмаштыруу) жана тергөөнүн караштуулугун аныктоонун жаңы принцибин киргизүү каралгандыгын өзүнчө белгилей кетүү керек.
Мында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 12-июлундагы чечиминин 4-пунктунун 2-пунктчасы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине анын кароосунда турган мыйзам чыгаруу органдарынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары системасынын жүргүзүлүп жаткан реформаларын эске алуу менен кайра кароо, анын ичинде Кыргыз Республикасынын “Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциясында жазык иштерин козгоо институтун калыбына келтирүү жөнүндө маселени кароо сунушталган. Муну менен бирге аталган сунуштама Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын талаптарында кыйла кеңири баяндалган, атап айтканда: прокуратура органдары тарабынан жазык иштерин козгоо институту каралган, ал эми укук коргоо органдарынын ортосундагы тергөөгө караштуулукту аныктоонун концепциясы Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процесстик кодексинин долбоорунан принциптүү түрдө айырмалат.
5. Мындан тышкары, республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизүүнү кароо. Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүн “99-беренеси,” деген сөздөрдөн кийин “133-беренесинин 1-бөлүгү” деген сөздөр менен толуктоо зарыл деп эсептейбиз.
Мында, сот реформасы башталгандан тартып аяктаганга чейин жалпысынан 7 жылды түзө тургандыгын, ага 3 356,2 млн сом суммасындагы акча каражаттарын издеп табуу зарыл экендигин белгилейбиз.
Бюджеттин өтө тартыштыгын, ошондой эле мамлекеттин жалпысынан оор финансы-экономикалык абалын эске алуу менен, жогоруда аталган реформаларды ишке ашыруу азыркы убакта республикалык бюджетке олуттуу жүк алып келет.
Мындан тышкары, Эл аралык валюта фонду менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы 2015-2018-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандумга (ЭФСМ) ылайык, учурдагы чыгымдарды рационалдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик сектордо эмгек акыга чыгымдарды ИДПга карата 8 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча милдеттенмелер кабыл алынган.
Эмгек акы төлөө фондуна чыгымдар бюджеттик чыгымдардын жалпы туруктуулугун камсыз кылуу контекстинде өтө маанилүү аспект болуп саналарын белгилеп кетүү зарыл. Бүгүнкү күндө эмгек акыга жумшалуучу чыгымдар мамлекеттик сектордун чыгымдарынын жалпы көлөмүнүн 30 пайызын түзөт. Андан тышкары, алар чыгымдардын маанилүү беренеси болуп саналат, мамлекеттик сектордо эмгек акы төлөө фондунун чыгымдары узак мөөнөттүү бюджеттик милдеттенмелерге да алып келет, аларды жөнгө салуу өзгөчө кыйынчылыктарды жаратат.
Мында, “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, бюджеттен каржылануучу башка органдар боюнча чыгымдардын эң көп өлчөмдөрүн белгилөө менен, бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун карайт.
Координациялык кеңеш тарабынан бекитилген бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун контролдук цифралар түрүндөгү көрсөткүчтөрү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга, республикалык бюджеттен каржылануучу башка органдарга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жеткирилет.
Ушуга байланыштуу аталган мыйзамдардын долбоорлорун белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашыруу үчүн аталган чыгымдарды кийин Бюджеттин орто мөөнөттүү болжолуна киргизүү үчүн Координациялык кеңеште кароону максатка ылайык деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзамдын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.