Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-декабры № 678
"2016-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2016-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2016-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
1-берене.
2016-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына дипломатиялык каналдар аркылуу белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 678 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кредиттик макулдашууга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү комитети) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-июлундагы № 323-б буйругу менен жактырылган.
Бул долбоордун максаты - айыл чарба продукцияларын өстүрүү үчүн айылдын тургундарын жаңы сугат жерлери менен камсыздоо, региондогу социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу.
Кредиттик макулдашууга ылайык Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 10250000,00 (он миллион эки жүз элүү миң) АКШ доллары жана Өнүктүрүү максатында Ислам тилектештиги фондунун зайымынын каражаттарынын эсебинен 3000000,00 (үч миллион) АКШ доллары суммасында кредит берүү каралууда.
Бул Кредиттик макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен тең каржылоо 3120000,00 (үч миллион жүз жыйырма миң) АКШ долларын түзөт.
Ислам өнүктүрүү банкынын кредитинин мөөнөтү 7 (жети) жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо 25 (жыйырма беш) жыл.
Өнүктүрүү максатында Ислам тилектештиги фондунун кредитинин мөөнөтү 10 (он) жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо 30 (отуз) жыл.
Бул кредитти тейлөө суммасы жылдык негизде эсептелген Ислам өнүктүрүү банкынын кредитинин суммасынын 1,5%ынан жана жылдык негизде эсептелген Өнүктүрүү максатында Ислам тилектештиги фондунун кредитинин суммасынын 0,75%ынан ашпайт.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаменти аткаруучу агенттик болуп саналат жана негизинен долбоорду аткаруучу агент катары аракеттенген Суу чарба объекттерин куруу боюнча дирекция аркылуу ишке ашырат.
Долбоорду башкаруу бөлүмү Долбоорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу агенттиктерди колдоо үчүн түзүлөт.
Долбоорду башкаруу боюнча региондук бөлүм Долбоор боюнча ишти күн сайын координациялоо үчүн түзүлөт жана Талас облусунун Кара-Буура районундагы объектте жайгашат.
Потенциалды күчөтүү компоненти Ислам өнүктүрүү банкынын кайра байланышуу программасы аркылуу ишке ашырылат. Ислам өнүктүрүү банкына мүчө мамлекеттерден ылайыктуу техникалык өнөктөштү тандап алууну Ислам өнүктүрүү банкы координациялайт.
Кредиттик каражаттар бул Кредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык төлөнөт.
Аталган Кредиттик макулдашууну ратификациялоо финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.