Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-декабры № 683
“Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын чет өлкөлүк товардык кредиттер боюнча карызын реструктуралаштыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Ш.Өмүркулов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын чет өлкөлүк товардык кредиттер боюнча карызын реструктуралаштыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабры № 683 токтому менен жактырылган |
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Ш.Өмүркулов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын чет өлкөлүк товардык кредиттер боюнча карызын реструктуралаштыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган мыйзамдын долбоору Германия Федеративдүү Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Дүйнөлүк банктын кредиттик линияларынын алкагында чет өлкө валютасында алынган техникалык кредиттер боюнча автотранспорт ишканаларынын мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча милдеттенмелери менен байланышкан маселелерди чечүүгө багытталган.
Маалымат катары чет өлкө валютасында мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча 2016-жылдын 8-июлуна карата 13 автотранспорт ишканасынын жалпы суммасы (сомдук эквивалентте) 460 927,14 миң сомдук, анын ичинде негизги сумма боюнча – 252 024,65 миң сом, пайыздар боюнча – 155 417,57 миң сом жана айыптар боюнча – 53 484,91 миң сом карызы бар экендигин белгилейбиз. Мында төлөө мөөнөтү өткөн карыздардын суммасы – 440 224,95 миң сомду түзөт.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде Германиянын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (Германия кредити) жана Дүйнөлүк банктын (МАР) кредиттик линиясы боюнча 1995-1996-жылдары автобустарды жана аларга запастык бөлүктөрдү сатып алууга алынган товардык кредиттер боюнча карызы бар автотранспорт ишканаларынын карызы товардык кредит келишимин кайра түзүү жолу менен автобустарды жана аларга запастык бөлүктөрдү сатып алган күнгө карата чет өлкө валютасынын улуттук валютага болгон курсу боюнча карызды кайра эсептөө менен реструктуралаштыруу жөнүндө ченем каралууда.
Мында, азыркы учурда бул ченем колдонула турган автотранспорт ишканаларынын так тизмеси аныкталбагандыгын белгилейбиз, анткени мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча автотранспорт ишканаларынын карызын төлөө төмөнкүлөр аркылуу көзөмөлдөнүүдө:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан кредиттик линиялар (Германия Федеративдүү Республикасы жана Дүйнөлүк банк (МАР) боюнча 8 автотранспорт ишканасынын жалпы суммасы 174 966,83 миң сом болгон карызы көзөмөлдөнөт, анын ичинен:
Германия Федеративдүү Республикасынын кредити боюнча – 170 801,32 миң сом суммасында 7 автотранспорт ишканасы;
Дүйнөлүк банктын (МАР) кредити боюнча – 4 165,51 миң сом суммасында 1 автотранспорт ишканасы;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан Германиянын кредити боюнча 3 автотранспорт ишканасы (“Ошавтотранс” акционердик коому, “Ошавтоучкомбинат” акционердик коому) көзөмөлдөнөт, анын ичинен бир мекеме (“Ош ПАТП 2” акционердик коому) банкрот болгон.
Бирок Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине болгон карызды аталган ишканалар моюндарына алышпагандыгын эске алуу менен учурда аталган карызды жоюу боюнча соттук териштирүүлөр жүргүзүлүүдө.
Карызды өндүрүү жөнүндө 4 автотранспорт ишканасына (“Ошское предприятие автовокзалов и автостанций” мамлекеттик ишканасы, “Жибек-Жолу” акционердик коому, “Токмок ПАТП” ачык акционердик коому) карата мыйзамдуу күчүнө кирген соттордун чечимдери бар экендигин белгилеп кетүү керек, алардын ичинен 1 субъект (“Максат” жоопкерчилиги чектелген коому) жок деп эсептелет.
Мындан тышкары, реструктуралаштыруунун шарттары (кайра эсептөөдөн кийин карыздын калдыгын кайтаруунун мөөнөттөрү, милдеттенмелерди аткарууну камсыздоонун ыкмалары (күрөөлүк камсыздоо) так аныкталган эмес.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде “Түркиянын экспорттук-импорттук банкынын кредиттик линиясы боюнча автобустарды сатып алууга 1995-1996-жылдары алынган товардык кредиттер боюнча Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын карызын эсептен чыгаруу каралган.
Бул кредиттик линия боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жалпы суммасы 285 960,31 миң сом болгон 10 автотранспорт ишканасынын карызы көзөмөлдөнө тургандыгын маалымат катары белгилеп кетебиз.
Мында, Бишкек шаарында 2011-жылдын 1-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казыналыктын катчылыгы тарабынан берилген Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Карызды кечүү жөнүндө макулдашууга (2012-жылдын 23-апрелиндеги № 45 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган) ылайык Түркиянын экспорттук-импорттук банкынан эсептен чыгарылууга тийиш болгон сумма 49,2 млн АКШ долларын түзөрүн белгилеп кетүү зарыл.
Бирок, бул карыз кредиттик каражаттардын акыркы алуучуларына эмес, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата эсептен чыгарылгандыгына көңүл буруу зарыл. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кредитордук карызды эсептен чыгарганга чейин Түркиянын экспорттук-импорттук банкына болгон карызды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен өз убагында жоюп келген.
Кредиттик каражаттарды акыркы алуучулардын карызды төлөөдөн түшкөн каражаттары республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө түшө тургандыгын эске алсак, Түркиянын экспорттук-импорттук банкынын кредиттик линиясы боюнча карызды эсептен чыгарып жоюу, республикалык бюджеттин тартыштык шарттарында республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө терс таасирин тийгизет.
Ушуга байланыштуу, тышкы кредиторлорго болгон мамлекеттик карызды төлөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чет өлкө валютасында жүргүзүп жаткан шарттарда, жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу 436 864,99 миң сом суммасында, анын ичинде суммасы – 150 904,68 миң сом болгон Германия Федеративдүү Республикасынын жана Дүйнөлүк банктын (МАР) кредити боюнча карызды чет өлкө валютасында кайра эсептөөнүн эсебинен жана 285 960,31 миң сом суммасындагы Түркия Республикасынын кредити боюнча карызды эсептен чыгарып жоюунун эсебинен түшүүсү мүмкүн болгон кирешелердин болбой калуусуна алып келе тургандыктан, жогоруда аталган Мыйзам долбоорунда аныкталган шарттарда карыздарды реструктуралаштырууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Ошондой эле, мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча милдеттенмелерди эсептен чыгарууну караштырган мыйзам чыгаруу ченемдерин белгилөө аларды системалуу түрдө колдонуу ыктымалдыгынан улам жалпысынан жагымсыз мүнөзгө ээ, себеби аталган карызды эсептен чыгаруу карыздардын жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн эсептен чыгарып жоюу боюнча мыйзам чыгаруу демилгеси үчүн прецедент түзөт.
Ошону менен бирге, автотранспорт ишканаларына мамлекеттик кошумча колдоо көрсөтүү максатында кредиттик каражаттардын төлөө мөөнөттөрүн узартуу, пайыздык чендерди кайрадан карап чыгуу жана мурда кошуп эсептелген пайыздарды жана айыптарды эсептен чыгаруу жолу менен реструктуралаштыруу мүмкүндүгүн кароону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү максатка ылайыктуу деп эсептейт.