Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-ноябры № 623
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.С.Кодуранова, И.А.Масалиев, М.Э.Сабиров, Т.У.Шайназаров жана И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 623 токтому менен жактырылган
|
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
(аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.С.Кодуранова, И.А.Масалиев, М.Э.Сабиров, Т.У.Шайназаров жана И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасында сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралардын алкагында иштелип чыккан «Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын ортосунда өз ара байланышты камсыздоо максатында «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө», «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Коммерциялык сыр жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Салык кодекстерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталууда.
Бул Мыйзамдын долбоорунун алкагында «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына оңдоолорду киргизүү сунушталууда.
Муну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 925-VI жана 926-VI токтомдору менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 27-сентябрындагы № 529 токтом) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кабыл алынганын билдиребиз.
Кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары күчүн жоготту деп таанылат.
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 121-беренесинде банктык эсептерде же сактоодо турган юридикалык жана жеке жактардын акча каражаттары жана башка баалуулуктары сот тарабынан гана камоого алынышы мүмкүн деп көрсөтүлгөн.
Ушул жагдайларга байланыштуу «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Муну менен бирге «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-бөлүгүнө толуктоо киргизүүнү караган Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча, ага ылайык жоюучу аткаруучу документтерди мажбурлап аткарууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органга мажбурлап жоюу башталгандыгы жөнүндө билдирүүнү жөнөтүүгө милдеттүү, бул ченем соттун чечими боюнча жоюучу банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүүнү республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыялагандыктан максатка ылайыксыз экендигин белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мамлекет ар бир адамга анын менчигинин кол тийгистигине кепилдик берет жана өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратууга жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.
Демек, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 770-беренесинде каралган клиенттин эсебиндеги акча каражатын анын буйругунан тышкары чыгарып салууга соттук аткаруучунун токтому да негиз боло ала тургандыгы жөнүндө оңдоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна каршы келет. Ошондуктан Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-пунктун алып салуу зарыл деп эсептейбиз.
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен «Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 66-беренесинин ортосунда айырмалар бар экендигин белгилейбиз
Алсак, Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 770-беренесинин 2-бөлүгүнө толуктоо киргизүү сунушталууда, ага ылайык эсептен акча каражатын клиенттин буйругунан тышкары чыгарып салууга соттун чечими, «Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда соттук аткаруучунун токтому боюнча, ошондой эле банк менен клиенттин ортосундагы келишимде каралган учурларда жол берилет.
Муну менен бирге, «Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 66-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү менен карызкордун эсептеринен акча каражаттарын которуу аткаруу документинин негизинде банк же финансы-кредиттик мекеме тарабынан жүргүзүлөөрү жана банкка карызкордун төлөм тапшырмасын берүү талап кылбай тургандыгы каралган. Карызкордун банктык эсептериндеги акча каражаттары жетиштүү, бирок өндүрүлүүгө тийиш жана аткаруу документинде көрсөтүлгөн суммадан ашпаган көлөмдө эсептен чыгарылат.
Өз кезегинде, жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесине ылайык аткаруу документтери деп төмөнкүлөр таанылат:
1) соттук актылардын негизинде, анын ичинде соттордун мүлктүк өндүрүп алуулар бөлүгүндөгү өкүмдөрү боюнча аткаруу барактары (мындан ары – аткаруу барактары);
2) соттук буйруктар;
3) доону камсыз кылуу, зыяндын ордун толтуруу жана мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоо тартибинде чыгарылган, ошондой эле бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттун аныктамалары жана судьянын токтомдору;
4) алименттердин төлөнгөндүгү жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдашуулар;
5) нотариустардын аткаруу жазуулары;
6) бузуулар жөнүндө ишти кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же кызмат адамдары тарабынан мүлктүк өндүрүп алуулар боюнча чыгарылган токтомдор;
7) эмгектик талаш-тартыштар боюнча комиссиялардын жана профсоюздук органдардын чечимдеринин негизинде берилген күбөлүктөр;
8) акчалай мажбурлоону өндүрүү, аткаруу жыйымы түрүндөгү акчалай өндүрүүнү колдонуу жөнүндө, аткаруу боюнча чыгымдарды өндүрүү тууралуу соттук аткаруучунун токтому;
9) мыйзамда каралган учурларда башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын актылары.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренеси менен «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, 2711-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 29-беренесинин 3-пунктуна аткаруу документтерин мажбурлап аткарууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органга карата толуктоолорду киргизүү каралууда.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 27-беренесине ылайык банкроттук жөнүндө иштер өзгөчө өндүрүштөгү иштер болуп саналат. Бул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык карыз тарапты сот же соттон тышкаркы тартипте банкрот деп табуу (жарыялоо) жөнүндө чечим кабыл алынгандан тартып карыз тараптын карыздарын төлөө боюнча соттук жана башка чечимдерди аткарууга жана анын активдерин камакка алууга, ошондой эле карыз тараптын милдеттенмелерин аткарууга мажбур кылууга багытталган иш-аракеттер токтотулат.
«Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 273-беренесине ылайык арыз берүүчү, карыз тарап, кредитор же кредиторлор, таламдаш жактар (акционерлер, катышуучулар, пайчылар) банкроттук тууралуу иште катышуучу жактар болуп эсептелет, анткени аткаруу документтерин мажбурлап аткарууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган ишке катышкан жак болуп саналбагандыктан карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө аныктаманы чыгарууда ага соттун кабарлоосунун зарылдыгы болбойт.
Банкроттук жөнүндө мыйзамдар менен карыз тарапка карата соттон тышкаркы тартипте банкроттук процесс козголгон учурда кредиторлорго кабарлоого багытталган чаралар каралган. Алсак, жогоруда аталган Мыйзамдын 29-беренесине ылайык карыз тарапка карата атайын администрациялоо жол-жобосун козгоо жөнүндө эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн 100 же андан ашуун өлчөмүндө карыз ала турган бардык белгилүү кредиторлорго заказдык кат аркылуу же кол коюп өзүнө тапшыруу менен кабарлоо жиберилүүгө тийиш.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 токтому менен бекитилген Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуу тартиби жөнүндө эрежелердин 4.8.1-пунктуна ылайык кредиторлордун жыйналышы жөнүндө жарыя карыз тарап негизги ишин жүргүзгөн жерлерге жакын республикалык жана облустук (жергиликтүү) гезитке мамлекеттик же/жана расмий тилде жарыяланышы керек.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
Жалпысынан «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталган оңдоолор боюнча соттук аткаруучунун токтомун кыймылсыз мүлк бирдигине менчик укугун жана башка укуктарды өткөрүп берүү, токтотуу үчүн негиз катары аныктоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин ченемдерин буза тургандыгын белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын бул беренесине ылайык менчик кол тийгис болуп саналат жана эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 6-беренеси менен «Коммерциялык сыр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө соттук аткаруучуга коммерциялык сырга жетүүгө мүмкүндүк берүүчү өзгөртүү киргизүү сунушталууда.
Ошондой эле, «Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык соттук аткаруучу аткаруу иш-аракетин жүргүзүүдө келип чыккан маселелер боюнча зарыл маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү жана маалымдамаларды коммерциялык, банктык жана башка мыйзам менен корголгон сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарууга мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактоо менен талап кылууга укуктуу.
«Коммерциялык сыр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык чарба жүргүзүүчү субъектинин атайылап жашырылган экономикалык таламдары жана анын ишинин ар кандай жактары жана өндүрүштүк-чарбалык, башкаруу, илимий-техникалык, каржылык чөйрөлөрү жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын объектилери болуп эсептелет, аларды коргоо атаандаштыктын таламдары жана чарба жүргүзүүчү субъектинин экономикалык коопсуздугуна болгон коркунуч менен шартталган.
Мыйзамдын долбоорунда сунушталган «коммерциялык сырга жетүү» туюндурмасы биринчиден кеңири түшүнүк болуп саналат, экинчиден соттук аткаруучуга дискрециялык ыйгарым укуктарды берет.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле соттук аткаруучулар карыз тараптын мүлкүнүн абалы жөнүндө маалыматты сурашаарын эске алуу менен, соттук аткаруучунун мамлекеттик контролдоочу жана укук коргоочу органдар менен катар коммерциялык сырга тиешелүү маалыматты суроого укугун «Коммерциялык сыр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына киргизүү максатында Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесин кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 8-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 54-беренесинин 2-бөлүгүн салыктык купуя сыр салык кызматы органдары тарабынан өзүнүн өндүрүшүндө турган аткаруу документи боюнча соттук аткаруучуга маалыматтар берилген учурда ачыкка чыгарылууга жаткан ченем менен толуктоо сунушталууда.
Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 47-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык салык кызматы органдары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган салык мыйзамдарында белгиленген өз ыйгарым укуктарын ишке ашырып жатканда алардын ишине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
Мында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51-беренесинин 1-бөлүгүнүн 12-пунктунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголгон кызматтык, коммерциялык, салыктык, банктык жана башка сырды сактоо салык кызматы органдарынын милдети болуп санала тургандыгы каралган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдерин көңүлгө алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун аталышы жана тексти боюнча «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 9, 40 - 43 жана 77-пункттарынын талаптарын сактоо зарыл экендигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун сунушталган сын пикирлерди эске алуу менен кайра карап чыгууну сунуштайт.