Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-декабры № 682
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Ж.Байбакбаев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2016-жылдын 15-декабры № 682 токтому менен жактырылган |
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Ж.Байбакбаев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоору эки же андан көп адам багуусунда болгон салык төлөөчү үчүн мектепке чейинки, мектептик билим алууга, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим алууга социалдык чыгарып салуунун өлчөмүн салык төлөөчүнүн салыктык базасынын 10дон 25 пайызга чейинки өлчөмүндө жогорулатууну караган ченемдерди Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 171-беренесинин 2-бөлүгүнө киргизүүнү караштырат, мында билим берүүгө чыгарып салуу эске алынбайт.
Салык кодексинин 170-беренесинин 2-пунктунун ченемдеринде стандарттык чыгарып салуулар каралган, алар салыктык мезгилдин ар бир айы үчүн багуудагы ар бир адамга эсептик көрсөткүчтүн бир өлчөмүндө салык төлөөчүнүн багуусундагы адамга чыгарып салуудан турат, б.а. Салык кодексинин ушул беренесинин ченемдери алардын санына карабастан салык төлөөчүнүн чыгарып салууну алуу укугун караштырат.
Мында, эки же андан көп адам багуусунда болгон салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнөн 25 пайызга чейин социалдык чыгарып салуу укугун берүү Салык кодексинин 10-беренесинде каралган салык салуунун адилеттүүлүк принцибине карама-каршы келет.
Ставкаларды төмөндөтүүдө, кайсы бир салыкты жокко чыгарууда же салык төлөөдөн бошотууда бюджеттик кирешелерди түздөн-түз жоготуулардын ордун толтуруу боюнча тиешелүү альтернативалуу булактарды аныктоо керектигин белгилеп кетүү керек. Мындай болбосо, бюджеттик каражаттардын чектелүү шарттарында бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышы терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтары боюнча 2013-2015-жылдары салык төлөөчүлөр тарабынан кайрып берилүүчү киреше салыгынан социалдык чыгарып салуунун төлөнгөн суммалары төмөнкүнү түздү:
Кайрып берилүүчү мезгил | Бюджеттен кайтарылган | |
Саны | Суммасы (миң сом) | |
2013-жыл | 136 | 1187,8 |
2014-жыл | 184 | 1347,1 |
2015-жыл | 199 | 1456,8 |
Ушул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу өзүнүн колдонуусунда калкты кеңири камтыбайт, анткени социалдык чыгарып салуу укугу кирешелери жогору болгон категориядагы жарандар үчүн пайдалуу, ал эми айлык акысы төмөн категориядагылар үчүн бул ченем чыгарып салууну чоң өлчөмдө алуу мүмкүндүгүнө кепилдик бербейт, анткени кирешеси төмөн болгондуктан, багуусунда турган эки же андан көп адамдын билим алуусуна акы төлөөгө салык төлөөчүнүн мүмкүндүгү жок.
Ошону менен Салык кодексине сунушталган өзгөртүүлөр социалдык чыгарып салууларды берүүнүн адилеттүү режимин белгилейт, мында калктын көп төлөгөн жарандарына салыктын суммасын кайрып берүү бюджеттин чыгымдарына жол бергендик болуп калат.
Белгилеп кетчү нерсе, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык валюта фондунун ортосунда кол коюлган 2015-2017-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандумда Кыргыз Республикасы ишиндеги климатты жакшыртуу жана туруктуу өсүштү колдоого жөндөмдүү жеке сектордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн түзүмдүк реформаларды ишке ашыруу максатында салыктык бошотууларды жокко чыгаруу жана айрым секторлор жана иштин түрлөрү үчүн салык салуунун жеңилдетилген режимдерин киргизбөө сыяктуу салык саясаты чөйрөсүндө мындай чараларды жүргүзүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө ала тургандыгы каралгандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Ушундай эле чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясында да каралган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында салыктык преференциялардын колдонуудагы системасын оптималдаштыруу, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салуу, ошондой эле салык салуудан качуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жоюу - салык системасынын киреше потенциалын жогорулатуу жаатындагы саясаттын өзүнчө багыты болуп кала тургандыгы аныкталган.
Ар түрдүү салыктык преференцияларды берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген түзүмдүк параметрлердин аткарылбай калышына жана тийиштүү түрдө Эл аралык валюта фондунун кредиттик транштарын чектөө мүмкүндүгүнө алып келиши мүмкүн.
Жогоруда баяндалгандарга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда белгиленген мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.