Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-декабры № 718
“Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
1-берене
“Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” гезити, 2000-жылдын 13-октябры, № 82) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 4-бөлүгүндөгү “мекемелери” деген сөз “саламаттык сактоо уюмдары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-статьянын 5-бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
“Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан жана пландуу медициналык жардам алуу максатында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына кайрылышкан чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылбаган адамдарга изилдөө жана дарылоо акы төлөө негизинде же Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.”;
3) 5-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө:
- мамлекеттик тилдеги тексттин үчүнчү абзацындагы “продукциялар менен тамак-аш азыктарынын” деген сөздөр “продукциялардын” деген сөз менен алмаштырылсын.
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- оорунун терминалдык стадиясындагы бейтаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте наркотик жана ооруну басуучу препараттар менен камсыздоо”.
б) 2-бөлүгүндө:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- ооруканадан сырткары, стационардык, реабилитациялык жана паллиативдик жардам көрсөтүүчү мекемелерди түзөт;”.
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жылына бир жолу дарылоочу же консультациялык жардам алуу үчүн онкологиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарына жеңилдик менен барып келишин камсыздайт;”;
бешинчи абзацындагы “майып” деген сөз “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 6-статьяда:
а) аталышындагы “мекемелер” деген сөз “саламаттык сактоо уюмдары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 2-бөлүгүндөгү “саламаттык сактоонун дарылоо - алдын алуу мекемелеринде” деген сөздөр “саламаттык сактоо уюмдарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Менчиктин мамлекеттик формасындагы саламаттык сактоо уюмдары зилдеме жаңы шишиктерден жабыркашкан адамдарга медициналык жардамды өздөрүнүн уставдык документтерине ылайык көрсөтүшөт. Жеке менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдары жана жекече практикада иштешкен онколог врачтар зилдеме жаңы шишиктерден жабыркашкан адамдарга медициналык жардамды Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүүчү системасы жөнүндө мыйзамга ылайык берилүүчү лицензиясы бар болсо көрсөтүшөт».
5) 7-статьяда:
а) 1-бөлүгүндөгү “врач-онколог” деген сөздөр “врач” деген сөз менен алмаштырылсын, “квалификациясын” деген сөздөн мурда “врач-онколог” деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүндөгү “врач-онкологдун жана” деген сөздөр алып салынсын, “Саламаттык сактоо министрлиги” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6) 8-статьяда:
а) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Амбулатордук жардам саламаттык сактоонун онкологиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген жана башка уюмдарында көрсөтүлөт.”;
в) 6-бөлүгүндөгү “жалпы дарылоо тармагынын мекемелеринин шарттарында” деген сөздөр “саламаттык сактоо уюмдары,” деген сөздөр менен алмаштырылсын.».
7) 9-статьянын 1-бөлүгүндө:
а) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ - онколог врачты жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмун эркин тандап алууга;”;
б) сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
в) тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“медициналык-социалдык уюмдарда болууга;”;
г) онунчу абзацындагы “башкы онкологиялык мекемеге” деген сөздөр “саламаттык сактоонун онкологиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген уюмдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“10-статья. Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардамдын субъектилери:
Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардамдын субъектилери төмөнкүлөр:
- саламаттык сактоонун онкологиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген уюмдары;
- менчигинин формасына карабастан онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары;
- жекече иштеген онколог врачтар;
- медициналык-социалдык уюмдар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген уставга ылайык Кыргыз Республикасынын элинин онкологиялык, шишикке айлануучу ооруларга чалдыгуусун, өлүмгө учуроосун жана майып болуусун азайтууга багытталган саламаттык сактоо программаларын ишке ашыруу, ошондой эле республикада онкология, радиология боюнча илимий изилдөөлөрдү координациялоо боюнча жооптуу уюм болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борбору саналат.”;
9) 11-статьяда:
а) статьянын аталышындагы “онкологиялык мекемелердин” деген сөздөр “онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы “Онкологиялык мекемелер” деген сөздөр “онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы “менчиктин бардык түрүндөгү дарылоо - алдын алуу мекемелеринен” деген сөздөр “менчигинин формасына карабастан саламаттык сактоо уюмдарынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 2-бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы “Онкологиялык мекемелер” деген сөздөр “Онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацтагы “жалпы дарылоо тармагынын мекемелерине” деген сөздөр “саламаттык сактоо уюмдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 3-бөлүгүндөгү “жалпы дарылоо тармагынын мекемелери” деген сөздөр “саламаттык сактоо уюмдары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 13-статьяда:
а) 1-бөлүгү “бюджеттердин” деген сөздөн кийин “милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын” деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “- Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык элге көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын;».
11) 14-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 15-статьясындагы “Менчиктин бардык түрүндөгү жана ведомстволук таандуулуктагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын” деген сөздөр “Менчигинин формасына карабастан саламаттык сактоо ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айдын ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти