Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-ноябры № 626
“Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш. Жээнбеков, Ө.Ч.Текебаев, Ч.А.Турсунбеков, К.К Иманалиев, Б.И.Сулейманов, О.М.Артыкбаев, А.Ж.Акматов, Э.Т.Токтошев, К.М.Жумалиев, А.А.Арапбаев, И.И.Матраимов, А.Ж.Жамангулов, Т.Б.Исакунова жана С.А.Айдаров демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябры № 626 токтому менен жактырылган |
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш. Жээнбеков, Ө.Ч.Текебаев, Ч.А.Турсунбеков, К.К Иманалиев, Б.И.Сулейманов, О.М.Артыкбаев, А.Ж.Акматов, Э.Т.Токтошев, К.М.Жумалиев, А.А.Арапбаев, И.И.Матраимов, А.Ж.Жамангулов, Т.Б.Исакунова жана С.А.Айдаров демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү билдирет.
Аталган Мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын мүлктүк жобосун аныктоочу ченемдерди алып салуу сунуш кылынат.
Ошентип, мыйзамдын долбоорунда “мамлекеттик ишкана” жана “муниципалдык ишкана” юридикалык жактардын уюштуруучулук-укуктук формаларын жоюу каралган.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экономикада мамлекеттин катышуусун кыскартуу болуп эсептелгендигин белгилей кетүү керек. Чындыгында мамлекеттик сектор масштабдуу реформалоого муктаж. Бир нече мамлекеттик ишканаларды акционерлештирүү, кайра түзүү же жоюу максатка ылайыктуу.
Ошол эле учурда мамлекет же жергиликтүү коомчулуктар тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар формасында чарба ишин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн толук жокко чыгаруу максатка ылайык эмес. Азыркы учурда мамлекет менен жергиликтүү коомчулук киреше алып келүүчү иштерди мамлекет жана муниципалдык ишканалардын иштөөсү аркылуу ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Айрым учурларда мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар пайда алуу максатын көздөбөй тургандыгын эске алуу зарыл - бул социалдык багыттагы, дотациялык, чыгашалуу ишканалар. Мындай ишканалар атайын тармактарда, мисалы, турак жай коммуналдык чарба тутумунда, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана жоюуда, коргонуу жана коопсуздук тутумун материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда продукцияларын өздүк наркында сатышат, кызмат көрсөтүшөт. Иштин мындай түрлөрүнүн бүгүнкү күндө жеке секторго аутсорсингге берилиши мүмкүн эмес.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүндө “Ушул Мыйзам 2017-жылдын 1-январынан күчүнө кирет” деп көрсөтүлгөн, ошол эле мезгилде ушул эле берененин 4-бөлүгүндө мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү же 2017-жылдын 1-январына чейин ишин токтоткондугун каттоо боюнча милдет жүктөлгөн. Ошентип, Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 4-бөлүгү аталган берененин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.
Учурда республикада 1000ден ашуун юридикалык жак “мамлекеттик ишкана” уюштуруучулук-укуктук формасында жана 300дөн ашуун юридикалык жак “муниципалдык ишкана” уюштуруучулук-укуктук формасында катталган.
Бул мыйзамдын долбоору кабыл алынган жана иш жүзүнө ашкан учурда 2017-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга жоюу жана кайра каттоо жол-жобосунан өтүүсү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (мындан ары – Граждандык кодекс) 96-статьясынын 1-пунктуна ылайык юридикалык жакты жоюу укук мурастоо тартибинде анын укуктары жана милдеттери башка жактарга өтүүсүнө алып келип, анын иштөөсү токтойт.
Ошол эле учурда Граждандык кодекстин жогоруда аталган статьянын 2-пунктунда ылайык юридикалык жактын жоюлушу мүмкүн экендиги төмөнкүдөй белгиленген:
- аны уюштуруучулардын (катышуучулардын) же юридикалык жактын уюштуруу документи менен ыйгарым укугун алган органдын чечими боюнча, анын ичинде ал максатына жетүү үчүн түзүлгөн юридикалык жак түзүлгөн мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу же аны түзүүдө четтетүүгө болбой турган мыйзамды бузууга жол берилгендигине карата юридикалык жакты каттоо сот тарабынан жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу;
- ишмердигин тиешелүү уруксатсыз (лицензиясыз) жүзөгө ашырган же мыйзам тарабынан тыюу салынган ишмердикти жүргүзгөн, же мыйзамдарды башкача бир нече же одоно бузуулар менен же ишмердигин юридикалык жактын уставдык максаттарына лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берилген түрү болуп саналган банктардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана мекемелердин лицензиясы кайтарылып алынган учурларда карама-каршы жүзөгө ашырган, ошондой эле ушул Граждандык кодексте каралган башка учурларда соттун чечими боюнча жоюлушу мүмкүн деп белгиленген.
Ошентип, Граждандык кодексте, тиешелүү Мыйзамдын негизинде юридикалык жакты эркинен тышкары жоюу мүмкүнчүлүгү каралган эмес.
“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык юридикалык жактарды кайра каттоо жол-жобосун жүргүзүүгө негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өзгөртүп түзүү, бөлүнүп чыгуу, биригүү формасындагы кайра түзүү;
- уставдык капиталдын жана пайлык фондунун өлчөмүнүн өзгөрүшү;
- аталышынын өзгөрүшү;
- уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же болбосо уюштуруу документтерин жаңы редакцияда бекитүү (түзүү) (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);
- чарбалык шериктештердин жана коомдордун (акционердик коомдорду кошпогондо), коомдук фонддордун, мекемелердин жана топтолмо пенсиялык фонддордун уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамынын өзгөрүшү;
- чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун (акционердик коомдорду кошпогондо) уставдык капиталындагы катышуучулардын үлүштөрүнүн өзгөрүшү;
- жайгашкан жерине карабастан каттоочу органда катталууга тийиш болгон юридикалык жактардан тышкары, юридикалык жактын жайгашкан жеринин өзгөрүшү (бир облустан экинчи облуска, же болбосо облустан Бишкек (Ош) шаарына жана тескерисинче);
- юридикалык жактын органы же сот тарабынан аны кайра каттоо жөнүндө чечимдин кабыл алынышы.
Жогоруда саналып өткөндөрдүн ичинен мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү үчүн мыйзамдын долбоорунун маанисине ылайыктуусу кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу кайра каттоо болуп эсептелет.
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы акционердик коом жана жоопкерчилиги чектелген коом болуп кайра түзүлө ала тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
Граждандык кодекстин 164-статьясына ылайык менчик ээси тарабынан башкаруучу, социалдык-маданий же коммерциялык эмес башка функцияларды ишке ашыруу үчүн түзүлгөн жана ал тарабынан толук же жарым-жартылай каржылануучу мамлекеттик же башка уюм мекеме катары таанылат.
Бардык мамлекеттик ишканалар чарбалык эсептин негизинде иштейт, ушуга байланыштуу, мындай уюмдардын өзүн-өзү актоо принциби колдонуудагы мыйзамда каралган мекемелерди каржылоо механизмине карама-каршы келет. Мындан тышкары, мамлекеттик ишканалар акы төлөп көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтарын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирип “кайра түзүүсү” зарыл.
Ошондой эле мыйзамдын долбоору өз табияты боюнча мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга гана таандык болгон чектелген буюм укуктарын - “чарба жүргүзүү укугун” жоюуну карайт. Чарба жүргүзүү укугунун укуктук режими мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга мүлктүк маселелерди чечүүдө өз алдынчалыктын анча-мынча үлүшүн берет.
Атап айтканда, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар Граждандык кодекстин 230-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кыймылдуу мүлкүн өз алдынча башкарууга укуктуу. Мындан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар мекемелерден айырмаланып, бекитилген мүлктүн менчик ээси ашыкча, пайдаланылбаган же болбосо багытына жараша пайдаланылбаган мүлктү алып коюуга жана аны өз билгениндей башкарууга укуктуу (Граждандык кодекстин 231-статьясы), чарбалык өз алдынчалыктын белгилүү кепилдигине ээ.
Мамлекеттик мекемеге айланган мамлекеттик ишканалар өзүнө бекитилген мүлккө ээлик кылууда, пайдаланууда башкарууда оперативдүү башкаруу укугуна ээ, бул тажрыйба жүзүндө адаттагыдай эле дайыма болуп туруучу кыймылдуу мүлк менен бүтүмдөрдү ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен макулдашууда кыйынчылыктарды жаратат.
Ошондой эле, Граждандык кодекстин 164-статьясынын 4-пунктуна ылайык, мекеме милдеттенмелери боюнча акча каражаттары жетишпеген учурда субсидиялык жоопкерчиликти менчик ээси тартат. Көпчүлүк мамлекеттик ишканалар коммерциялык иштерин жүзөгө ашыра тургандыгын эске алсак жана аларды мамлекеттик мекеме кылып кайра түзүүдө алардын төлөө мүмкүндүгүнүн жоголуусу менен республикалык бюджет үчүн коркунучтар жаралышы мүмкүн.
Акционерлештирүү, башкача айтканда мамлекеттик ишканаларды мамлекеттик менчиктеги 100% акциясын сактоо менен чарба коомуна айландыруу үчүн, аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн 2015-2017-жылдарга карата Программасына киргизүү талап кылынат.
Мамлекеттик ишкананы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан акционерлештирүү үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык ишкананын финансылык-экономикалык абалы жана иши талданып, мүлктүк комплекстин рыноктук наркы бааланып, чарба коомунун уставдык капиталынын өлчөмү аныкталат.
Каралып жаткан Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында, мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт деп берилген. Ошол эле учурда мамлекеттик ишканаларды акционерлештирүү үчүн мүлктүк комплекстерин баалоо жүргүзүүдө, юстиция органдарында кайра каттоодо каражат талап кылынат.
Мындан тышкары, Граждандык кодекстин 95-статьясына ылайык, юридикалык жакты кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алган анын уюштуруучулары (катышуучулары) же орган бул тууралуу кайра түзүлүп жаткан юридикалык жактын кредиторлоруна кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Кайра түзүлүп жаткан юридикалык жактын кредитору юридикалык жак карызкор болгон милдеттенмени токтотууну же мөөнөтүнөн мурда аткарууну жана тарткан зыяндарынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.
Ошентип, мамлекеттик ишканаларды 2017-жылдын 1-январына чейин кайра каттоо жол-жоболорун өткөрүү мүмкүн эмес.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 “Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө” токтомуна ылайык, мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынын 50 пайыздан кем эмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алыш-бериш эсебине которулууга тийиш экендиги жана андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке которулары белгиленген.
Ошентип, 2010-2015-жылдардагы мамлекеттик ишканалардын ишинин жыйынтыгы боюнча Фонд тарабынан республикалык бюджетке 3772,5 млн сомдун келип түшүүсү камсыз кылынган.
“Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мамлекеттик ишканалардан келип түшүүчү таза кирешенин келип түшүүсүнүн пландуу маанилери төмөнкүдөй белгиленген: 2016-жылга – 506 603,6 миң сом, 2017-жылга – 516 140,6 миң сом, 2018-жылга – 525 016,8 миң сом.”.
“Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү, салыктарды киргизүү же жокко чыгаруу жөнүндө, аларды төлөөдөн бошотуу, мамлекеттин финансылык милдеттенмелерин өзгөртүү тууралуу мыйзамдардын долбоорлору, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү, болбосо анын киреше бөлүгүн азайтууну кароочу башка мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана кабыл алынышы мүмкүн.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүндө бекитилген бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү бюджеттин аткарылышын талдоонун натыйжаларынын жана бюджеттик ассигнованиелерди пайдалануунун натыйжалуулугун баалоонун, бюджеттик программаларды ишке ашыруунун негизинде жүзөгө ашырыла тургандыгы аныкталган.
4. Мындан тышкары, “Муниципалдык ишкана” түшүнүгүн жоюу маселеси жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын козгойт.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-пунктуна ылайык жергиликтүү коомчулуктардын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик органдары, мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ассоциациялары жана жергиликтүү коомчулуктардын бирликтери менен консультацияларды жана талкууларды өткөрөт.
Ошондой эле, жогоруда аталган Мыйзамдын 10-беренесинин 10 жана 11-пункттарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мамлекеттик бийлик органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин натыйжасында пайда болгон кошумча чыгымдарынын ордун толтуруу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык өз алдынчалыгынын мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу каралгандыгына көңүл бурабыз.
“Муниципалдык ишкана” түшүнүгүнүн жоктугу муниципалдык ишканаларды жоюуда финансылык чыгымдарга алып келет. Ошондой эле, калкка кызмат көрсөтүүчү ишканаларды коммерциялаштыруу суу, жылуулук менен камсыз кылуу, таштанды чыгаруу үчүн тарифтердин жогорулоосуна алып келет, бул коомдо социалдык кыйынчылыктарды пайда кылуусу мүмкүн.
Буга байланыштуу демилге көтөрүүчүлөр Граждандык кодекстен “мамлекеттик жана муниципалдык ишкана” түшүнүгүн алып салган учурда тиешелүү натыйжалардын анализин жүргүзүүсү зарыл.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну, жергиликтүү маанидеги маселелердин аткарылышынын каражаттарын же каржылоо булактарын бир убакта аныктоо жана өткөрүп берүү менен юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу. Жергиликтүү маанидеги айрым маселелердин аткарылышын өткөрүп берүү бюджеттик каражаттарды кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн максатка ылайык учурларда жүргүзүлөт
Жергиликтүү маанидеги айрым маселелердин аткарылышын өткөрүп берүү жөнүндө чечим жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан кабыл алынат.
5. Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгү, бул долбоор кабыл алынган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үч айлык мөөнөттө мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизүү тапшырылат.
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болгон учурларда ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду көрсөтүү менен башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен бирге каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат мыйзам долбооруна карата негиздеме-маалымкатта чагылдырылган эмес. Ошондуктан, иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө маалыматтарды негиздеме-маалымкат менен толуктоону же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштайбыз. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын анализинин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бул долбоорду кабыл алууга байланыштуу кайра каралуучу чечимдер аныкталбаган учурда, берилген мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүн алып салуу зарыл.
Ошол эле учурда мыйзамдын долбоорун “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык келтирүү зарылдыгын белгилейбиз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу бүгүнкү күндө максатка ылайыксыз деп эсептейт.