Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-сентябры № 497
Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Өзгөчө корголууучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясынан «Запастагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө
Жерлерди сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында, Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Кара-Буура районунун мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 117 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагында жайгашкан «Кара-Буура» мамлекеттик жаратылыш паркынын 1442га жери (башка жерлер) «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынынталас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте «Кара-Буура» мамлекеттик жаратылыш паркынын жаңы чек араларын баяндап жазсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 233 «Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин.долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана «Кара-Буура» мамлекеттик жаратылыш паркын жаңы чек аралары белгиленген тартипте бекитилген күндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комлекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |