Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры № 710
«Азиздердин жана көрүүсү начарлаган же басма маалыматты кабыл алууга жөндөмдүүлүгү башкача чектелген адамдардын жарыяланган чыгармаларды пайдалануусун жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимине Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «Азиздердин жана көрүүсү начарлаган же басма маалыматты кабыл алууга жөндөмдүүлүгү башкача чектелген адамдардын жарыяланган чыгармаларды пайдалануусун жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимине Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары – Марракеш келишими);
- Марракеш келишимине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Марракеш келишиминин жоболорун ишке ашыруу үчүн жооптуу аткаруучу мамлекеттик органдар болуп аныкталсын.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
Азиздердин жана көрүүсү начарлаган же басма маалыматты кабыл алууга жөндөмдүүлүгү башкача чектелген адамдардын жарыяланган чыгармаларды пайдалануусун жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимине Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене
Азиздердин жана көрүүсү начарлаган же басма маалыматты кабыл алууга жөндөмдүүлүгү башкача чектелген адамдардын жарыяланган чыгармаларды пайдалануусун жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимине Кыргыз Республикасы кошулсун.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Азиздердин жана көрүүсү начарлаган же басма маалыматты кабыл алууга жөндөмдүүлүгү башкача чектелген адамдардын жарыяланган чыгармаларды пайдалануусун жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимине Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны Депозитарий болуп саналган Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Башкы директоруна депонирлесин.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2016-жылдын 29-декабры № 710 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Азиздердин жана көрүүсү начарлаган же басма маалыматты кабыл алууга жөндөмдүүлүгү башкача чектелген адамдардын жарыяланган чыгармаларды пайдалануусун жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимин (мындан ары - Марракеш келишими) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Марракеш келишими Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Жыл сайын дүйнөдөгү жарыяланган миллиондогон китептердин 1,7 %ы гана 285 млн азиз жана көрүүсү начарлаган же басма маалыматты кабыл алууга жөндөмдүүлүгү башкача чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болууда, алардын ичинен 90 %ы кирешелери төмөн деңгээлдеги өнүгүп жаткан өлкөлөрдө жашайт. Бул «глобалдуу китеп жетишсиздиги» деп аталуучу көйгөйдү чечүү үчүн 2013-жылдын 27-июнунда Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмуна (ДИМУ) мүчө мамлекеттер Азиздердин жана көрүүсү начарлаган же басма маалыматты кабыл алууга жөндөмдүүлүгү башкача чектелген адамдардын жарыяланган чыгармаларды пайдалануусун жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимин кабыл алышкан.
Адам укуктарынын жалпы декларациясында жана БУУнун Майыптардын укугу жөнүндө конвенциясында (БУУнун МУК) формулировкаланган адам укуктарын коргоонун принциптери камтылган Марракеш келишими – бул адам укугуна так багытталган автордук укук жаатындагы биринчи келишим. Ал автордук укук системалары басма маалыматты кабыл алууга жөндөмдүүлүгү чектелген адамдардын китептерге жана башка басма чыгармаларга жетүүсүн кеңейтүү проблемасын чечүү үчүн маанилүү элемент болуп саналаарын күбөлөндүрөт.
Марракеш келишиминин колдонушунун жана аны колдонуу чөйрөсүн түшүнүү үчүн негизгиси болуп андагы камтылган аныктамалар саналат. Аларда Марракеш келишиминде каралган чектөөлөрдү жана жеңилдиктерди ким колдоно ала тургандыгы («бенефициарлар»), эмне жеткиликтүү боло тургандыгы («чыгармалар») жана мындай чыгармалар кандай форматтарга адаптациялана («жеткиликтүү форматтар») тургандыгы так түшүндүрүлөт.
Марракеш келишиминде басма маалыматты кабыл алууга жөндөмдүүлүгү чектелген адамдардын альтернативдүү форматта материалдарга жетүүсүн камсыздоодо өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдардын маанилүү ролу таанылат. Ушуга байланыштуу Марракеш келишими бул уюмдарга «бенефициарларга» жардам берүү үчүн башка учурларда автордук укук жөнүндө улуттук мыйзамда тыюу салынган белгилүү бир иш-аракеттерди жасоого уруксат берет. Марракеш келишиминде «ыйгарым укуктуу органдар» чыгармаларды пайдаланууга тиешелүү белгилүү бир шарттарды сактоолору керек экендиги айтылган, мисалы, жеткиликтүү форматтагы нускаларды Марракеш келишимине ылайык «бенефициар» деген аныктама берилген адамдар гана алышы керек экендигин көзөмөлдөөсү керек.
Марракеш келишиминин негизги максаты бүткүл дүйнөдө басма маалыматты кабыл алууга жөндөмдүүлүгү чектелген адамдардын китептер, журналдар жана башка басма материалдар менен камсыз болушун кеңейтүү болуп саналат.
Марракеш келишимин ишке ашыруу республикалык бюджеттен финансылык чыгымдарды талап кылбайт, ошондой эле социалдык-экономикалык терс кесепеттерге алып келбейт.