Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-декабры № 680
«Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Р.М.Туманбаева, А.А.Турсунбаев, М.М.Айнакулов жана З.И.Жамалдинов тарабынын демилгеленген «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрынын № 680 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Р.М.Туманбаева, А.А.Турсунбаев, М.М.Айнакулов жана З.И.Жамалдинов тарабынан демилгеленген «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 29-апрелинен баштап Жаныбарлардын ден соолугун сактоонун дүйнөлүк уюмунун (мындан ары - ЭЭБ) мүчөсү болуп саналат жана Дүйнөлүк соода уюмунун эл аралык сооданын регламенттөөчү эрежелеринин жыйындысынын бирден бир курамы болуп саналган Жердеги жаныбарлардын ден соолугу жөнүндө кодекс менен жетекчиликке алынат.
ЭЭБге кирүүдө ЭЭБге мүчө өлкөлөрдүн өзүнө алган милдеттенмелерди сактабагандыгы ветеринардык кызматты баалоонун жалпы жыйынтыгына терс таасирин тийгизет жана анын натыйжасында өлкө башка өлкөлөргө мал чарба продукциясын экспорттоодо чектелип калат.
ЭЭБдин Жердеги жаныбарлардын ден соолугу жөнүндө кодекстин 3.2.12-беренесинин 3-пунктуна ылайык ченемдик укуктук базаны, автономдуулукту жана иштөөгө жөндөмдүүлүктү баалоодо статуардык ветеринардык орган өзү жоопкерчилигин тарткан ветеринардык врачтардын жана параветеринардык адистердин ишин контролдоого жөндөмдүү экендигин (тийиштүү ченемдик укуктук базанын натыйжасында) далилдөөгө даяр болушу керек.
Ошондой эле ветеринардык статуардык органдын (Ветеринардык палата) ыйгарым укуктарынын чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирүүгө тийиш: милдеттүү каттоо жана лицензиялоо, компетенттүү органдын жогорку окуу жайларынын дипломдорун, аттестаттарды жана сертификаттарды таануу максатында кесиптик даярдоонун (базалык жана андан аркы) минималдык стандарттарын аныктоого катышуу, кесиптик-этикалык ченемдерди жана компетенцияларды аныктоо, келген даттануулар боюнча иликтөө жүргүзүү.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча ЭЭБдин эксперттери тарабынан өлкөнүн ветеринардык кызматынын абалы бааланып, аны жакшыртуу боюнча сунуштар берилген. ЭЭБдин эксперттери Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын абалын тиешелүү 1 (5 баллдык баалоо шкаласына негизденип) деңгээлинде, ал эми анын уюштуруучулук түзүмүн - өткөн кылымдын тиешелүү 50-жылдарынын деңгээлинде баалашты.
Мындай шарттарда ветеринардык кызмат эпизоотиялык бейпилдикти камсыздоо боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара албастыгын жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен болгон соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрө албастыгын ЭЭБдин эксперттери түшүндүрүштү. Мындан тышкары, статуардык ветеринардык орган ветеринардык орган менен лицензиялоочу (статуардык) ветеринардык органдын ортосунда координациялоочу натыйжалуу механизмге ээ болуу менен өзүнүн саясий жана соода кызыкчылыктарынан көз карандысыздыгын далилдөөгө даяр болуусу зарыл.
ЭЭБдин эксперттеринин көптөгөн сын пикирлеринин арасында өлкөдө дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгүдөй ветеринардык практиканы жөнгө салуучу көз карандысыз органдын жоктугу өзгөчө белгиленген.
ЭЭБдин сунуштамаларында статуардык ветеринардык орган түзө элек ЭЭБге мүчө өлкөлөрдүн баарына өлкөдөгү ветеринардык практиканы жөнгө салууга жооптуу автономдуу ветеринардык органды өз өлкөлөрүндө түзүү жөнүндө айтылган.
Ушуга байланыштуу бул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу төмөнкүлөргө алып келерин белгилейбиз:
- ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кадрдык жана финансылык-материалдык ресурстарын башкаларга бурууга;
- жеке ветеринардык адистерди мамлекеттик программаларды аткарууга тартуу менен байланышкан коррупциялык тобокелдиктердин өнүгүшүнө, бул рынокто атаандаштыктын өнүгүшүнө тоскоолдук келтирет;
- мал чарба продукциясынын эл аралык рынокко чыгышына кошумча тоскоолдуктардын түзүлүшүнө жана өлкөнүн экспорттук потенциалынын төмөндөшүнө алып келет.
Ошентип, Мыйзамдын долбоорунда сунушталган оңдоолор ЭЭБдин стандарттарына түздөн-түз каршы келет жана Кыргыз Республикасынын эл аралык соодадагы экспортунун өнүгүшүндө потенциалдуу токтотуучу факторлор болуп саналат.
Мындан сырткары, бул мыйзамдын долбоору ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын аныктоого багытталгандыгын эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аталган ыйгарым укуктарга негизденип, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда функцияларды бөлүштүрөт.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамлекеттик органдардын функцияларын белгилөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актыларында чагылдыруу зарыл.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.