Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-явары № 6
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын өркүндөтүү, ошондой эле Бюджеттик кредиттерди башкаруу бөлүгүндө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшү жөнүндө жобону бюджеттик укук чөйрөсүндөгү мыйзамдарга шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 251 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |