Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-декабры № 685
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Ш.Омуркулов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Ш.Омуркулов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
1. Сунушталган мыйзамдын долбоорунун максаты төмөнкү салыктардан бошотуу аркылуу Кыргыз Республикасынын зер тармагын өнүктүрүү болуп саналат:
- кошумча нарк салыгынан (мындан ары - КНС): ата мекендик зер буюмдарын өндүрүүчүгө товарлар жеткирилгенде, жумуштар жана кызматтар көрсөтүлгөндө алтын жана күмүш эритиндисинин чийки затынын наркын;
- сатуудан алынуучу салыктан: ата мекендик зер буюмдарын өндүрүүчүлөр тарабынан товарлар сатылганда, жумуштар жана кызматтар көрсөтүлгөндө, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар тарабынан алтын жана күмүш эритиндисинин чийки заты ата мекендик зер буюмдарын өндүрүүчүлөргө сатылганда.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык КНС республикалык бюджетке түшөт. Мында, аталган Мыйзамдын 31-беренесине ылайык сатуудан алынуучу салык кирген жалпы мамлекеттик салыктар республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшөт.
Ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамдын 16-беренесине ылайык бюджет бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттердин чыгымдары көбөйүп же кирешелери азая турган ченемдик актылар кабыл алынса, тийиштүү суммалар республикалык бюджеттен компенсацияланат. Ушундай эле жоболор 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55-беренесинде каралган.
Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында бул мыйзамдын долбоору кабыл алынганда бюджеттин жоготууларынын, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин жоготууларынын суммасы жана ушул Мыйзамдын долбоорун кабыл алуунун натыйжасында түзүлгөн жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жоготууларында республикалык бюджеттен компенсациялануучу сумма көрсөтүлгөндүгүн белгилейбиз.
Бул мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда минималдык жоготуулар болжол менен жылына 15,0 млн. сомдон аз эмес, анын ичинде ички продукцияга КНС боюнча - 3,0 млн. сомдон аз эмес жана сатуудан алынуучу салык боюнча - 12,0 млн. сомдон аз эмес сумманы түзүшү мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 20-беренесине ылайык КНС жана сатуудан алынуучу салык баасына же тарифине кошумча түрүндө белгиленүүчү, салык төлөөчүнүн кирешесине же мүлкүнө түздөн-түз байланышпаган жана акыркы керектөөчүдөн алынуучу кыйыр салыктар болуп саналат. Негизинен жеткирүүлөр түздөн-түз калктын дарегине жана ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында багытталган экономикалык иштин түрлөрү КНСти төлөөдөн бошотулат.
Зер буюмдарынын акыркы керектөөчүлөрү болуп ашыкча байлык предмети болуп саналган жана биринчи зарылдыктагы предмет болуп саналбаган алтындан жана күмүштөн жасалган зер буюмдарын сатып алууга финансылык мүмкүнчүлүгү бар жарандар саналгандыктан, зер буюмдарына 12% ставка боюнча кошумча нарк салыгын салуунун колдонуудагы тартиби мындай сатып алуучулардын финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн начарлашына анчейин деле таасирин тийгизбейт деп эсептейбиз.
3. Муну менен бирге биздин республикада ата мекендик зер тармагын өнүктүрүү жана ички, тышкы рыноктордо ата мекендик зер буюмдарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарттарды түзүү үчүн чаралар көрүлгөнүн жана көрүлүп жаткандыгын белгилей кетүү керек.
Алсак, Салык кодексинин 261-беренесине ылайык алтындын жана күмүштүн эритиндисин, аффинирленген алтынды жана күмүштү экспорттоону кошпогондо, товарларды экспорттоо КНСтин нөлдүк ставкадагы берими болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык 2011-жылдын 1-августунан тартып алтындын жана күмүштүн эритиндисин, аффинирленген алтынды жана күмүштү жеткирүүлөр жана экспорттоолор КНСтен, ал эми алтындан, платинадан жана күмүштөн жасалган зер буюмдарын сатуу - акциздик салыктан бошотулган.
Ошентип, азыркы учурда ата мекендик зер буюмдарын өндүрүүчүлөргө өз иши үчүн КНСти эсепке албастан, башкача айтканда 12%га төмөндөтүлгөн нарк менен алтындын жана күмүштүн эритиндисин, аффинирленген алтынды жана күмүштү алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-декабрындагы № 235 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамына ылайык 2016-жылдын 1-январынан тартып товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо сатуудан алынуучу салык алынуучу объект болуп саналбайт, ал эми КНС боюнча каттоо чеги 8,0 млн. сомго чейин жогорулатылган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 319-беренесине өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык сатуудан алынуучу салыктын ставкасы сатылган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү накталай жана/же накталай эмес түрдө төлөөгө жараша каралган. Алсак, КНС алынуучу жана/же КНСтен бошотулган, накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда, сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленген.
Буга байланыштуу бюджеттик каражаттардын өтө чектелген шарттарында зер буюмдарын өндүрүү жана сатуу чөйрөсүндө азыркы учурда колдонулуп жаткан салыктык жеңилдиктер жетиштүү деп эсептейбиз.
4. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт. Мында жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме иштеп чыгуучу тарабынан берилбеген учурда ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагыла тургандыгын белгилейбиз.
Бирок, сунушталган мыйзамдын долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоонун негизинде даярдалган негиздеме берилген эмес.
5. Сунушталган мыйзамдын долбоору төмөнкү программалык документтердин максаттарына жооп бербейт деп эсептейбиз:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын, анда салыктык жеңилдиктердин колдонуудагы системасын оптималдаштыруу, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салуу, ошондой эле салык салуудан четтеп кетүү мүмкүнчүлүктөрүн жоюу салык системасынын киреше потенциалын жогорулатуу жагындагы саясаттын өзүнчө багыты болуп калаары белгиленген;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык валюта фондусунун ортосунда 2015-жылдын 24-мартында кол коюлган 2015-2018-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандумдун, анын 12-пункту менен Өкмөт өз күчүн токтоткон салыктык бошотууларды кайрадан жаңылоодон, ошондой эле айрым секторлор жана иштин түрлөрү үчүн жаңы салыктык бошотууларды жана салык салуунун жеңилдетилген режимдерин киргизүүдөн карманууга милдеттенген;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясынын, анда чет өлкөлөрдүн практикалык тажрыйбаларын колдонуу менен милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди берүүнүн негиздүүлүгүн баалоо методикасын иштеп чыгуу, ошондой эле салыктык жеңилдиктерди максималдуу түрдө кыскартуу жана салык төлөөчүлөрдүн жеңилдиктер берилген категориясынын салыктык отчетту туруктуу негизде берүү милдетин белгилөө жолу менен алардын натыйжалуулугун мониторингдөө системасын түзүү каралган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.