Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры № 709
"Москва шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Москва шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Москва шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
1-берене.
Москва шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Евразиялык экономикалык комиссиясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 709 токтому менен жактырылган |
Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимге негизделип, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү ниетин ырастап, дары каражаттары социалдык маанилүү продукция экендигин таанып, ЕАЭБдин алкагында дары каражаттарынын жалпы рыногун түзүү максатында Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) түзүшкөн.
Макулдашуунун негизги максаты коопсуз, натыйжалуу жана сапаттуу дары каражаттарына жетүүнү камсыз кылуу жолу менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин калкынын ден соолугун чыңдоо болуп саналат.
Ушул Макулдашуу ЕАЭБдин алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптерин жана эрежелерин белгилейт.
Макулдашууга ылайык мүчө мамлекеттер дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө координацияланган саясатты төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүшөт:
- дары каражаттары чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүү;
- дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуунун бирдиктүү эрежелерин жана талаптарын кабыл алуу;
- мүчө мамлекеттердин аймактарында дары каражаттарынын коопсуздугуна, натыйжалуулугуна жана сапатына милдеттүү талаптардын бирдейлигин жана алардын сакталышын камсыз кылуу;
- дары каражаттарынын сапатын камсыз кылуу системасын түзүүгө бирдиктүү мамилени камсыз кылуу;
- дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө контролдоо (көзөмөлдө) жаатындагы мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү.
Москва шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагыңда дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протокол (мындан дары - Протокол) менен Армения Республикасы 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга кошулууда.
Протокол ЕАЭБдин алкагында түзүлгөн эл аралык келишим болуп саналат жана анын күчүнө кирүүсү үчүн ратификацияланууга тийиш.
Протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүндөгү 2-пунктун көңүлгө алуу менен Протоколду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жактыруу стадиясында аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери менен макулдашуу талап кылынган эмес.
Ушул Протокол Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 555-б буйругу менен жактырылгын жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри тарабынан Москва шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул Протоколдон келип чыгуучу милдеттерди аткарууга жооптуу орган болуп саналат.
Ушул Протоколду ратификациялоо республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт, ошондой эле кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерди алып келбейт.