ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-нварындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865»Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу«токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция12.01.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 12-нвары № 17

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 “Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 “Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежелерде:

- 5.1.25-пунктундагы “Мыйзамда аныкталган” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында аныкталган” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

- 7.2.1-пунктунун 1-пунктчасындагы “Мыйзамда белгиленет (Мыйзамдын 85, 86, 87-беренелеринде жана 91-беренесинин 6-пунктунда)” деген сөздөр жана цифралар “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында белгиленген” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

- 8.1.2, 8.1.9, 8.9.3, 8.9.5, 8.9.7, 9.4.9, 10.16.7-пункттарындагы, 10.23.1-пунктунун 6-пунктчасындагы, 13.1-бөлүмүнүн 2-пунктчасындагы жана 13.7.4-пунктунун 1-пунктчасындагы “Мыйзамда” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

- 10.3.1-пунктунун 18-пунктчасындагы “Мыйзамда (ушул Эрежелердин 8-главасында)” деген сөздөр жана цифралар “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында” деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;

- 10.4.3-пунктундагы “атайын администраторду шайлоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан” деген сөздөр “аны атайын администратор деп дайындагандан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 10.4.4-пунктундагы “cougieg” деген сөз “courier” деген сөз менен алмаштырылсын;

- 10.8.4-пунктундагы “банктарга жана башка финансылык-кредиттик мекемелерге” деген сөздөр “депозиттерди тартпаган финансылык- кредиттик уюмдарга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 10.9.5-пунктундагы “Мыйзамда жана ушул Эрежеде” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 10.13.1-пунктунун 1-пунктчасы “аныктыгын” деген сөздөн кийин “жана мыйзамдуулугун” деген сөздөр менен толукталсын;

- 10.16.2-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 10.27.5-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Аукцион электрондук аянтчалар аркылуу электрондук форматта ишке ашырылышы мүмкүн.”;

10.27.6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Эгерде тооруктар электрондук форматта өткөрүлсө, атайын администратор электрондук соода аянтчаларын пайдаланууга милдеттүү, алардын операторлору тооруктарды электрондук форматта өткөрүү үчүн жоопкерчилик тартышат.”;

10.27.7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Эгерде тооруктар электрондук форматта өткөрүлсө, анда бардык катышуучулар электрондук соода аянтчасы аркылуу маалымат алууга укуктуу.”;

10.27.10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Тооруктарды электрондук форматта өткөрүү жөнүндө билдирүү электрондук соода аянтчасынын операторун көрсөтүү менен тооруктарды өткөргөнгө чейин кеминде 14 күн мурда маалымдалат.”;

12.1.6-пункту “бир нече анык” деген сөздөрдөн кийин “жана мыйзамдуу” деген сөздөр менен толукталсын;

12.1.10-пункту “аныктыгын” деген сөздөн кийин “жана мыйзамдуулугун” деген сөздөр менен толукталсын;

13.7.1-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банк жана башка финансылык-кредиттик уюмдар – карыз тарапка карата)” деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков