Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-декабры № 649
"2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Индия Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Индия Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Индия Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Индия Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Индия Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандум ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына жогоруда аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 649 токтому менен жактырылган |
2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Индия Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (мындан ары - ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө бир тараптан ШКУнун Башкы катчысы жана экинчи тараптан Индиянын ыйгарым укуктуу адамы ШКУга мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Индия Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
ШКУнун Хартиясына ылайык Меморандумга орус тилинде кол коюлган (ШКУнун жумушчу тили).
Меморандум эл аралык келишим болуп эсептелет жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун ШКУга мүчө мамлекеттер жана Индия Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү ШКУнун Катчылыгы алган датадан тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Индия - өнөр жайы өнүккөн, индустриялык-агрардык өсүп бара жаткан өлкө. Өлкөдө коргонуу, атомдук жана космостук өнөр жай тармагы жогорку деңгээлде өнүккөн. Жайгашкан жери - Түштүк Азия, кургактык боюнча өткөн чек аранын узундугу 15,2 миң км түзөт, суу менен өтүүчү чек ара - 5,7 миң км. Индия Республикасын ШКУга кабыл алуу кыргыз-индия эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө оң таасирин тийгизет. Уюмду географиялык жактан кеңейтет.
Аталган Меморандум Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Меморандумга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-июнундагы № 283-б буйругу менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Меморандум Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоо үчүн киргизилет.
Меморандумду ратификациялоо финансылык чыгымдарга жана финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.