Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-декабры № 713
"Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган 2001-жылдын 28-сентябрындагы Опурталдуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо жагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган 2001-жылдын 28-сентябрындаы Опурталдуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо жагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган 2001-жылдын 28-сентябрындагы Опурталдуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо жагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |
Долбоор
1-берене.
Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган 2001-жылдын 28-сентябрындагы Опурталдуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо жагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын резиденти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 713 токтому менен жактырылган |
Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган 2001-жылдын 28-сентябрындагы Опурталдуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо жагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол (мындан ары - Протокол) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Протокол кол коюлганга чейин кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өткөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 484-б буйругу менен жактырылган.
Өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттер аралык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жөнүндө жобого Кеңештин уюштуруучулук ишин өркүндөтүү жана өнөр жай коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты координациялоодогу ролун жогорулатуу үчүн өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү бул Протоколдун негизги максаты болуп эсептелет.
Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду ага кол койгон Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы билдирүүнү депозитарий алган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин 2-беренесине ылайык күчүнө кирет.
Бул Протоколду ратификациялоонун зарылдыгы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тажрыйбаларды, өнөр жай коопсуздугун камсыздоо жаатындагы илимий, технологиялык, мыйзамдык акыркы иштеп чыгууларды алмашууга карата Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара умтулуусу менен түшүндүрүлөт.
Протоколду ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт, ошондой эле социалдык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.