Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-январы № 23
«Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн Инвестициялык фонддун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагындагы Кыргыз Республикасынын жана Чолпон-Ата мэриясынын жана «Чолпон-Ата Сууканалы» муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- «Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн Инвестициялык фонддун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагындагы Кыргыз Республикасынын жана Чолпон-Ата мэриясынын жана «Чолпон-Ата Сууканалы» муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууга жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн Инвестициялык фонддун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагындагы Кыргыз Республикасынын жана Чолпон-Ата мэриясынын жана «Чолпон-Ата Сууканалы» муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
1-берене
Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн Инвестициялык фонддун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагындагы Кыргыз Республикасынын жана Чолпон-Ата мэриясынын жана «Чолпон-Ата Сууканалы» муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-январы № 23 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2016-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн Инвестициялык фонддун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагындагы Кыргыз Республикасынын жана Чолпон-Ата мэриясынын жана «Чолпон-Ата Сууканалы» муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-июнундагы № 255-б буйругу менен жактырылган.
«Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы, Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынын эсебинен Европа бирлиги тарабынан берилет.
Долбоордун наркы 6,2 млн еврону түзөт, анын ичинен:
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу - 1,0 млн евро (кредит);
- Европа инвестициялык банкынын каржылоосу - 1,0 млн евро (кредит);
- Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынын эсебинен Европа бирлигинин каржылоосу - 3,1 млн евро (грант);
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу - 1,1 млн евро (грант).
Бул долбоорлордун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кош каржылоо талап кылынбайт, ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен финансылык чыгымдар каралган эмес.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити 15 жылдык мөөнөткө берилүүдө, анын ичинде 3 жылдык жеңилдетилген мезгил, пайыздык ставка Euribor + 1,0 % (өзгөрүлмө ставканы эсепке алуу менен).
Европа инвестициялык банкынын кредити 25 жылдык мөөнөткө берилүүдө, анын ичинде 4 жылдык жеңилдетилген мезгил менен:
доллар менен белгиленген ставка боюнча - Еврибор + 2,95 %;
доллар менен өзгөрүлмө ставка боюнча - Еврибор + ЕИБ маржасы (Европа инвестициялык банкынын бүгүнкү күндөгү маржасы 0,7 % түзөт);
евро менен белгиленген ставка боюнча - Еврибор + 1,49 %;
евро менен өзгөрүлмө ставка боюнча - Еврибор + ЕИБ маржасы (Европа инвестициялык банкынын бүгүнкү күндөгү маржасы 0,5 % түзөт).
Макулдашуулардын максаты Чолпон-Ата шаарында суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоого жана кеңейтүүгө төмөнкүлөр аркылуу жардам берүү болуп эсептелет:
а) капиталдык инвестицияларды каржылоо;
б) ушул инвестицияларды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
в) корпоративдүү өнүктүрүү программасын даярдоо жана ишке ашыруу боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү, социалдык колдоо жана кызыкдар тараптардын катышуусу.
Жогоруда аталган макулдашуулар суу менен жабдуу жана канализация системаларын андан ары өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу маселелерди чечүүнү караштырат жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын суу секторун өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет
Жогоруда аталган макулдашууларды ратификациялоо социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.