Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-январы № 24
«Бишкек шаарында 2016-жылдын 10-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо II фаза» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Суу фондунун каражаттарынан Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын жана «Ошшаарсууканалы» муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- «Бишкек шаарында 2016-жылдын 10-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо II фаза» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Суу фондунун каражаттарынан Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын жана «Ошшаарсууканалы» муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 10-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо II фаза» долбоору боюнча кредиттик макулдашууга жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Суу фондунун каражаттарынан Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын жана «Ошшаарсууканалы» муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору жана Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
1-берене
Бишкек шаарында 2016-жылдын 10-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо II фаза» долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Суу фондунун каражаттарынан Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын жана «Ошшаарсууканалы» муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2016-жылдын 17-январы № 24 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2016-жылдын 10-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо II фаза» долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Суу фондунун каражаттарынан Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын жана «Ошшаарсууканалы» муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-июнундагы № 256-б буйругу менен жактырылган.
«Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо II фаза» долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы, Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынын эсебинен Европа бирлиги тарабынан берилет.
Долбоордун наркы 10, 765 млн еврону түзөт, анын ичинен:
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу - 2,5 млн евро (кредит);
- Европа инвестициялык банкынын каржылоосу - 2,250 млн евро (кредит);
- Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынын эсебинен Европа бирлигинин каржылоосу - 4,750 млн евро (грант);
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу - 1,015 млн евро (грант);
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Суу фондунун каржылоосу - 0,250 млн евро (грант).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кош каржылоо каралган эмес.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредит берүү боюнча финансылык шарттары: кредит 15 жылдык мөөнөткө берилүүдө, анын ичинде 3 жылдык жеңилдетилген мезгил, пайыздык ставка Euribor + 1,0 % (өзгөрүлмө ставканы эсепке алуу менен).
Европа инвестициялык банкынын кредит берүү боюнча финансылык шарттары: кредит 25 жылдык мөөнөткө берилүүдө, анын ичинде 4 жылдык жеңилдетилген мезгил менен:
доллар менен белгиленген ставка боюнча - Еврибор + 2,95 %;
доллар менен өзгөрүлмө ставка боюнча - Еврибор + ЕИБ маржасы (Европа инвестициялык банкынын бүгүнкү күндөгү маржасы 0,7 % түзөт);
евро менен белгиленген ставка боюнча - Еврибор + 1,49 %;
евро менен өзгөрүлмө ставка боюнча - Еврибор + ЕИБ маржасы (Европа инвестициялык банкынын бүгүнкү күндөгү маржасы 0,5 % түзөт).
Долбоорлордун максаты Ош шаарында суу менен жабдуу жана канализация системаларын жакшыртууга төмөнкүлөр аркылуу жардам берүү болуп эсептелет:
а) капиталдык инвестицияларды каржылоо;
б) ушул инвестицияларды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
в) корпоративдүү өнүктүрүү программасын даярдоо жана ишке ашыруу боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү, кызыкдар тараптардын катышуусу жана шаарга колдоо көрсөтүү.
Жогоруда аталган макулдашуулар суу менен жабдуу жана канализация системаларын андан ары өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу маселелерди чечүүнү караштырат жана Ош шаарынын суу секторун өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.
Макулдашууну ратификациялоо социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо каралган эмес.