Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-декабры № 684
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Дж.Рыспаев демилгелеген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 684 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Дж.Рыспаев демилгелеген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
1. "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоору "советтик", "партиялык" кеңешчилерди "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык социалдык кепилдиктерди алууга укуктуу адамдардын катарына кошуу каралган.
Ошентип, СССРдин өкмөттүк органдарынын чечимдерине ылайык Афганистан Демократиялык Республикасына жиберилген "советтик", "партиялык" кеңешчилер аскер кеңешчилеринин статусуна, б.а. аскер кызматчыларынын статусуна теңештирилиши керек.
Аскер кеңешчилеринин (Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын аскер кызматкерлери, СССРдин Ички иштер министрлигинин жетектөөчү жана катардагы курамынын адамдары) алдында жетектөө боюнча милдеттер, кайра топтоштуруу, мобилизациялап бүтүү жана аймакка аскерлерди киргизүү, жок кылуу боюнча иш-чараларды өткөрүү, объекттерди жок кылуу, аскердик операцияларды жүргүзүү, аскердик техниканы, курал-жарактарды пайдалануу, колдонуу боюнча консультацияларды берүү, алар тийиштүү түрдө болгон өлкөлөрдөгү жана СССРдин өкмөттүк органдарынын чечимдерине ылайык башка мамлекеттердин аймагында согуштук иш-аракеттерге түздөн-түз катышкан армиялардын бөлүмдөрүнүн башкаруу иш-аракеттерин координациялоо милдети турганын белгилей кетүү керек.
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскердик кызматта турган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле аскердик жыйындарда жүргөн аскерге милдеттүүлөр аскер кызматчыларынын статусуна ээ.
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары, СССРдин Ички иштер министрлигинин жетекчи жана катардагы курамынын адамдары, согуш аракеттерине түздөн-түз катышкан аскер адистерин, аскер кеңешчилерин кошо алганда социалдык кепилдиктерди алууга укуктуу.
Партиялык уюмдарда кеңешчи катары жардам көрсөтүү үчүн жиберилген "советтик", "партиялык" кеңешчилер (СССРдин саясий жана экономикалык уюмдарынын өкүлдөрү), ошондой эле тынчтык процессин камсыздоо үчүн экономика объекттерин калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү боюнча адистер советтик аскерлердин контингентин тейлөө үчүн белгиленген тартипте СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарына (аскердик жыйындарга) чакырылган эмес, ошондуктан аскердик аракеттерге катышкан эмес.
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык "советтик", "партиялык" кеңешчилер Афганистандагы советтик аскер контингенттерин тейлеген, жаракат, контузия алган же мертинген, же болбосо согуштук аракеттерди камсыз кылууга катышкандыгы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган кызматчылардын категориясына кирет.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында Кыргыз Республикасынан баардыгы болуп 4 партиялык кеңешчи жиберилгендиги көрсөтүлгөн.
Бирок, советтик аскер контингентин тейлөө үчүн "советтик", "партиялык" кеңешчилерден тышкары, СССРдин өкмөттүк органдарынын чечимдерине ылайык төмөнкү адистер да жөнөтүлгөн: медицина кызматкерлери, педагогдор, инженерлер, куруучулар, энергетиктер, соода жумушчулары ж.б.
"Советтик", "партиялык" кеңешчилер аскер кызматчыларынын статусуна теңештирилген учурда, жогоруда аталган категорияга советтик аскер контингенттерин тейлеген адистерди да теңештирүү маселеси келип чыгат, буга ылайык алар социалдык кепилдиктерге, ошондой эле аскер кызматчыларындай эле пенсияларды алууга талапкер болушат.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 9-беренесинин 10-бөлүгүнүн 3-абзацын жокко чыгаруу сунушталат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актыны өзгөртүүчү жана (же) толуктоочу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жолу менен ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө жол берилбей тургандыгын белгилейбиз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгү боюнча "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28 жана 30-беренелерине ылайык ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү ченемдик укуктук актынын күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналаарын белгилейбиз.
Муну менен бирге, ченемдик укуктук актыны Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине ал расмий жарыяланган күнү киргизүү мүмкүн эмес, анткени ченемдик укуктук актылар аталган Реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине расмий жарыялангандан кийин гана 7 күндүн ичинде берилет.
4. Мыйзамдын долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкат Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына шайкеш келбейт, кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыны колдонуудан мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору жөнүндө маалыматтар жок.
5. Мыйзамдын долбоорунан келип чыгуучу ченемдерди ишке ашыруу белгилүү бир финансылык чыгымдарды талап кыларын белгилейбиз.
Мында негиздеме-маалымкатта каржылоо булактары жөнүндө маалыматтар камтылган эмес, Мыйзамдын долбооруна карата финансы-экономикалык эсептөөлөр жок.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мамлекеттин финансылык милдеттенмелерин өзгөртүүнү караган мыйзамдардын долбоорлору, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын башка долбоорлору Өкмөттүн макулдугу менен гана кабыл алынышы мүмкүн.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбайт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.