Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы N 6 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-октябрындагы № 708 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Агенттик) ишинин укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктайт.
2. Агенттик Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан бюджеттик кредиттерди берүү боюнча операцияларды жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүнүшү болуп саналат.
3. Агенттик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Агенттик юридикалык жак болуп саналат. Уюштуруу-укуктук формасы - ыкчам башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Агенттиктин өз алдынча балансы, өзгөчөлөнгөн мүлкү, банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана кыргыз, орус жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибуттары бар.
5. Агенттиктин толук расмий аталышы:
- кыргыз тилинде: “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик”;
- орус тилинде: “Государственное агентство по управлению бюджетными кредитами при Министерстве финансов Кыргызской Республики”;
- англис тилинде «State agency for management of budget loans under the Ministry of finance of the Kyrgyz Republic».
2. Агенттиктин максаттары жана милдеттери
6. Агенттиктин ишинин максаты бюджеттик кредиттерди натыйжалуу башкаруу болуп саналат.
7. Агенттиктин милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык республикалык бюджеттен берилген бюджеттик кредиттерди башкаруу;
- бюджеттик кредит берүүнүн жол-жоболорун жакшыртуу жана өнүктүрүү;
- зайымчылар менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдерден келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын ишке ашырууну камсыз кылуу.
3. Агенттиктин функциялары
8. Жүктөлгөн маселелерди чечүү үчүн Агенттик төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- бюджеттик кредиттерди берүүнүн, пайдалануунун, тейлөөнүн жана төлөөнүн шарттарын көрсөтүү менен республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттерди берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине киргизүү;
- республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттерди берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык кредиттик келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан кредиттик келишимдерди жана алар менен байланышкан башка келишимдерди, макулдашууларды түзүү;
- берилген бюджеттик кредиттердин жана республикалык бюджеттен берилген бюджеттик кредиттер боюнча зайымчылардын карыздарын төлөөнүн эсебине берилген (өндүрүлгөн) мүлктүн реестрин жүргүзүү;
- зайымчы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдердин шарттарына ылайык бюджеттик кредиттерди өз убагында кайтарууну камсыз кылуу боюнча чараларды өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- кредиттик жана күрөө келишимдеринде жана макулдашууларда каралган финансылык санкцияларды, бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды мөөнөтүнөн мурда өндүрүү жана өндүрүп алууну күрөө предметине соттон тышкаркы тартипте айлантуу жол-жоболорун колдонуу;
- бюджеттик кредиттер боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү боюнча операцияларды жүргүзүү;
- республикалык бюджеттен берилген бюджеттик кредиттер боюнча карызды которуу жол-жоболорун ишке ашыруу;
- карызды тышкы башкаруу жана конвертациялоо жол-жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуу;
- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен берилген бюджеттик кредиттер боюнча кредитордун бузулган укуктарын соттук коргоо боюнча чараларды камсыз кылуу;
- зайымчылар же үчүнчү жактар тарабынан бюджеттик кредиттер боюнча соттук актылардын өз ыктыяры менен аткарылышына багытталган чараларды ишке ашыруу;
- карызды мажбурлап өндүрүү жол-жоболорун ишке ашырууну демилгелөө, катышуу жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте зайымчыларды жоюу жана банкроттук (кудуретсиздик) процесстерине катышуу;
- табигый кырсыктардан жабыркаган Кыргыз Республикасынын калкына белгиленген тартипте кайтарымсыз жардам көрсөтүүнү ишке ашыруу жана узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды берүү, ошондой эле берилген узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды кайтарууну камсыз кылуу;
2) жөнгө салуу функциялары:
- бюджеттик кредиттер боюнча зайымчылардын банктык эсептерин жана кассалык операцияларын тейлөө үчүн финансылык институтту аныктоо;
- тиешелүү жылга республикалык бюджеттен бюджеттик кредит берилүүгө тийиш болгон субъекттерди тандоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте карыз алуучунун республиканын чегинен тышкары чыгуу укугун чектөө боюнча чараларды көрүү;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- бюджеттик кредиттердин максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын, төлөнүшүн жана тейленишин контролдоо жана мониторинг жүргүзүү, аларды максатсыз пайдалануу тобокелдигин минималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- күрөөгө алынган мүлктүн абалын үзгүлтүксүз текшерүү, күрөөнү жоготуу, бузуу тобокелдиктерин же рыноктук конъюнктурасынын өзгөрүүсү, суроо-талаптын жана баалардын төмөндөшү менен байланышкан башка тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- зайымчылардын экономикалык жана финансылык ишине мониторинг жүргүзүү;
- республикалык бюджеттен берилген бюджеттик кредиттер боюнча зайымчынын милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн күрөөнүн курамын аныктоо, өзгөртүү, жаңылоо боюнча операцияларды жүргүзүү;
- зайымчыларга кредиттик жана күрөө келишимдериндеги өздөрүнө алган милдеттенмелерди аткаруу боюнча кабарламаларды, билдирүүлөрдү, доо-талаптарды жиберүү;
4) колдоо функциялары:
- бюджеттик кредиттерди берүү жөнүндө өтүнмөлөрдү кароо жана алардын бюджеттик кредит берүүнүн принциптерине, критерийлерине жана шарттарына ылайык келүүсүнө карата корутундуларды берүү;
- бюджеттик кредиттерди берүү жолу менен каржылануучу социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- бюджеттик кредит алууга талапкер юридикалык жактардын финансылык ишине талдоо жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана сот органдарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттик кредиттер чөйрөсүндөгү кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу.
5) кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттерди берүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын чечимдеринин долбоорлору боюнча корутундуларды берүү;
- зайымчылардын экономикалык жана финансылык ишине мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча аларга консультация берүү;
- бюджеттик кредиттерди жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кредитор болуп саналган, каржылоонун бюджеттен тышкаркы башка булактардын эсебинен берилген кредиттерди тейлөө боюнча чараларды мыйзамдарда аныкталган тартипте камсыз кылуу;
- бюджеттик кредиттер жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кредитор болуп саналган, каржылоонун бюджеттен тышкаркы башка булактарынын эсебинен берилген кредиттер боюнча зайымчылардын карыздарынын абалы жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-октябрындагы № 708 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Агенттиктин ыйгарым укуктары
9. Функцияларын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз компетенциясынын чегинде бюджеттик кредиттер боюнча милдеттенмелерди жоюу боюнча чараларды көрүүгө;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Агенттикке коюлган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- зайымчылардын бюджеттик кредиттер боюнча милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн келишимдерди түзүүгө;
- бюджеттик кредит берүү процессинде эксперттерди жана консультанттарды, анын ичинен чет өлкөлүк эксперттерди жана консультанттарды акы төлөнүүчү негизде пайдаланууга;
- зайымчылардан, соттук аткаруучулардан жана банкроттук процессинде администраторлордон зайымчынын кредиттик милдеттенмелери боюнча карызын жоюу эсебине күрөөгө коюлган жана башка мүлктү, аны кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ээликтен ажыратуу укугу менен кабыл алууга;
- бюджеттик кредиттерди төлөө эсебине кабыл алынган (өндүрүп алынган) мүлктү сатуу боюнча торуктарды жана аукциондорду белгиленген тартипте өткөрүүгө;
- банкроттук (кудуретсиздик) чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте зайымчыны банкрот деп таануу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга;
- бюджеттик кредиттер боюнча соттук актыларды өз ыктыяры менен аткаруу жөнүндө макулдашууларды түзүүнүн тартибин жана шарттарын аныктоого;
- Агенттиктин иши менен байланышкан маселелер боюнча адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн курстарга жиберүүгө;
- Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн маалыматтык системаларды жана маалыматтар базаларын иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча кеңешмелерди жана семинарларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын чакыруусу боюнча коллегиялардын ишине катышууга;
- белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алууга жана ижарага алууга, юридикалык жана жеке жактар менен башка жарандык-укуктук мамилелерде болууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга.
5. Агенттиктин ишин уюштуруу
10. Агенттикти Кыргыз Республикасынын Финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
11. Директордун орун басарлары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министри тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
12. Агенттиктин директору:
- Агенттиктин ишин уюштурат жана Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Агенттиктин директорунун орун басарларын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрине сунуштарды киргизет;
- Агенттиктин ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кароосуна берет;
- Агенттиктин коллегиясында каралгандан жана жактырылгандан кийин Агенттик жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, Агенттиктин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын өзгөртүү жөнүндө, Агенттиктин аймактык органдарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Финансы министринин кароосуна берет;
- белгиленген тартипте Агенттиктин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары, эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен мамилелерде Агенттиктин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт;
- Агенттиктин атынан ишеним катсыз бүтүмдөрдү түзөт;
- Агенттиктин коллегиясы жөнүндө жобону, Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Агенттиктин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бекитет;
- Агенттиктин ички укуктук актыларын, анын ичинде жоболорду, нускамаларды, методикалык сунуштамаларды жана башка актыларды бекитет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Агенттиктин мүлкүн жана акча каражаттарын башкарат;
- Агенттиктин кызматкерлеринин жана анын аймактык органдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Агенттиктин аймактык органдарынын жетекчилеринин өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Жобону жана Агенттиктин аймактык органы жөнүндө жобону бузуу менен чыгарылган актыларын жокко чыгарууга укуктуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
13. Агенттикте 7 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү болуп Агенттиктин директору, Агенттиктин директорунун орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин тейлеген орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, ошондой эле Агенттиктин тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери саналат. Коллегиянын төрагасы болуп кызматы боюнча Агенттиктин директору, ал жокто - ал ыйгарым укук берген директордун орун басары саналат. Агенттиктин коллегиясынын курамы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилет.
14. Агенттиктин коллегиясы:
- Агенттиктин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жана аймактык органдарынын жетекчилеринин отчеттук мезгил үчүн отчетторун угат жана кабыл алат;
- Агенттиктин ишин текшерүүнүн жыйынтыктарын карайт;
- Агенттик жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, Агенттиктин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын өзгөртүү жөнүндө, Агенттиктин аймактык органдарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды карайт;
- Агенттик үчүн өзгөчө маанилүү болгон башка маселелерди карайт.
15. Агенттиктин түзүмү борбордук аппараттан жана аймактык органдардан турат. Аймактык органдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен жоболордун негизинде Агенттиктин атынан өз ишин жүргүзүшөт.
16. Агенттиктин мүлкүн негизги жана жүгүртүлүүчү фонддор түзөт, алар Агенттиктин балансында чагылдырылат.
17. Агенттикти күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Корутунду жоболор
18. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчет берет.
19. Агенттик статистикалык отчетту жүргүзөт жана өз ишинин жыйынтыктарынын бухгалтердик эсебин Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишке ашырат.
20. Агенттиктин жылдык отчетун Кыргыз Республикасынын Финансы министри бекитет.
21. Агенттик өз ишин ачык-айкындуулук жана отчеттуулук принциптери боюнча жүргүзөт. Бул принциптерди ишке ашыруу үчүн Агенттик өзүнүн расмий веб-сайтында төмөнкү маалыматтарды жайгаштырат:
- Агенттиктин ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды;
- кредиттик макулдашууларды;
- Агенттиктин отчетторун;
- Агенттиктин иши жөнүндө башка маалыматтарды.
22. Агенттиктин ишине Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарына ылайык аудитордук текшерүү жүргүзүүгө лицензиясы бар көз карандысыз аудитордук уюм (тышкы аудитор) тарабынан жыл сайын аудит жүргүзүлүп турат.
23. Агенттиктин иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.