Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-январы № 18
“Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
“Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
“Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 191-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:
“11-статья. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу максатында жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жаатында жүргүзүлүүчү мамлекеттик саясаттын укуктук негиздерин белгилейт.”;
3) 3-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3-статья. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулат.”;
4) 5-статьясынын 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 10-статьясынын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 11-статьясында:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөр жугуштуу оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу жаралган учурда жарандарга жүргүзүлөт.”;
б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 12-статьясында:
а) 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтү, тартиби, каттоо жана ага карата талаптар, ошондой эле медициналык документтердин формалары жана профилактикалык эмдөөлөрдүн сертификаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”;
8) 17-статьясынын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти